«Сорос» фонду кыргызстандык таланттарга сынак жарыялады

«Сорос – Кыргызстан» фонду өзүнүн 25 жылдык мааракесине карата «Kyrgyz American» фонду менен бирге классикалык жана фольклордук жаш музыка аткаруучуларга сынак жарыялады.

Аталган фонд билдиргендей, сынакта үч жеңүүчү тандалып, аларга 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле 2019-жылдын жазында АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү «Eurasia Festival» искусство фестивалына катышууга жолдомо да каралган.

«Eurasia Festival Emerginig Artists» – дүйнө жүзүндөгү жаш музыканттардын талантын жана жөндөмүн Американын кадыр-барктуу концерттик залдарында ачууга багытталган программа.

Мындан тышкары «Классикалык музыка» категориясындагы жеңүүчүлөр Нью-Йорктун музыкалык жогорку окуу жайларында угууга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Сынакка 18-26 жаштагы классикалык жана фольклордук музыка аткаруучулар катыша алат. Алар чыгармаларын электрондук түрдө жибериши керек. Онлайн арыздар 2018- жылдын 1-сентябрына чейин фестивалдын расмий сайтында кабыл алынат. Калыстар тобунун курамында дүйнөгө белгилүү таланттар бар.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий