Сууда сүзүү – мээни сергитип, стресстен арылтат!

“Дельфин” бассейни

Бишкек шаарынын Жаш Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Дельфин” аттуу бассейн бар. 30 жылдан ашык оңдоп-түзөө иштери жасалбаган бул бассейн 2 жылдан бери жаңы кийим менен иш алып барууда. Аталган бассейн жана сууда сүзүүнүн пайдалары жөнүндө “Дельфиндин” чарбалык бөлүмүнүн директорунун орун басары Касымов Руслан менен маектештик.

 

Касымов Руслан: «Сууда сүзүү – мээни сергитип, стресстен арылтат»

— Руслан мырза, “Дельфин” бассейнинде эмгектенгениңизге канча болду?

— Аталган бассейнге 2 жыл мурда инструктор болуп жумушка орношком. Ал эми жарым жылдан бери чарбалык бөлүм боюнча директордун орун басарынын милдетин аткаруудамын.

— Оңдоп-түзөө иштери боюнча айтып берсеңиз?..

— Бассейнде 30 жылдан ашык убакыттан бери ремонт боло элегине байланыштуу өтө кооптуу абалда болгондуктан, 2012-жылы жабылып калган экен. Анан Албек Ибраимов мэр болуп дайындалганда 55 миллион сом бөлүп берип, оңдоп-түзөө иштери башталган. Мүдүрүбүз Кенжебек Жумашевичтин жетекчилиги астында иш-аракеттер жүргүзүлүп, 2016-жылы бассейн толук ишке киргизилип, азыр шаарыбыздын тургундарын сергитүүдө.

— Шарттарына да токтоло кетсеңиз?..

— Учурда чоңдорго жана жаш балдарга деп 2 бассейнибиз, 1 тренажердук залыбыз жана спортчуларды калыбына келтирүүчү парыбыз бар. Сууну жума сайын алмаштырып турабыз. Бул жер спорттук мектеп болгондуктан, атайын спортчуларды да даярдайбыз. Андан сырткары каалоочулардын баары келишсе болот. Алардын арасынан машыктыруучубуз байкап, шыктууларын курама командага алат. Учурда 18-19 жаштагы эки чемпионубуз бар. Ал эми Кыргызстандын чемпиону болгондордун саны көп. Азыр Кудайга шүгүр эки балабыз Европа чемпиондугуна катышууга жолдомо алып келди. Бул деген баардык дүйнөлүк чемпионаттарга катышууга мүмкүнчүлүк алгандыгынан кабар берет. Буйруса Шулико аттуу балабызды дүйнөлүк таймашка катышууга эмгеги сиңген машыктыруучу даярдап жатат. Мындай чоң таймашка буйруса Кыргызстан биринчи жолу катышканы жатат.

— Бассейндин баасы жана пайдалары кандай?

— Баасы өтө эле арзан (күлүп). Тагында саатына 150 сом, пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеңилдетүүлөр каралган. Шарттарыбыз аябай жакшы, келип, өзүңүздөр күбө болуп кетиңиздер (күлүп)! Ал эми пайдасы туурасында айтсам, жаракат алгандан башка, баары сууда сүзсө болот. Ал – ден соолуктун чың жана дене келбеттин жагымдуу болушуна таасири өтө чоң. Андан сырткары сууда сүзүү – мээни сергитип, стресстен арылтат.

Кыргызстандын желегин желбиреткен Владислав Шулико жана Темирлан Каратаевдин ийгиликтери

— Кыргызстнадык спортчу Владислав Шулико 2017-жылы  16 медаль, 2 кубокко ээ болуп,

өлкөбүздө 16 рекорд  койгон.

— Владислав Шулико 5 жашынан тартып Александар Заваринскийдин жетекчилиги астында машыгып келет.

— 2017-жылдын башында Владислав Шулико Германияда өткөн Internationaler Berolina Cup турнирине катышып, Кыргызстанга 3 алтын медаль алып келген. Тагында, 50 100, 200 метрлик аралыкта сүзүүнүн Баттерфляй түрү боюнча ийгиликке жеткен.

— Бир жумадан кийин мамлекеттеги чемпионатта 5 сыйлыкка ээ болгон.

— Түркменистанда өткөн Орто Азия чемпионатында 2 жолу Кыргызстандын гимни жаңырган. Дегенибиз, Владислав 100 метрлик дистанцияда рекорд койгон.

 

  • Якир атындагы мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу Темирлан Каратаев быйыл жайында АКШга барып медаль алып, кийинки ийгиликтерге жол ачып келди.
  • 14 жаштагы Темирлан өмүрүнүн жарымын дал ушул спорттун түрү менен өткөргөн. Сууда сүзүү менен машыгуу Темирландын атасынын кыялы болгон. Анын айтымында, эгер эркек балалуу болсо, сууда сүзүү менен машыктыраарын айткан. Себеби, ал бул спорт — ден соолукка эле пайдалуу болбостон, адамдын эркин күчтөнтүп, жакшы сапаттарды жаратаарына ишенген. “Албетте, сууда сүзүү – спорттун оор түрү. Ага чыдамкайлык, сабыр, физикалык жана психологиялык жактан даярдык талап кылынат. Себеби, эң башкы атаандаш – сен өзүң болуп саналасың. Эгер өзүңдү жеңе алсаң, анда марага биринчилерден болуп сүзүп келесиң” дейт Темирлан.

Ден соолукту чыңап, арыктайм десеңиз, сууда сүзүңүз!

«Спорт – ден соолуктун булагы» деп айтылгандай эле, спорттук машыгуулардын адамдын физикалык жана моралдык абалына тийгизген таасири зор экендиги талашсыз. Жакшы жагы, адам өзүнүн жашоо образына карап, спорттун ылайык келген түрүн тандап алса болот. Кээ бирлер спортзалда машыгууну каалайт, башкаларына жөн эле сейилдөө жагат, ал эми дагы башкалары баскетбол сыяктуу спорттун олуттуу түрлөрү менен машыгууну туура көрүшөт. Эгер сизге бийлеген же сууда сүзгөн жакса, анда машыгуунун бул аэробдук түрлөрү сиз үчүн. Сууда сүзүү — бул дене келбетти жакшыртуучу спорттун түрү. Себеби, сууда сүзүү менен ашыкча салмактан арылууга да мүмкүн.

Бассейнде сүзүү

Бассейнге көлдөн айырмаланып төрт мезгилдин каалаган убагында түшө берсе болот. Эгер сүзгөндү билбесеўиз, бассейнде инструктор жалдап аны үйрөнө аласыз. Ошондой эле бассейнде чөгүп кетүү коркунучу азыраак.

Бассейнде сүзүү — адамдын өзүн сезүүсүнө позитивдъъ таасир этет. Сууда сүзүү менен адам ден соолугун эле жакшыртпастан сырткы келбетине дагы кам көрө алат. Сууда сүзүү чыдамкайлыкты, жумушка болгон жөндөмдү жогорулатып, денени ийилчээк кылат. Спорттун бул түрүнөн жаракат алуу коркунучу да азыраак. Адамдын салмагы сууда он эсе азаят, ал эми сууда узакка калкый билүү — соккудан алыс кылат. Бассейнде мурда спорттун эч бир түрү менен машыкпаган адам дагы сүзсө болот. Ошондой эле, эгер сизге спорттун оор түрү менен машыгууга тыюу салынса, сууда ар бир адамга сүзүүгө уруксат берилет. Өзгөчө муун ооруларынан, ашыкча салмактан жапа чеккендерге жана кош бойлууларга пайдалуу.

Сууда сүзүү — денени баардык жагынан чыңайт. Сүзүү учурунда ичтин, колдордун, белдин, сандардын булчуңдары активдүү машыгышат. Булчуңдардын машыгуусунан сырткары бел, моюн, колдордогу муундар бекемделет.

Сууда сүзүү аэробдук көнүгүүлөргө кирет: үч мүнөттүк сүзүүдө булчуңдар кычкылтекке максималдык өлчөмдө толот. Сууда сүзүү жүрөк кагышын жөнгө салып, кан айланууну жакшыртат. Ошондой эле ашыкча колорийлерди күйгүзүүгө мүмкүн. Негизи эле спорттун аэробдук түрлөрү менен машыгууда организм түшкөн кычкылтекти максималдык түрдө колдонуп, оптималдуу түрдө иштөөгө шарт түзөт.

Бассейнде сүзүүнүн жетишкендиктери:

— Булчуң баллансы (көпчүлүк профессионал-спортчулар машыгууларынын бир бөлүгүн бассейнде өткөрүшөт) турукталат;

— Адамды келбеттүү жана келишимдүү кылат;

— Кан айланууну жакшыртат;

— Булчуң жана муун ооруларын кайра калыбына келтирүүдө пайдасы чоң;

— Салмакты бир калыпта сактап жүрүүгө шарт түзөт;

— Стресстен арылтат.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий