Бурулай тирүү болгондо бүгүн туулган күнүн белгилемек…

Кечээ, 10-августта Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын эстелиги орнотулду. Ал бүгүн тирүү болгондо эртең туулган күнүн белгилемек. Ал 1998-жылы 11-августта жарык дүйнөгө келген болчу.

Учурда Бурулайдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин 21-июнда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизанын кортундусун чыгарышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык, Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуу табылган эмес. Сол көкүрөк тушунда биринчи даражадагы күйүк жараты болгон. Денени жандандыруу иш-чараларында жүрөккө 3-4 жолу дефибриллятор жасалган учурда бурчтары тегеректелген тик бурчтуу күйүк тактар пайда болгон.

2018-жылдын 23-июнунда каза болгон кыздын мыйзамдуу өкүлү, маркумдун атасы Т.Кожоналиев менен жабырлануучунун жактоочусу Жазык-процесстик кодексинин 202-беренесинин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык соттук-медициналык экспертизанын кортундусу менен тааныштырылып, алар маркумдун денесинде «Н+Б=Х» жазуу табылган эмес деген эксперттердин кортундусуна макул эместигин айтып, денени эксгумация кылуу менен кайрадан соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө өтүнмө жасашкан болчу. Бирок кийинчерээк Т.Кожоналиев денени эксгумация кылууну токтотуп, өзүндөгү сүрөттөрдүн жардамы менен кайрадан экспертиза дайындоону чечкен. Маркумдун жакындары бул жолку экспертизанын жыйынтыгына да канааттанган жок.

«Мурунку экспертизанын жыйынтыгы кандай чыкса, андан кийин деле ошондой чыкты. Бир гана убактылар башка чыкты. Тактап айтканда, Бурулай ооруканадан каза болду деп чыкты. Ички иштер министрине жолугалы десек, биздин жактоочубуз бошобой калды. Эртеси барсак, министр ордунда жок экен. Министрдин орун басарына эмес, министрдин өзүнө эле жолугалы деп кетип калдык», — деди эжеси.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий