Айылдашын автобекетте бычактаган киши 20 жылга кесилди

Базар-Коргон районунун автобекетинен 19 жаштагы баланы бычактап салган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы кыргызстандыкты КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп тапты. Эми ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, мүлкү конфискацияланат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында аталган райондогу автобекетте 24 жаштагы жаран 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн. Ошол эле күндөгү интернетке жаш жигитке таанышы кол салып жаткан ирмемдер тарап кеткен.

sputnik.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий