Канададагы ресторанда жардыруу болду

Канаданын Онтарио провинциясындагы ресторанда 24-майдын кечинде болгон жардыруудан он беш киши жарадар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады. Торонтодон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Миссиссога шаарындагы ресторандагы жардыруу болжол менен 22.30да болгон.

Эки белгисиз адам ресторанга кирип, колго жасалган жардыргычты иштеткенден кийин качып чыгышканы камераларга түшүп калган. Ооруканага жеткирилген 15 адамдын үчөөнүн абалы оор экени кабарланды. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Райондук полиция шектүүлөргө издөө жарыялаганын “Твиттердеги” баракчасына жазды. Бир ай мурда Торонтодо бир киши жүк ташуучу унаа менен көчөдө бараткан жай тургундарды сүзүп, 10 киши курман болгон.

Добавить комментарий