Кыргызстанда прокуратуранын 49 кызматкери жоопко тартылды

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме ушул аптада 2018-жылдын биринчи жарымындагы иштин жыйынтыгын талкуулаган коллегия өткөрдү. Анда прокурорлук иште олуттуу мүчүлүштүк жана ката кетирген деп табылган жетекчилерге, кызматкерлерге ар кандай тартип жазасы берилди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 7-августтагы буйругу менен жалпысынан 49 кызматкер жоопко тартылды. Алардын он экиси кызматынан төмөндөтүлдү. Тогузуна эскертүү, дагы тогузуна катуу сөгүш жарыяланды. Прокуратуранын сегиз кызматкери сөгүш, он бири эскертүү алды.

Башкы прокуратура тараткан маалыматта тартип жазасын алган кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматтары ачык жазылган эмес. Ошондой эле алар эмнеден ката кетиргени да так айтылган жок.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий