Ырчы Илгиз Абдалиев үйлөнөт

Ырчы Илгиз Абдалиев сүйүктүүсүн тапты. Толкунданганын жашыра албаган Илгиз болочок жубайы тууралуу Gezit.kg сайтына айтып берди.

«Жүрөгүмдү багындырган бийкеч Аксынын кулуну болот. Экөөбүз 3 жыл мурда интернет аркылуу  таанышканбыз. Алгач чоц.тармак аркылуу байланышып жүрүп, кийин жолугушууга чакырдым. Анан бир көргөндө эле жактыргам. Келбети мүнөзүнө шайкеш келген менин оюмдагыдай кызды буйруса өмүрлүк жар кылып алуу ниетинде турам. Каада-салт менен кыздын үйүнө барып, ата-энесинин макулдугун алдык. Заманбап той борборубуздагы тойканалардын биринде болмокчу. Буйруса, тойго кызуу даярдык көрүп жатабыз» — деген Илгиз чыгармачылын дагы улантаарын баса белгиледи. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий