кабарды кошуу

Америкада окуп келген Жибек: «Китеп окууну хоббиге айландыруу керек»

Жибек Жыргалбек кызы учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинде 2- курсунун студенти. Жаш курагына карабай Америкада бир жыл, Туркияда жарым жыл билим алууга жетишкен. Өзү Жалал-Абад облусунун кичинекей айылынан болсо дагы мектеп курагында эле англис тилин суудай сүйлөп, бир тыйын акча төлөбөй билиминин канатында чет өлкөгө учуп келди. Мындай жигердүү жаштарыбызды көрүп сыймыктанасың, суктанасың. Биз мыкты кызыбыз менен кызыктуу маек куруп, ийгиликтин сырын сурап келдик.

— Жибек алгач сага Америкага жол ачкан мүмкүнчүлүк тууралуу айтып берчи, ага кантип тапшырып калдың?

— Мен тапшырган программа FLEX –Future Leader Exchance Program деп аталат, бул мектеп окуучуларына АКШга бекер окуп, жашап келүүгө мүмкүнчүлүк берген алмашуу программасы. Бизде FLEX тууралуу маалыматыбыз бар болчу, анткени мектепке кулактандыруулар келип, ар жылы окуучулар тапшырышчу.

Мен алгач тогузунчу класста күчүмдү сынап көрдүм, бирок үчүнчү турга чейин өткөнүм менен жолдомону ута алган эмесмин. Анан кийинки жылы тапшырганымда ийгиликке жете алдым.

— Тапшыруу шарттары кандай эле жана эмнеге көңүл буруу керек экен?

— Албетте, биринчи кезекте англис тилин жакшы билүү керек. Анткени бул программага тапшыруу жолу үч этаптан турса, анын экөө тил билүү деңгээлиңди текшерет. Эки тесттен ийгиликтүү өткөн соң, үчүнчү турда эссе, мотивациялык кат жаздык. Мунун максаты окуучунун өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин, лидерлик сапаттарын текшерүү эле. Мисалы, кат жазып жатканда “чоң шаарда өз алдынча жүрө алам, уурулук кылбайм, коркпойм” деген сыяктуу нерселер менен өз алдынчалыгыңды, лидер экениңди далилдешиң керек. Анткени, бул программа лидерлик сапатты өнүктүрүү максатында да жасалып жаткандыктан, катышуучулардын арасынан лидерлик потенциалы бар окуучуларды тандап алышат.

Мындан тышкары окуу процессинде активдүү болуп, ар кандай олимпиада, сынактардан жеңген окуучулардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.

— Демек, сен 10-класста англис тилинде эркин сүйлөп калган экенсиң да?

— Эми жүз пайыз болбосо да өзүмдүн оюмду түшүндүрүп, сүйлөй алчумун. Бирок тил үйрөнүүдө мен сөз жаттап же кымбат курсттарга барган эмесмин. Биздин мектеп гимназия-жатак мектеби болгондуктан, баарыбыз жатаканада жашап окучубуз. Жалпы сабактардан тышкары өзүбүзгө жаккан сабакты тандап тереңдеп окуу мүмкүнчүлүгүбүз да бар эле. Мен физиканы жактырганым менен бир аз шогураак кыз болгонумдан физика мугалими мени жактырчу эмес. Ал эми англис тилден берген агай менен мамилем жакшы болчу, ошон үчүн тил үйрөнүүнү тандап алгам.

— Эң мыкты. Эми Америкага саякатың тууралуу кеп кылсак. Сени чет өлкөгө бир жылга жиберүү ата-энең үчүн оор болгондур?

— Ооба, азыр ойлосом аябай кабатыр болушкан экен. Мен 5-класстан баштап жатак мектепте окуп калдым, үйгө жумада бир жолу дем алыш күндөрү гана барчубуз. Ал жерде көп чечимдерди өзүң кабыл алууга туура келет да, ошого көнүп калган элек. Анан мен көнүмүш адат менен өзүм тапшырып, өткөн соң атама барып, “Ата, мен Америкага бир жылга кетип баратам.” – деп жатпаймбы (күлүп). Бир аз урушуп, таарынып анан макулдугун берген.

— Америка сени кандай тосуп алды? Кандай сезимдер болду?

— Мен ал убакка чейин, чоң шаарларды көргөн эмес экенмин. Бишкекти коюп, Жалал-Абад шаарына да барган эмесмин. Ошон үчүнбү Америкаын глобалдуулугун сезе албадым, ал мага океандын ары жагындагы алыскы, кол жеткис өлкө эмес, кошуна мамлекеттей эле сезилди.

Мен менен кошо Кыргызстандан 55 окуучу болду, ага коңшу мамлекеттерден да көп өспүрүмдөр кошулуп баарыбыз чогуу учтук. Түн ичинде Вашингтонго келип, ал жерден ар бирибизди өзүнүн шаарларына учуруп ийишти. Мен Минисота штатына баргам, учактан түшсөм атымды жазып алып бир эже күтүп туруптур. Жаңы барганымда жарым ай мугалимим менен жашагам, ал мага баардык нерселерди түшүндүрүп, көнүгүүгө жардам берди.

— Жыл бою кайсы жерде жашадың? Жашоо-шартында кандай айырмачылыкты байкадың?

— Чет өлкөдөн келген окуучуларды Host-family- кабыл алуучу үй-бүлөгө бөлүштүрөт. Алар да анкета толтуруп, чет элдик студенттерди кабыл алууга каалоосун билдиришет, анан жашоо шартына, үй-бүлөлүк абалына карап мамлекет уруксат берет. Мен жыл ичинде үч үй-бүлөдө жашап калдым. Кызыгы, биринчи бүлөм америкалыктар болсо, экинчиси еврей улутунан, үчүнчүсү немистер эле. Алгачкы үй-бүлөмдө бир ай чамасында атасы, апасы жана беш жашар баласы менен жашадым, бирок кийин эженин иниси каза болуп калып мени башка үй-бүлөгө которушкан.

Экинчи бүлөм еврей улутундагы адамдар болуп башкаларга салыштырмалуу дисциплиналуу, таза-тыкан эле, балдары да көп китеп окуп, тентектик кылбайт эле. Биринчи үй-бүлөм көчөдөн, кафеден тамак жегенди жакшы көрсө, экинчи барган жеримде үйдүн тамагы менен гана тамактанышчу. Бирок жеке мен үчүн чоң айырмачылык, дискомфорт сезилген эмес, бат эле көнүп кетчүмүн.

Бир гана нерсе, мен өзүмдүн үй-бүлөмдө олуттуу нерсе болбосо суранбай эле — “апа, мен эртен сабактан кийин бул жакка барам” деп маалымат берип коюп кете берем, апам да тоскоол болчу эмес. Америкада да адатымча айтып коюп эле кете берчүмүн да, көрсө ал жактагы апам бул жоругума “мени сыйлабайт” деп капа болуп жүрүптүр. Кийин албетте, түшүндүрүп айтып, маселени чечип алдык.

Үчүнчү немис улутундагы үй-бүлөм менен абдан жакшы мамиледе болуп, азыркы убакка чейин бат-баттан кабар алышып турабыз.

— Ал жактын окуу системасы менен Кыргызстандын системасынын айырмасы кандай экен?

— Американын мектебинде бай мамлекет болгону үчүн имараты, окуу каражаттары, класстары жаңы, кооз экен. Мектебинде окутуу системасы да купулума толду, көңүлүңө жаккан сабактарды тандап алып, тереңдетип окусаң болот экен. Окуучуларды эркин тутат, чектөөлөр жок, туура эмес суроо берсең урушуп, билбейсиң деп уяткарбайт, бул тарабы биздин мектептерден жакшы экен. Бирок мугалимдерден чоң айырмачылык байкаган жокмун. Менин Кыргызстандагы мугалимдерим да чет өлкөдөгүдөй эле мыкты билим берип, сабакты кызыктуу өтүп, бизге чоң стимул берчү. Менин окууга кызыгуумду ойготкон өзүмдүн мугалимдерим эле. Эки тарапты салыштыра келсем, экөө бирдей экендигин айта алам.

— Жибек сен бир жыл бою көптөрдүн кыялы болгон Америкада жашадың, ал жакка көнүп калып кетип баратканда өкүнүч сезилген жокпу?

— Кайгырган бир гана нерсем, мага өз кызындай мамиле кылып, кабыл алган үй-бүлөмдөн кетип баратканым болгон. Кыргызстанга кайтканда мекениме келгениме абдан кубангам.

— Мекенге бүтүрүүчү болуп кайтканда, жогорку окуу жайга тапшыруу керек болду да, убакыт тартыш болгон жокпу?

— Менин Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшыруумдун эки себеби бар, биринчиси окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, экинчиси бекер. Ошондой эле эл аралык университет болгону да чоң роль ойноду. Бирок азыр ойлосом, Манаста алгачкы жылы түрк тилин үйрөнүү үчүн кетирген убакытымды, башка окуу жайда орус тилин үйрөнүүгө кетирсем деле туура болот беле деп коем. Анткени Кыргызстанда жумушка кирүү үчүн орус тилин сөзсүз билүү керек экен. Мен орус тилин түшүнүп, орусчадан англисчеге макалаларды которо билгеним менен эркин сүйлөп же макала жаза албайм, бул албетте өкүндүрөт. Бирок болуп жаткан нерсенин баары жакшылыкка дегендей, Манас мага көп жакшы нерсе берди. Былтыр “Мевлана” алмашуу программасы менен Туркияга жарым жыл бекер окуп, иштеп да келдим. Биздин түрк тилин жакшы билгенибиз үчүн Туркияга бекер окуп тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк.

— Маегибиздин аягында жаш сиңдилериңе, инилериңе кандай кеңеш берет элең?

— Чет өлкөгө чыгуу үчүн тил абдан маанилүү демекчимин, азыртадан кайсы өлкөгө баргысы келсе ошол мамлекеттин тилин үйрөнүүсү абзел. Мисалы, Кытайга барууну кааласа кытай тилине көңүл буруусу керек. Экинчи кезекте математиканы мыкты окуулары керек, кайсы өлкөнүн окуу жайы болбосун кабыл алуу экзаменинде математика негизги тесттин курамында болот. Жана дагы бир эң маанилүү нерсе бул китеп окуу. Китеп окууну хоббиге айландыруу керек деп айтат элем. Мен өзүм китеп окуганды жаман көрчүмүн, бирок ийгиликтин башка жолу жок экен, көңүлгө жакпаса да өзүбүздү зордоп китеп окууга көндүрүүбүз керек.

— Жибек кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат, ишиңе ийгилик каалайбыз!

Маектешкен Бегимай Талантбекова, http://kabar.kg

Добавить комментарий

Перейти к верхней панели