Анжелика, ырчы: «Күйөөмдү тартып алды деген Айжан кайсы күйөөсүн айтып жатат түшүнбөдүм. Ал өз көйгөйүн чечүү үчүн менин атымды колдонуп жатат”

Соңку кездери интернет айдыңында ырчы Анжеликанын дарегине ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Айрымдары ырчы айымдын аткарып жаткан кайрымдуулук иштерине карата алкыш айтып мактаса, кээ бири баскан-турганын интернеттеги баракчасына салганын туура эмес көргөндөрүн айтышып, а тургай эч кимге талкуулоого негиз жок болгон жеке жашоосуна киришип, түрдүү билдирүүлөрдү калтырышууда. Жеке жашоо демекчи, жолдошун Анжеликага тарттырып жибергенин айткан Айжан аттуу айым кайрадан жолдошуна жана ырчы айымга карата нааразылыгын билдирип, интернет колдонуучуларын дүрбөлөңгө салды. Бул тууралуу Анжелика Gezit.kg сайтына кыскача маек куруп берди.

—  Анжелика, айтсаңыз, азыркы таптагы сиздин дарегиңизге айтылган сын-пикирлер боюнча кандай комментарий бересиз?

— Канчалык эл алдына көп чыккан сайын ошончолук жактырган дагы, жактырбай, буттан чалып аксатууга аракет кылгандар дагы көбөйөт экен. Муну мен эмнеден улам айтып жатам?.. Себеби, өзүңүздөр билгендей “Бактылуу айым” берүүсүн жаптырууга аракет кылгандар болду. Бирок, аталган көрсөтүүгө каршы жазылган арызды КТРКнын байкоочу кеңеши карап чыгып, жабууга эч кандай негиз жок экенин аныкташты. Журналист болбосом да, бул кесиптин оор түйшүгүнө сүңгүп кирип, бир канча айымга бактылуулук тартуулап, айрымдарынын үйлүү болушуна көмөктөшсөк, калгандарына эсте каларлык жагымдуу күн тартуулап, көптөгөн белектерди ыйгардык. Ооба, кеп материалдык эле байлыкта эмес, бирок, биз моралдык жактан дагы зор жардам бердик деп айта алам. Жетишпеген турмушта көр тириликке малынып, өзүнүн сулуулугун, ажарын кароого чамасы келбей калган айымдардын жашоого болгон көз карашын өзгөрттүк, жашоону сүйүүгө үндөдүк. Албетте, жыйынтыгы биз күткөндөй болду. “Боёнтуп, жасантып койсо эле бактылуу болуп калабы?” дегендер дагы болду, учурдан пайдаланып, ушул нерсеге да жооп бере кетейин. Ооба, боенуп, жасангандан адам өзүн бактылуу сезет. Андан ары да өзүн каранып, сулуу болуп жүрүүгө аракет кылат. Жасанып, жарашыктуу кийинген адамдын өзүн сезүүсү жакшырат, мындан улам өзүнө болгон ишеним жогорулайт. Ал эми өзүнө болгон ишеним бул – ийгиликтин тепкичи деп түшүнсөк болот. Адам оюн өзгөртүү менен жашоосун өзгөртөт. Мен буга толугу менен кошулам. Ал эми биздин долбоордун максаты дал ушундай — аялзатына бактылуулук тартуулап, андан ары бийик максаттарга карай жол ачуу!

— Жакында эле бизге берген маегиңизде, “туулган күнүмө кеткен чыгымга бактылуу айымды эс алдырып келем” дедиңиз эле?..

— Ооба, ал сөзүм күчүндө. Ошто концертибиз ийгиликтүү өтүп, жеңүүчүнү тандап алдык. Ошол эле сынакка катышып, өтпөй калган 5-6 айымды дагы ар кандай жеңилдетүүлөр менен командабызга коштук, ошондой эле дагы кошулам дегендерге билетти арзандатуу менен сүйлөшүп бердик. Буйруса, мына ушул бактылуу айымдар жана кыздарым менен Турцияга барабыз. Учурда баарыбыз бала-чакабыз менен бир жумалык эс алууга камданып жаткан кезибиз.

— Жакшы жаңылык экен, жаш балдарды дагы Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине алып барам дедиңиз эле. Аларга качан жетишесиз?

— Бизге Ысык-көлдөгү балдардын лагеринен сунуш түшүп, аз камсыз болгон, жетишпеген жашоодо жашап, керемет көлүбүздү көрмөк тургай балалыктын бактылуу доорун сүрүүнүн ордуна көр тирилик менен алышкан балдарды Ысык-Көлгө алып барып, эс алдырып келели деп атабыз. Бул план июлда аткарылмакчы. Уюштуруу жагы, балдарды үйүнөн алып кетип, кайра алып келүү жоопкерчилигин толук мойнума алганы турам. Буйруса, келечек ээлеринин кыялдарын орундатууга бар күчүмдү жумшайм деп турган чагым. Азыр ар бир кадамың, убактың акча болуп калбадыбы…Мен балдарга бактылуу көз ирмем тартуулоо үчүн сунушка макул болдум.

— Бирок, эмнегедир коомчулукта бул кайрымдуулук иштериңиз эмес, сиздин жеке жашооңуз көбүрөөк талкууга алынууда. Дегеним, жакында эле “Марат Назаровдун жубайы болчумун” деген Айжан аттуу айым жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнө сизди себепкер кылууда?..

— Билбейм, ал айымдын менде кандай өчү бар түшүнбөдүм. Ал мага, “Сен Маратка айт, мени угуп, айтканымды орундатып берсин. Болбосо экөөңдү ойнош кылып жазам” деп жөнөткөн смстерин буга чейин инстаграмдагы баракчама чыгаргам. Чынын айтсам бул теманы талкуулагым келбейт жана ал айым менен кайым айтышканга убактым аз. Эң негизгиси, Жаратканымдын алдында таза болсом болду. Менин угушума караганда ал айым жолдошу менен көп жылдан бери жашабайт. Андан өч алуу үчүн менин атымды колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Айжан жеке жашоосундагы көйгөйлөрүнө мени аралаштырбай чечип алса жакшы болмок.  Баштан өттү, ажырашуу – оор нерсе. Депрессияга кабыласың, кыйналасың. Бирок, жеке жашообуз үчүн башка бирөөнү күнөөлөөгө мүмкүнбү? Албетте, жок! Мен деле ажырашып, канчалык кыйналганым менен жолдошум тараптан жардам болбосо дагы, кыздарымдын атасына жалаң гана ийгилик тилеп, белимди бекем бууп иштеп жатам.

Мен Кудайдан гана корком. Башка эч ким мени сындыра албайт! Кыйынчылыкты, турмуштагы сыноону, депрессияны эмгек менен жеңем! Аманчылык, ден соолук болсо калганы болот.  

Маектешкен: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий