Кыргызстанда жылына миңден ашуун жашы жете элек кыздын боюна бүтөт

Кыргызстанда жыл сайын 13 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 1400гө жакын кызда кош бойлуулук катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бул көрсөткүч эң аз дегенде миңди түзөт. Боюна бүткөн кыздардын 85% төрөйт, калган 15% боюнан алдырат.

Статистикалык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) үй-бүлөнү пландоого арналган иликтөөсүндө аныкталган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий