Күндүн ысыктыгы 5 күн катары менен 40 градустан жогору болсо, анда жумуш убактысы кыскартылат

Эгерде күндүн ысыктыгы 5 күн катары менен 40 градустан жогору болсо, анда жумуш убактысы кыскартылат. Бул тууралуу SUPER.KG’ге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева кабарлады. Анын айтымында, азырынча жумуш убактысын кыскартууга негиз жок.

«Кыргызгидрометтин берип жаткан маалыматына караганда, күндүн ысыктыгы акыркы 4-5 күн аралыгында бир күн гана 40 градуска жетти. Башка күндөрү 37…38 градуска чейин болуп жатат. 5 күн катары менен 40 градустан ашпаса, анда жумуш убактысы да кыскартылбайт», — деди Кадыралиева.

Кыргызгидрометтин берген маалыматына караганда, 7-июлдан 9-июлга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 35 градустан 40 градуска жетсе, бүгүн, 10-июлда да ошондой эле көрсөткүчтөгү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн башка облустарында жана тоолуу аймактарында жылуулук 35 градуска чейин көтөрүлөт.

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий