Японияда табигый кырсыктын курмандыктары 200 кишиге жетти

Япон өкмөтү табигый кырсыктын курмандыктары кеминде 200 кишиге жеткенин тактады. Өкмөт башчы Синдзо Абэ дагы көптөгөн адам табылбай жатканын билдирди.

Он миңдеген куткаруучулар урандыларды, ылай-баткакты казып, тирүү калгандарды издөөнү улантууда. Өткөн аптада нөшөрдөн улам суу ташкындап, жер көчкү жүргөн. Көбүнесе Хиросима префектурасы жабыркаган. Жолдор бузулгандыктан аймакка тамак-аш, гуманитардык жардам жеткирүү алигиче кыйын болуп жатат.

Бир жарым миллион кишиге үйлөрүнөн кетүүгө буйрук берилсе, бийлик үч миллион адамды коопсуз жайга бара турууга чакырган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий