Тарых музейин оңдоо боюнча тиешелүү кызматкерлер суралууда

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин айрым кызматкерлерин сурап жатат. Бул тууралуу министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимбаев “Азаттыкка” маалымдады.

— Курулушка компания тандоо боюнча мекеме аралык коммиссияга бизден эки кызматкер катышкан. Азыр экөөнү тең Коррупцияга каршы күрөш кызматы сурап, түшүнүк кат алды, — деди ал.

Буга чейин Улуттук тарых музейинин жетекчисинин орун басары Анара Исраилова да музейдин айрым кызматкерлери тийиштүү органдарда реконструкциялоо боюнча суралып жатканын маалымдаган.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) «текшерүү улантылып жатат» деген гана маалымат менен чектелүүдө. 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен кошо Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү иштерин жүргүзө баштаганын билдирген.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 25-майда Улуттук тарых музейин оңдоо маселесин көчмө жыйында талкуулап, ага акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

УКМКнын маалыматына караганда музейди оңдоого мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнгөн.

Добавить комментарий