Бишкектеги төрөт үйүндө 20 жаштагы келин көз жумду

Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө 20 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Окуя 7-августта болгонун аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы келин Талас облусунун Манас районунун тургуну болгон. Учурда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми келиндин сөөгү кечээ, 9-августта жерге берилген.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасынан: «5-август күнү Манас районунун 20 жаштагы тургуну көз жаруу үчүн келген. Бизде төрөткөнгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан Бишкек шаарындагы төрөтканалардын бирине өзүбүз жеткирип барганбыз», — деп билдиришти.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий