Талас-Тараз-Суусамыр жолун кургандар бир айдан бери эмгек акыларын алыша элек

Талас-Тараз-Суусамыр жолун реконструкциялоонун 3-фазасынын алкагында жолго бордюр төшөгөн 20дай киши бир айдан бери эмгек акы ала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» жумушчулардын бригадири Самат Жыргалбай уулу билдирди.

Анын айтымында, 7-июндан бери 300 миң сомго жакын эмгек акы кармалып турат. Аны түрктөргө тиешелүү «Чакыр япы санайи ве тижарет» компаниясы төлөп бермек. Аталган фирма менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Сөз болуп жаткан жолду оңдоонун үчүнчү фазасында айлык берилбей жатканына нааразы болуп, жумушчулар быйыл май айында да иш ташташкан.

Талас-Тараз-Суусамыр автоунаа жолунун үчүнчү фазасы былтыр августта аягына чыкмак. Түрдүү себептерден улам жолду пайдаланууга берүү быйыл июнь айына калтырылган. Бирок жолдун курулушу дагы эле бүтө элек.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий