29 жаштагы келин 3 эм төрөдү

Кара-Балта шаарында 29 жаштагы келин үч эм кыздуу болду. Мындай жагымдуу жаңылыкты келиндин жолдошу Ажибек Жамурбаев SUPER.KG порталына билдирди.

«Буга чейин менин 3 кызым бар болчу. 4-июнь күнү борбордогу төрөтканалардын биринде жубайым 3 эм төрөдү. Наристелердин үчөө тең кыз. Бардыгы 2 килограмм салмакта төрөлгөн. 11-июнда Эне баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Келинчегим кесарево жолу менен төрөгөндүктөн тигилген жери жакшы айыга элек. Мындан улам кечээ, 13-июнь күнү кайрадан төрөтканага жаткырылды. Учурда кыздарымдын дагы ден соолугу канааттандырарлык», — дейт ал.

Каарманыбыз кыздарына ысым коюу үчүн туугандары менен кеңешип жатканын кошумчалады.

www.super.kg

Добавить комментарий