УКМК коррупцияга каршы күрөш эсебине 140 миллион сомдой акча которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, 7-августта коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине 9,54 миллион сом которулду.

Ушуну менен эсеп ачылгандан бери ага УКМК которгон акча 139,454 млн. сомду түздү.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий