Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кетти

Бостеридеги «Алтын кум» пансионатынын аймагында кечээ, 8-августта Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине жабырлануучу Айдана Зулумова өзү билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан достору жана туугандары менен бирге барган. Сууга түшүп жатканда катерге байланган парашюттагы трос менен сүйрөлүп, 200-300 метр тереңдикте калган.

«Катердин айдоочусу кулакка таккыч (наушник) менен жүргөнүн жана эч нерсе укпаганын айтты. Бирок ошол учурда баары кыйкырып жаткан. Менин жанымда эжем жана досум бар болчу», — деди жабырлануучу.

Ал курсак тарабынан жаракат алып, Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Ысык-Көл РИИБден мындай факт катталганын билдиришти.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий