Бишкекте 6 жаштагы бала 1 жылдан бери реанимацияда жатат

Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүндө 2017-жылдын август айынан бери алты жаштагы Константин Дементьев жатат. Ал жасалма дем алдыруу жабдуусуна туташтырылган.

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Дамир Усмановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, баланын өпкөсү оор дартка чалдыгып, өз алдынча дем ала албайт. Аны күндүз энеси караса, кечинде жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери көзөмөлдөшөт.

Дарыгерлер кайрымдуулук уюмдарынын жардамы менен өпкөнү жасалма иштетүүчү заманбап жабдуу алууга акча чогултушууда. Жалпы суммасы 400 миң сомдук андай аппарат азырынча Кыргызстанда жок.

Добавить комментарий