Бишкектеги жарылуу тартылган тасма интернетке тарады (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин борбордук бөлүгүндө 10-августта болгон жардыруу тартылган видеону Интернетке жүктөштү.

Тасмада кара футболкачан эркек эки адамдын коштоосунда «Lexus 570» машинесинен чыгып, тепкич менен бараткан учурда имараттын жанындагы көчөттөн белгисиз зат жарылган.

Маалымат каражаттары ал адам орусиялык ишкер Александр Гайдуков экенин, ага кол салуу уюштурулганын жазышты. Азырынча кол салуу фактысы болгону расмий бышыктала элек.

Үйдүн жашоочулары күндүзгү саат он бир жарымда имараттын алдында катуу үн чыкканын милицияга билдиришкен. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери окуя болгон жерди курчоого алып, текшерүү жүргүзүштү.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов окуядан эч ким олуттуу жабыркабаганын билдирди. Иштин чоо-жайы толук айтыла элек.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун дарыгери Алмаз Кубатбеков орусиялык ишкер Александр Гайдуков колу менен ийининен жеңил жараат алып кайрылганын, жатып дарылануудан баш тартканын билдирди.

Kaktus.media сайты ошол эле короодо 2016-жылы да аталган ишкерге кол салуу аракети болгонун жазды. Гайдуков «Бишкек Экспо» ишканасынын ээлеринин бири экени айтылууда.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий