Сапар Исаковду 2 айга камакка алуу боюнча чечим күчүндө калды

13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.

Токтакуновдун айтымында, бул иш мыйзамсыз каралууда.

Белгилей кетсек, 5-июнда райондук сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин 2 айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Мыйзамга ылайык, чечим чыккандан кийин 5 күн аралыгында жогорку инстанцияга кайрылса болот.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. «Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт», — деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып «саясий куугунтук болуп жатат» деп айткан.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

www.super.kg

Добавить комментарий