Намаз окуп жатсам, аркамдан 13-14 жаштардагы кыз «байкелеп»… (болгон окуя)

Мен пенсияга чыккандан бери калаадагы көптөгөн объектилерде күзөт кызматында эмгектенип келе жатам. Албетте, пенсиям үй-бүлөмдү багууга жетишсиз болгондуктан, айла жок ушундай иште иштөөгө туура келет экен. Ушул иштеп жаткан мезгил аралыгында канчалаган гана объектилерди алмаштырдым. Бардыгы ойдогудай тынч эле өтчү. Бир сутка иштеп, эки сутка эс алып күнүмдүк жашоом билинбей өтүп жаткан, анан эле…

Кырдаалга байланыштуу өзүмдүн дайыма иштеп жат­кан объектимден башка объектиге которушту. Арийне, ал объект башкаларга салыштырмалуу бир топ эле тынч экен. Чоң алты кабат болуп салынып келаткан үй курулушу токтоп калган объект экен, айлана-чөйрөсү дубалдар менен курчалган. Көчө жагында темирден ширетилип жасалган кичинекей эшиги бар.

“Мёрт­вая тишина» дегендей, ал жак­та менден башка эч ким жок. Жакшы салынып келаткан көп кабаттуу үй көп жылдан бери алга жылбай токтоп турат. Алдында ушунчалык чоң жер төлөсү бар. Короонун дубалдары да ушунчалык бийик болгон­дуктан, дегеле бир дагы жан мунун ичине баш бага албайт. Темир эшиктен гана киришет. Ал эшик күндүзү ачык турат, кеч киргенде ичинен катуу бекитип салам, болду эч ким бул жакка баш бага албайт. Ичинде кайтара турган деле эч нерсе

жок. Ээн, эмне себептен бизди кайтартып койгонун билбейм. Балким, үй-жайсыз көчөдө жүргөн адамдар бул жакты мекендеп алышабы же ичин көрүнгөндөр кирип булгап ташташпасын деп ошолордон сактанышса керек да.

Менин тынч деп айтып аткан себебим дагы ошол. Күндүзү бирин-серин эле кишилер кокусунан адашып келип бир нерсе сурап калышат, болбосо өзүң менен өзүңсүң. Текшерүүчүлөр дагы күндүзү бир эле маал текшерип кетишет. Алар кеткенден кийин өзүңдү ээн-эркин сезип жүрө бересиң. Уурулар уурдап кетишет деген эч кандай ой да жок, анткени башында айтпадымбы, ичинде уурдай турган деле эч нерсе жок.

Өзүм беш маал намаз окуйм, ошону менен катар түнкү ибадаттарды кылып, түнкү намаздарды да калтырбайм. Мурун башка объектилерде иштеп жүргөндө намаз окуганга кеп тоскоолдуктар бар болчу. Өзгөчө объектинин ичине кирип чыккан кишилер көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып, кыжаалат кылчу. Анысына карабай эптеп убакыт таап окуй берчүмүн.

Ал эми бул жакта болсо на­маз окуганга жүз пайызга жеңилдиктер бар. Шашпай даарат алып, короонун эшигин ичи­нен бекитип алып, шашпастан кырааты менен окуй берем.

Короонун ичинде жалгыз жүрүп жалгыздыкка дагы көнүп алдым. Мени менен иштешкен берки эки өнөктөштөрүм убакытты кантип өткөрүшөт бил­бейм, мен болсо намаз окуп, зикир чалып куран жаттоо ме­нен алектенем. Ошону менен бир суткалык убакыт өтүп кетет.

Бир жолу кызык окуя болду. Кеч киргенде даарат алып, куптан намазын окуганга кириштим. Айланага эбакта караңгы кирген болчу. Короонун темир эшигин ичинен бекитип алып жайнамазымды жайып коюп намаз окуганга кириштим. Ошол маалда артымдан бир кыздын үнү угулуп, намаз окуп жатканыма карабай, “Ээй бай­ке, бери карап коюңузчу, байке дейм” деп эле артымдагы жыгач эшикти тарсылдатып мага оңтойсуздук жаратып атты. Куптандын фарз намазын окуп бүткөндөн кийин артыма кайрылдым. Жашы он үч-он төрттөгү кыз экен.

—Байке, мен каяктан чыгып кетем, чыгарып коюңузчу?

Мен ага намазыма тоскоолдук кылганы үчүн ачуум келе одураңдап жооп берип салдым.

—Каяктан кирсең ошол жактан чыгып кет!

Анан ага көңүл бөлбөй намазымды улантып окуй бердим. Намазымды окуп жатып оюма бир нерсе кылт эте түштү. “Чын эле, темир эшик ичинен илинүү болсо бул кай жактан кирип келди?” Намазымды ылдам окуп бүтүп, дароо ордумдан турдум дагы алиги кызды издеп жөнөдүм. Эшикти сыртынан ачып кирип алдыбы десем, темир каалга ичи­нен илинүү боюнча эле экен. Бийик короонун бир жеринде адам өткөн тешикче барбы деп короонун дубалдарынын баарын өтө кылдат текшерип чыктым. Короонун дубалдары ушунчалык бийик болгондуктан, он үч жаштагы кыз тургай чоң кишилер деле кире алышмак эмес. Колума чоң кол фонарикти алыбалып али бүтө элек көп кабаттуу үйдүн ар бир кабатын, атүгүл бөлмөлөрүн бүт текшерип чыктым. Али­ги кыздан дегеле дайын жок. Мени таң калтырганы, алиги кыз кандайча бул жакка кирип, кандайча кайра сыртка чыгып кетти? Же менин көзүмө ушун­дай көрүндүбү? Он үч жашар азия улутундагы кызды дап- даана өз көзүм менен көргөм, атүгүл сүйлөшпөдүмбү. Бул эмне, мага көрүмчү көрүндүбү? Ичинен катуу бекитилген дарбазаны эч ким ача да албайт болчу. Анан бул табышмактуу кыз караңгылыкта кайдан пайда болду дагы, кайра каякка жок болуп кетти? Азыркыга чейин башым жетпей келет. Дубалдарды кайра-кайра кылдат текшерем, баары жайында. Бул окуя тууралуу өнөктөштөрүмө айткан жокмун, аларды чочутуп алышым да мүмкүн. Дегеле мындай окуя башымдан өтүп көргөн эмес. Дегинкиси эле бу дүйнөнүн биз билбеген табыш­мактуу сырлары көп.

Райымбек Сагыналиев, Бишкек шаары

Булак: Шамбала

Добавить комментарий