Түптө жергиликтүү тургундун үйүнөн 6 кап нашаа табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын биринде 48 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнөн кочкул жашыл түстөгү, атайын жыты бар зат салынган алты кап табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Тинтүү учурунда алынган зат кара куурай экени, салмагы 72 кг 500 граммды түзөөрү аныкталды. Баңгизаттын ээси кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу») менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Билдирүүдө айтылгандай, операцияны ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн. Тинтүү соттун уруксаты менен жүргүзүлгөн.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий