Куткарылган жаш футболчулар дүйнө чемпионатынын финалына бара алышпайт

Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) үңкүрдө калып 20 чакты күндөн кийин куткарылган таиланддык жаш футболчуларды дүйнө чемпионатынын финалын көрүү үчүн Орусияга чакырды. Бирок дарыгерлер алсырап турган балдар үчүн мындай узак саякатка чыгуу али эрте деп эсептешет.

Тхам Луанг үңкүрүндөгү 12 баланын акыркылары жана машыктыруучусу 10-июлда аман-эсен куткарылды. 23-июнда үңкүргө кирген бойдон чыкпай калган футболчуларды кууш, кыйма-чийме, суу толгон жолдор аркылуу алып чыгуу ишине бүт дүйнө көз салып турду. Балдардын куткарылышы жергиликтүү жана чет элдик суучулдар катышкан эң оор операция болуп калды.

Бул драма дүйнө биринчилигине катышып жаткан спортчуларды да кайдыгер калтырган жок. Шейшембиде Франция менен Белгиянын жарым финалдык таймашын уткандандан кийин франциялык белгилүү оюнчу Поль Погба бул жеңишти ошол эр жүрөк балдарга арнаганын «Твиттерге» жазды.

Англиялык «Манчестер Юнайтед» клубу болсо команданы жана анын машыктыруучусун өз мелдештеринин бирин көрүп кетүүгө чакырды.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий