Сания Шакированын өлүмү: Полковниктин уулу үй камагына чыгып, маркумдун апасы президентке кайрылды (видео)

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жол кырсыктын кесепетинен көз жумган дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева президент Сооронбай Жээнбековго жана коомчулукка кайрылып, жол кырсык боюнча айыпталып жаткан адамдын иши боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам сурады.

Н.Мамбеталиеванын айтымында, жакында эле Ысык-Көл облустук сотунда Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча иш каралган отурум болгон. Анын жыйынтыгында айыпталып жаткан айдоочу камактан бошотулган.

Буга байланыштуу Сания Шакированын апасы президентке видео кайрылуу жолдогон. Анда ал унаанын айдоочусу мас абалда болгондугун жана ал катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан жол кырсык болгондугун айткан.

Ошондой эле, ал шектелип жаткан адамды райондук сот 2 айга камакк аалганына карабай эркиндикке коё берилгенин билдирген. Ал эми облустук сот даттануудан кийин аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

«Мен соттун чечими менен макул эмесмин. Айыпталып жаткан айдоочу эркиндикке чыгып кетти. Мас абалда унаа башкарып, жол кырсыкка себептер болуу бул кылмыш эмеспи?», — дейт ал.

Ал эми Ысык-Көл облустук соттун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, айыпталып жаткан унаанын айдоочусу оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Маалыматка караганда, 27-июнда облустук сотто санкция боюнча чечим кабыл алынган. Анын жыйынтыгында, айдоочу К.Ч. баардык тергөө иштери аягына чыкканга чейин үй камагына чыгарылган. Мындай чечим К.Ч.нын ден соолугунун абалына тактап айтканда, жол кырсык учурунда акырегинен жана башка жерлеринен жараат алгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, 

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. Анын кесепетинен бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалып,  көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталган.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий