Аялынын көк бет, текебер мүнөзүнө чыдап жашаган күйөө…

Бир олуя болгон экен. Анын аялы текебер, көк бет экен. Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак берүү үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине:
Бар биздикине барып, «Жеңе жакшы жатып турдунузбу? Устатыбыз сурап жатат деп кабар алып кел» — деп дайындайт экен.
Бир күнү бир окуучу барып, «Жеңе жакшы жатып турдуңузбу? Устаз сурап жатат,»  дептир. Ал аял тескери караган боюнча сүйлөбөй коюптур. Шакирт артына бурулуп кетип калыптыр. Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болоор деп, медресеге келип, «Женем жакшы экен» дегенден башка сөз айтпаптыр. Күндөрдүн биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип, биринчи окуучуга айткан сөзүн кайталайт…
Аялы дагы биринчи окуучуга кылган мамилесин көрсөтүп, «ит келдиби, куш келдиби» дегенчелик кылып карап койбойт… Ошондо баягы окуучу таң калыптыр да, олуя адамдын да аялы ушундай болобу, азыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да,  «Устаз сиз аалым жана олуя болсоңуз. Адамды тоготпогон мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип коё бериң?!»,- дептир. Ошондо олуя: «Эй балам, аялымдын айрым бир амалы Кудайга жагып калыптыр да, мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым Кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир.

«Мен -ал үчүн ЫРАХАТМЫН, ал — мен үчүн АЗАП. Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, Кудай буйруса, бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кантип коё берём?» — дептир…

Добавить комментарий