Казакстанда музыкалык мектептин окуучуларынын жарышына кыргызстандыктар катышты

Астанада өткөн «Burabay summer fest» I Эл аралык жаш таланттардын фестивалына Кыргызстандан барган 31 окуучу катышып, байгелүү орундар менен кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Фестивалда Орусиядан, Кыргызстандан, Азербайжандан, Казакстандан, Түркиядан, Кытайдан барган жаш таланттар өз өнөрүн тартуулашкан.

Министрлик билдиргендей көптөгөн атаандаштар арасынан Кыргызстандын музыкалык окуу жайларынан барган окуучулар гала-концертте алдыңкы байгелерге ээ болгон.

“Аспаптык аткаруучулук” номинациясында скрипка боюнча баш байгени М.Абдраев атындагы балдардын атайын музыкалык мектеп-интернатынын окуучусу Камила Идирисова алган.

Калган өнөрпоз окуучулар, бий топтору, ансамблдер андан кийинки байгелүү орундарга, кызыктыруучу дипломдорго ээ болгон. Сынак ар кайсы өлкөлөрдөн келген 400 окуучунун арасында жүрдү.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий