Ирандагы кырсыктан бери дегенде 11 киши каза болду

Ирандын Күрдистан провинциясында чайыр ташыган танкер менен жүргүнчү салган автобус сүзүшүп, кеминде 11 киши каза тапты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы кырсык 10-июлда кечинде Санандаж шаарында болгонун кабарлады. Күрттөрдүн бозгундагы тобу Твиттерге окуя болгон жерден тартылган деп айтылган видеону жайгаштырды. Алар өз булактарына таянып 20-30 киши өлгөнүн жазышты. Расмий маалымат боюнча танкердин тормозу иштебей калып, автовокзал жанындагы автобусту барып сүзгөндө эки унааны тең өрт чалган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий