Мындан ары Нарындагы мектептердин айланасында спирт ичимдиги сатылбайт

Нарын облусундагы бардык мектептердин жанында жайгашкан дүкөндөрдө алкаголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу тапшырмалары берилип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева маалымдады. Анын айтымында, мектептен 30-50 метр аралыкта жайгашкан дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктер сатылбашы керек. «1-сентябрга карата райондордогу, шаардагы орто мектептердин жанына жакын жайгашкан дүкөндөргө ичимдик сатпоого тапшырмалар берилди. Бул маселелер жер-жерлерде каралууда. Нарын району боюнча мектептердин жанында 9 дүкөн жайгашкан. Аларга жана башка райондор, шаар ичине дагы тапшырмалар берилип, көзөмөлдөө иштери жүрүүдө. Быйылкы жаңы окуу жылы менен бул маселени чечип алсакпы деп жатабыз», — деди ал.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий