Бегимай Бекбоева менен Дайыр Исмадияров жарашышты

Көп жылдан бери жакын достордон болуп жүргөн ырчы Бегимай Бекбоева менен Дайыр Исмадияров жарашышты. Бул тууралуу, «Биз көп жылдан бери ынак достордон элек. Болбогон эле нерседен улам экөөбүз уруша кетип, сүйлөшпөй калганыбызга 3 жыл болгон. Бул жылдар аралыгында таптакыр байланыш болгон жок.  Бир күнү түндө Кантка үйгө кетиш керек болуп калды. Машина жок. Анан Дайырды эстеп, «Салам» деп жаздым. Ошол менен таарынычыбыз жазылып, сүйлөшүп  кеттик. Анан үйгө жеткирип коюусун сурандым. Досум дароо эле макул болуп, жеткирип койду.

Ошентип орозонун күнүндө бири-бирибизди кечириштик» деген Бегимай жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сураганыбызда буларга токтолду: «Учурда Алтынбек Борошов менен айыл жергесинде гастролдоп жүрөбүз. Буйруса экөөбүз жакшы дуэттерди жаратабыз. Жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыкка жаңы дем менен киришейин деп жатам. Ал эми жеке жашоо боюнча айтсам, буга чейин сөйкө салып кеткен жигитим менен сүйлөшпөй калдык. Экөөбүз урушпадык, жөн гана тил табыша албай тынчтык жолу менен бири-бирибизден кол үздүк. Менимче, турмушка чыгып ажырашкандан көрө, азыр туура кылдым деп ойлойм. Мен сахнаны таштай албайм, ошондуктан мени түшүнүп, колдогон шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жигитке турмушка чыгышым мүмкүн!», деп кошумчалады. 

Бегимайдын мурдагы сүйлөшкөн жигити Эрлан Муратжанов

Кызыгы, Бегимайдын мурдагы гастролдордо чогуу жүргөн (сүйлөшкөн жигити) Эрлан менен учурда гастролдоп  жүргөн сахналаш досу Алтынбек Борошов экөө бири-бирине куюп койгондой окшош экен. 

Учурда чыгармачылык жолун чогуу улантып жаткан ырчылар Бегимай Бекбоева жана Алтынбек Борошов

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий