Сокулукта зордукталган өспүрүмдүн абалы коркунучта эмес

Сокулук районунда зордуктоого кабылган он жаштагы кыздын абалы мурдагыдан оңолуп калды. Бул тууралуу Сокулук райондук ооруканасынын башкы дарыгери Совет Сооронбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм ушул тапта энеси менен ооруканада. Нес абалында келген бейтап менен психиологдор иштеп жатышат:

— Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Педиатр, психиолог аны менен иштешти. Аны кайра травма кылбаш үчүн эч кимди киргизбей жатабыз. Биз тараптан бардык медициналык жардам көрсөтүлдү,-деди Сооронбаев.

Маалыматтарга караганда, окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Кыздын жакындары базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн секелек дааратканага барганда зордуктоого кабылганын айтышкан.

Бул боюнча Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 130-беренеси («Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен кылмыш иши козгоду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция кылмыштын бетин ачыш үчүн ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат. Шектүү кармала элек.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий