Кыргызстандык таксист Москвада футбол фанаттары жайгашкан райондо 8 адамды жарадар кылды

Москва шаарында Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалды. Окуя 16-июнда кечинде болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, таксист тротуарга чыгып кетип, адамдарды сүзгөндөн кийин качып кетүүгө аракет кылган. Аны күбөлөр кармап калышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында мексикалык 2 кыз, Россиянын, Азербайжандын жана Украинанын жарандары бар.

Москванын жолдогу кыймылды уюштуруу борбору айдоочу – 28 жаштагы Чынгыз Анарбек уулу Кочкор-Атадан экенин жана айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынан берилгенин маалымдады. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Айдоочу таксомотордук «Чекпоинт» фирмасында эмгектенип, окуя учурунда «Яндекс-такси» брендиндеги унааны башкарып бара жаткан. Анын организминен алкоголдук ичимдик табылган эмес. Учурда тактоо, териштирүү иштери улантылып жатат.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен АКИpress агенттигине кыргызстандык айдоочунун катышуусундагы жол кырсык боюнча тиешелүү иштер аткарылып жатканын маалымдашты.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий