Албек Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыкты

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” баш калаанын басма сөз кызматынын өкүлдөрү кабарлашты.

Ал 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда болору, бирок өргүүсүн кайсы жакта өткөрүп жатканы тууралуу маалымат жеке жашоосуна байланыштуу болгондуктан берилбей турганы айтылды.

Ушу тапта Интернеттеги социалдык түйүндөрдө “Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кетти” деген маалымат тарап жатат.

«ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан.

Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий