Таласта өрт чыккан жайлоону 200дөй киши кайтарууда

Таластагы Алмалуу коругунда чыккан өрт толук өчүрүлдү. «Кайра тутанып кетпесин» деген кооптонуудан улам, 200дөй адам аймакты кайтарууга алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Талант Касиев билдирди.

Казакстан менен чектеш Манас районуна караштуу Алмалуу коругунда өрт 28-июлда чыгып, 9-августта өчүрүлгөн.

Тилсиз жоого каршы Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрт өчүрүү кызматтарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар болуп, 500 киши тартылды. 7-августта Казакстан тарап да өз аймагындагы өрттү токтотууга 150дөй адам менен тик учак жиберген.

Расмий эсепте кыргыз тараптан миң гектардай жер күйүп кетти. Кырсыктын себеби азырынча тактала элек.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий