Адис жооп берет

-Калдарбек ага, мен китепти окугандан, компьютерди көп колдонгондуктан көзүм кызарып кетет. Эртең мененкисин күндүн жарыгына көзүмдө жаш агат. Суранам, кененирээк маалымат бериңизчи. 0779 15 66…

-Китеп окугандабы же компьютерде отургандабы ар бир саат сайын дем алып, тыныгуу жасаган жакшы болот. Негизинен көздүн чарчаганда кызарганы көздүн нымдуулугу азайып кургай түшкөндүгүнө байланыштуу болот. Айтайы компьютерге чыгарылган көз айнектер да болот, ошолордон сатып алса болот. мындан сырткары, атайын көзгө анчейин зыяны жок мониторлор да болот. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеш керек. Монитордун алдында отурганда тийиштүү алыстыкта түз отуруу керек. ал эми ушунчалык элк көз кызарып коньюктивит болуп атса офтальмологго кайрылганыңыз жакшы. Дарылардан систейн, систейн ультра, тобрадекс, визин, офтолик, дексометазондордон офтальмологдун кеңешинен кийин колдонсо болот. 

 

-«Простатит» оорусунда сперманын проценти төмөндөп кетеби? Толук маалымат бериңизчи… 0770 07 58…

-Ооба, простатит оорусунда сперматозоиддердин активдүүлүгү төмөндөп кетет. Бир гана активдүүлүгү эмесалардын жумурткаларда жайгашкан Сертоли клеткаларынан иштелип чыкчу спермотогоний, сперматоцид деген өнүгүп өсүү процесстеринен өтүп, активдүүлүгү жогору болгонсперматозоид болуп урук калтасына жетип сакталуу процесстери жана эвакуляция убагында сыртты көздөй сийдик жолдору менен чыгуусу да бузулганга чейин барат. мындан сырткары простата менен сперматозоиддердин ортосундагы байланышты простата иштеп чыгааруучу суюктук «лецитиновые зерна» менен да байланыштырсак болот. Дагы тереңирээк ойлоно түшсөк ушул айткан суюктук сыртка чыга албай канга сиңген учурда да эркектин негизгигормону болгон тестостерон гормонуна таасирин тийгизип, ал организмге зыяны көбүрөөк дегидротестостеронго айлануу менен жумурткада жайгашкан Лейдига клеткасына жана простатанын өзүнө терс таасирин тийгизүү менен шишик ооруларынын башталып кетүүпроцесстерин кыймылга келтирген учурлары да аныкталган. Бул жерде бир гана ушул айтып жаткан органдар эмес жанаша жаткан органдар да сезгенүү процессине кабылуу менен эркектин репродуктивдүүлүк процессине таасирин тийгизет, бул бара-бара тукумсуздукка алып келет. 

 

-Мен боюмда болсо эле ашказаным ооруп, башым айланып, сары зил кусуп, төшөктөн туралбай калам. Ашказаныма «денол» деген дары ичтим, жардам берген жок. Ашказаным ооруганына чыдабай 2 жолу аборт кылдырдым. Алдыргандан кийин ашказаным оорубай калды. Бул эмнеси? Кандай дары ичсем оорубай калат? 0708 00 67…

-Карындашым, кош бойлуу учурда гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Тагыраак айтканда, жатынга организмиңе таптакыр эле бейтааныш болгон жолдошуңуздун ДНК блектору жайгашып жатат. Ал бейтааныш белокторду жатын жыйрылып сыртка чыгарып салбашы үчүн тийиштүү прогестерон гормонун көбүрөөк чыгарып, сиздин курсактагы балаңызды сактаганга аракет кылып жатат. Ушул сактоо процессине бир гана сенин жатыныңыз эмес, сиздин ичеги карындарыңыз  да айласыздан чогуу кабылып жакшы иштей албай калган учурда өзүңүз айтып жаткандай төшөктөн турбай сары зил кусуп, ашказан ооруп медициналык тил менен айтканда «токсикоз» болосуз. Мына ушул токсикозго чыдай алсаңыз гана эне болуу ырахатына жетише аласыз, ушуларга чыдабай 2 жолу алдырып койдум дегениңиз, бул — сиздин алсыздыгыңыз деп түшүнөм. Ансыз эч болбойт. Эне болуу ушундай кыйын, эне болуу — эрдик кылуу десек жаңылышпайбыз. 

 

-35 жаштамын, балалуу болгум келет. Төрөй албай жүрөм. Мага «гипоганадизм яичников» деген диагноз койгон. «ЭКО» жасаттым, кармаган жок. Донор аялдан яйцеклетка алды, күйөөмдөн сперма алып куйду, болгон жок. Бул ооруну дарыласа болобу? Азыркы күндө «линдинет» дарысын ичип жатам. Бишкекке барып сизден дарылансам болобу?

-Ммм… Карындашым, сиздин кылган аракетиңизге таазим кылса болот, азаматсыздар! Бул сиздин энелик мээримиңиздин мол экенин билдирип турат. Мындай учурда аракет кылуунун дагы бир башка барактары бар, ал барак бактылуу болуп, жашоонун башка жолдору жөнүндө. Жолдошуңуз экөөңөр аракет кылып жаткан ата-энелик мээримиңерге муктаж адамды табуу аракетин баштооңор керек. Кудайым аракети бар адамды тим койбойт, ущуга ишенгиле! Эгер мага кайрылып көрүнөм десеңер, албетте, эшик ачык, балалуу болууга башка дагы бир жолдору чыгып калгысы бардыр. 

 

Эскертүү: Макаланы сайттан көчүрүп, жалпыга таратуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн! 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

2 thoughts on “Адис жооп берет

Добавить комментарий