Сагынган көктөм (Электрондук китеп)

Сагынган көктөм

(Бул чыгарма чындыктан алынды. Айрым каармандардын

ысымдары, айрым окуялар чыгарманын көркөмдүгү үчүн өзгөртүлдү)

            Алды менен ак сүйүүмөн баян этейин… Акылымда аздектеген, кыялымда алпештеген Ыйык  Сүйүү менен Улуу Сапар баштайын… Алтынга бергис карааныңды даңаза кылайын… Акактай тунук жан дүйнөңдү, жөнөкөйлүгүңдү даңазалайын… Ак гүлдөй ажарыңа, айдай сулуулугуңа таазим кылайын… Аруулугуңа, асылдыгыңа баш уруп таазим этейин… Азап жазылса бешенеме Улуу сапарымдын сыноосу деп жоруюн… Айыпсыз тиктегениңен, жылаажын-шыңгыр күлкүңөн кубат алып, дем-күч кылып жүрөйүн…

            Атыңды тумар кылып сактайын…

            Арыбасын сапарым, карыбасын сапарым…

 

              «Лайли менен Мажнунду тагдыр акыры ажыратып тынды. Эми Мажнун Лайлинин өңүн эч качан көрбөйт, үнүн эч качан укпайт. Тагдыр алардын бешенесине жазганы ушул болду. Лайлинин ата-энеси, ал гана эмес бүтүндөй урук-тууганы Мажнундун ченем жетпес улуу махабаты менен эсептешкен жок.  Байлыгына кызыгышты. Тээ алысты жердеген Сакиф уруусундагы бир бай адамга зордоп күйөөгө берди. Ошондон бери Мажнунду кайгы-касирет басты. Бүткүл арманы, зар-муңу ырга айланды. Акылынан ажырап, мусапыр болуп тентиди, жолбун ит болуп самсыды. Ээн талаа эрме чөлдө жапайы айбандарча күн батырды, таң атырды. Эми  аны эч нерсе кызыктырбайт. Болгону  Лайлини даңазалап ырдаса эле болду…

            Күндөрдүн биринде, ошол чөлкөмдүк бир адам ат минип өтүп баратып, ээн талаада жүдөгөн бир итти кучагына бекем кысып, мойну башын өпкүлөп, эркелетип, бирде буркурап ыйлап турган Мажнунду тааный салып, аттын башын буруп, жакын бастырып келип: «Эй жинди, эмне болду сага! Ал эмне болгон ит?» — дейт таң калганын жашырбай. Анда Мажнун: «Бул деген Лайлинин ити, билсең! Бул… бул… Лайли…» — деп ый-аралаш булдурайт, итин кайра-кайра эркелетип. Муну угуп таң калып «тарс» жыгылды алиги адам. Деги Лайлиси кандай жан болду экен? Көз тайгылткан сулуубу? Же асмандан түшкөн периштеби? Ушул кызык болду, ушуга жооп тапкысы келди. Акыры ал Лайлини көрүүгө бел байлап, болжолдоп издеп сапарга аттанды. Миң уккандан бир көргөн артык эмеспи. Ошентип…»

            Батманын сөзү ушул жерден «чырт» үзүлдү. Кокустан эле кылчайды да, «жалт» карап ийди мени. Бирок, мен андан көзүм албай тикчие тиктеп отурганымдан ыңгайсыздана түштү да анысын билдирбешке ошол замат тамагын жасап, кара күчкө жөтөлүмүш болуп, андан ары улап кетти. Мына сага кызык! Дагы да табышмактуу көз караш! Анын ошол көз карашынын тээ бир тереңинде не бир чексиз аео, не эркелөө, не кусалыктын бир нерсеси бардай, көзгө башкача көрүнүп кеттиби, билбейм, айтор оюм чакчелекей түштү да калды …

Группада балдар азбыз. Санаса бир алакандын манжаларына жетпейбиз. Демейдегидей эле сабакка даярданбай келип алып, эң арткы катарда башыбызды катып, өлүмүш болуп калабыз. А Батма болсо, алдыңкы катарда туруп алып жооп берип жатат. «Эмнеге ушул төртөөбүздүн ичинен дал ушул мени карап алды экен? Эмнеге Бакбергенди, же тиги Саматты караган жок? Же чын эле мага деген жактыруу сезими барбы? Балким…» Мен ошол карашынын сырын чече албай, убайым жеп отурганым менен иши жок Батма бөбөктүкүндөй таттуу тили менен тээ байыркы мезгилдин 7-кылымында болуп өткөн окуяларды өз көзү менен көрүп келгенсип, элестүү кылып бериле баяндай берди. Анын жылаажындай жагымдуу үнүнө сыйкырландыкпы, же эки жаштын азаптуу тагдырына боорубуз оорудубу, айтор, анда – санда үшкүрүп коюп, былк этпей угуп отурабыз. Мен да  Мажнунду аяп турдум. Байкуштар ай-ээ! Канткени менен эскичилик, феодалдык режим эле да ал кезде. Коргоно турган мыйзам жок, коргой турган сот жок. Азыр болгондочу. Лайлини зордоп алган алиги дөөпөрөстү темир тордун артына камап коюп, табаң канып карап отурсаң кана!  Жанагы өз кызын малча соодалаган Лайлинин ата-энесиби, ой жеткен акмактар экен! Андайларда жүрөк деген, сезим деген, жан дүйнө деген барбы деги эй!

Сырта кыш. Шаар ак карга жамынган. Жаңы жааган карды боюнан силкип сала албай, бак-дарактар мелтейет. Ак калпакты баса кийгенсип, үйлөдүн чатырлары шоңшоюп, тээ нары жакта заңгыраган аскар-тоолордун аппак чокулары асман чапчыйт. Терезеден ошол жакты салмак сала ойлуу тиктеп, аудиториянын суугунан булгаары курткасын улам кымтыланып коюп агайыбыз Абакиров отурат. «Байыркы Чыгыш адабияты» сабагынан дүйнөгө даңазалуу «Лайли менен Мажнунду» узун сабак кылып баяндап берип аткан ушул кыз – Батма деген. Өзү орто бойлуу, өңү ак жуумал, ачык жаркын. Көздөрү узунураак, каректери болсо абдан эле кара. Качан гана узун чачын тысырайтып артка байлап алса, толмоч келген жүзүнө куп келише калат. Дайыма сөзгө сараң, бир сырдуу. Көп да күлбөйт. Кээде көңүлүнө төп келе калган сөз укса, жылмайып койот. Ошондо ууртундагы уюлчалары ого бетер тереңдей түшөт. Карай берип кээде байыркы мезгилде нукура кыргыздын кыздары ушундай болсо керек деп ойлой берем. Группадагы кыздардын ичинен эмнегедир башынан эле жүрөгүмө жакыны ушул. Акыркы күндөрү сүйүп калганымды аңдап жүрөм. Сүйбөй коюуга дараметим жетпеди, мүмкүн эмес эле. Анан калса ушул университетке тапшырып атканда,  комиссия мүчөсүнүн «кайсы факультетке» деген суроосуна тогуз жолдун тоомунда кайда барарын билбей турган жолоочудай азга тайсалдай түшүп, «филология» деп айткан ошол көз ирмемдер өмүрүмдөгү бир бурулуш экенин кийин жакшы түшүндүм. Дал ушул кызды сүйүп калганым – бурулуш эмей эмине!

 Бирок, экөөнүн бирөө сүйбөй турса, азап эле экен! Жок дегенде, жактыруунун бир тамчысы барбы деп, качан болбосун ар бир кыймылына байкоо салып турам.  Ал болсо, кайсы бир жерден ыңгайсыз тамашамды түшүнө бербей шагымды сындыра кагып салганы болбосо, бир туруп кээде таң калычтуу сырдуу карап койгону болбосо, башка убакта көңүл бөлүп да койбойт мага. Жана бир карады башкача. Ошол көз караш оюмду онго, санаамды санга бөлдү да калды. Ооба, эң эле башкача көз караш! Жакшылыкка жорудум. Бакытым мелт-калт болуп, кубанычым койнума батпады. Үмүтүм бүчүр байлап, кыялым шамалдады. Чын эле ошол көз карашында, ошол татынакай көздөрүнүн тереңинде жашынган чексиз сүйүү, чексиз кусалык мага гана тиешелүүдөй сезилип кетти. Башым катты. Ойлоп, ойлоп акылым жетпеди…

«-Эй, бечара! Анын эмнесин сүйдүң эле? Периште деле эмес экен го, хе-хе! — деп, Лайлини көрүп келген ошол киши Мажнунду шылдыңдап өтүп баратты.

-Эй, бери кара! Лайлини өзүңдүн көзүң менен эмес, менин жүрөгүм менен кара, түшүндүңбү!- деп кыйкырып калды Мажнун».  Мажнундун ушул жообун өзгөчө басым менен катуу айтты Батма.

 Алиги Мажнун дегени, араб акыны Ибн Кайстын дал өзү. Ал өз башынан өткөргөн армандуу махабатын даңазалап ырга айланткан. Анан да сүйүүнүн азабына чыдабай тентип кеткен. Ошондо элдер аны  «мажнун» деген лакап атка кондурушуптур. Көрсө, арабча «мажнун» бизче «жинди» дегенди билдирет экен. Ооба, бул болгон чындык, ишенгиле эй! Дал ошол поэма боюнча Лайли менен Мажнундун тагдырын жомоктото баян кылып, биротоло арбап алды бизди Батма. А бирок, менин маанайым кайрадан  чөгүп, кубанычым деле бороон сыйпап кеткендей тып муздады. Сөз бар эле го, «карап койсо, күлдү дебе, күлүп койсо сүйдү дебе», деген. Жөн эле карап койгонун өзүмө алып, мен да апендимин, эй!

 

Деги студенттик күндөр кызык…

Качан гана кеч кирип, көөдөй түн ааламды каптап келгенде, тунук асманда жылдыздар таза жуулган алтын-күмүштү чачып койгонсуп, шыгырап, «жылт-жулт» этип, бүтүндөй карга жамынган токойлор, талаалар, тоолор, түнкү шамдар бүлбүл жанган шаарлар, айылдар ай нуруна магдырап, кудум жомоктогудай кереметке чулганат да калат. Ошондо, асмандан күмүштүн күкүмдөрү жаап салгансып, көгүлтүр кардын бети тегиз сыйкырлана жаркырайт. Ушуларга күбө болуп турган кар оронгон теректер, бак-дарактар жөн калбай түнү бою өз жомогун күбүрөнүп чыгышат. Кышкы түндүн ушул керемети өкүм сүрө бермек, эгер чыгыш тарап агыш-көгүлтүр тартып, түн пардасы сыйрылып, таң жарыла бербегенде. Бара-бара дүйнөнүн караңгылыгы кайдадыр качып-сиңип жок болуп, айланага тегиз жарык түшкөндө мен университетти көздөй бет алам. Алгач таң ызгаардын аязы бетке урганда абдырай түшөм да, Батманы көрөрүмө аз гана убакыт калганын ойлой, өзүмчө күлүмсүрөп алып, шашкан бойдон келем. Жараткан бүгүн да Батманы көрүү шыбагасынан ажыратпаганына шүгүр деп, кубанып, арт жакта отуруп алып көзүм албайм. Карай бергенден тажабайм. Бул бактым күнүгө кайталанат. Демейдегидей эле, беш жылдан бери лекцияны тынымсыз жазып тажаганданбы, лектордун аудиторияга кирип келишин жактырбай, аргасыз дептерлерди шарактатып камданып калабыз. Жазгы келбей турганда, лектордун «баштадыкпы» деген сөзүнө кыжыр келе түшүп, кыздардын алды шыпшына чүйрүйүшүп, тили узундары наалый башташат. Тажабаган эле Батма экен байкасам. Качан көрбөйүн бериле жазып отура берет. Жазып жатканда бул дүйнөнү унутуп салгандай. Жооп берерге келгенде да, Батманын жообу ачык, так, түшүнүктүү, анан да тили таттуу. А беш алары биз үчүн айтпаса деле маалым. Группада дагы бирөөбүз бар лекциядан тажабаган. Ал менмин. Ооба, мага баары  бир — жүз жыл бою отура берсем да. Болгону көрүп жүрсөм эле болду. Лекциянын бүтүп калышын эч каалабайм. Ичимен дагы жаза түшсөк деп тилей берем. Бирок, бул оюмду эч качан сыртка чыгарбайм. Элестет, «дагы жазалычы» деп айтып көрөйүнчү, жыйырма беш кыз отоп кетпейби. А паралар бүтүп, тарап кетип аткандагы убак мен үчүн өтө оор. Адаттагыдай эле, элдин артынан чыгам да, кыздар менен жатакананы көздөй бет алган Батманы уурдана узата карап кала берем. Кээде карааны алыстаганда бутумдун учу менен тура калып карайм. Карааны үзүлгөндө гана үйдү көздөй бет алам…

Декабрь…

Чынын айтсам балалык чагыман бери ушул айды жакшы көрөм. Мен эле эмес, башка адамдар деле күтсө керек зарыгып. Жашоодон чарчап турганда, мына, жаңы жыл да келатат деп, үмүттөнөм, баш көтөрөм, кыялданам, өзүмдү сооротом… Не жаркыраган келечектиби, не жашоодогу өзгөрүштүбү, не шексиз келер бактысынбы, айтор,  дал ушул жаңы жылдан, келер жылдан күткүсү келип, жакшы үмүткө жетеленет экен адам баласы. Ооба, жаңы жылдын касиети жаңыланууда эмеспи. Жыл менен кошо баары жаңырат. Жаңы үмүт, жаңы дем-күч, жаңы бакыт, анан да жаңы сүйүү… Аттиң, ушулар жөнүндө жай олтуруп, ой термегенге да убакыт жетпейт жада калса. Кышкы күндүн кыскалыгы бактылуу күндөрүмдү колдон талашат. Студенттик сонун күндөр, лекция, сессия, ач-курсак, майрам, шерине, жаңы жыл, ак карлар, көгүлтүр кечтер, кышкы түндөр, кыялдар, сүйүүлөр, сагынычтар – ушунун баары, баары бир дөңгөлөктө айланып, кумарлуу жаштык шамалдай сызып өтүп барат, кетип барат…

           

            Бүгүн отузунчу декабрь…

Мына ошентип, жаңы жылга бир күн калды. Университетте студент деген эме быкпырдай кайнайт. Чөкөтаандай кыжы-кужу болуп, жаң-жүң үндөр угулуп, эптеп эле сабакты бүтүрүштүн далбасын урушуп, аркы-терки эле баскан кишилер. Кудум ызылдаган аарылардын уюгун элестетет. Бири акча алган кишисин таппай жүрсө, бири алганга акча таппай жүрөт. Кээси дептерин теше тиктеп, үргүлөп окуп отурушат. Кыязы, биринчи курс го, байкуштар. Мен байкуш да биринчи курста ушинтип окусам керек.

Биз да группабыз менен топтолуп турдук. Жаңы жылдык кечени бүгүн Элзаттыкына уюштурмак элек, каскактай болуп, зачет бүтпөй агайды күтүп туруп калдык. Агай кечиге берди, убакыт болсо өтүбатты. Чыдамыбыз түгөнүп, качалы, качалы болуп дүрбөп барып токтодук. Арабызда «ала карга» бар экен. «Качпайм» деп, Жайнагүл туруп алды. «Анда биз деле качпайбыз» деп эки-үч кыз чыкты. Гүлзаттын жини кашайып кетип, Жайнагүлдү сүзө качырып барып, айкыра баштады.

            -Эй, сенин мээң иштейби!? Кечкиге эчтекесинин дайны жок! Же мага эле керекпи, ыя?

            -Мээм иштеген үчүн турам да! Барбай койсом жеп аласыңбы, турчу нары!

            -Саткын десе!

            Кыздар туш-туштан чарылдай башташты.

            -Эй, эмне ушунуң менен агайга жагынайын дейсиңби?

            -Кара мүртөз экенсиң, ээ!

            -Дайыма ушундайсың!

            Кыздар ызы-чуу түшүп, Жайнагүлдү тытып кете жаздашты.

            -Тынчтангылачы, кыздар! – деп,  ошондо Батма ортого суурулуп чыга келди да, токтоо гана, — Айнура, кечөө агай зачет болорун сага саат канчада айтты эле?

            -Эки жарымда айткан.

            -А кечөө түштөн кийин экинчи подгруппага расписание боюнча зачет жок эле да, туурабы?

            -Туура. Биз Айнура эжейден зачет болуп калып жүрбөсүн деп, кетелек болчубуз, — деп ары жактан Кыял жооп берди.

            -Демек, кийин агайга «экинчи подгруппа укпай калып, келишпептир, ошон үчүн кеткенбиз», деп жооп берип койсок болобу? Кандай дейсиң, Жайнагүл?

            Жайнагүл унчукпай эле калды. Мына! Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот деген ушул да. Тек гана Жайнагүл Гүлзатка карап:

            -Ажылдабай акырын айтсаң түшүнөт элем го, — деп, таарына бултуюп, алдыга басты. Сүйүнгөнүбүздөн баарыбыз дүрбөп жөнөдүк. Кечкинин камылгасын көрүп, баарыбыз туш-тушка чачырадык. Жумуштарды бүтүрүп, үйгө келсем, иним кетибатыптыр. Мен болсо, жуунуп – тазаланып, үтүктөнө баштадым.

            Кар зампарлап жаап турду…

            Бүгүнкү кечени, бүгүнкү кышкы түндү Батма менен өткөрүүнү ойлоп, сүйүнүп жүрдүм. Эмнегедир убакыттын өтүшү, кечтин кириши тозок болду. Сааттын жебеси бир орунда калгандай. Эх, мейличи өтпөсө өтпөсүн, дедим. Убакыт алдамчы. Деги эле биз адам баласы, ушул күн өтсө экен деп, ошол күн келсе экен, дебатып, балалыгыбызды, жаштыгыбызды, бактылуу кездерибизди дал ушул убакытка уурдатып ийет экенбиз. Кийин гана карайлап өкүнүп калмайыбыз бар…

            Ой-санаам тээ алыска зымырайт… «Деги бул жашоодо бизге эмне керек?» — деп, өзүмө суроо берем. Биринчи тынчтык керек да. Жакшы согуштан, жаман тынчтык артык эмеспи. Анан ден соолук. «Оорулуу падышадан дени сак кайырчы бактылуу», — деген экен бир акылман. Ден соолугун алтын – күмүш, асыл байлыктарга ким алмашкан байыртадан. Ден соолуктун бүткөнү, жашооңдун бүткөнү да. Жерибизде тынчтык болсо, жер үстүндө аман жүрсөк, ошондо гана бакыт, сүйүү, байлык жөнүндө ойлонсок болот. Кээде баары эле бактылуу боло алат – эгер ал өз бактысын учурунда туюп билсе гана. Ооба, керек болсо тирүүлүктүн өзү эле – бакыт! Кудай жараткан жомоктогудай табигатыбыздын койнунда эркин басып жүргөнүбүздүн өзү эле  бакыт. Э-эй, карасаң эй, биздин жер бейиштин эле өзү!

            Аппак кышка, аппак дүйнөгө көгүлтүр-күлгүн пардасын тартып, декабрдын дагы бир кечи кирип келди…

Кечебиз абдан көңүлдүү башталды. Дүйүм тамак толгон дасторкон, ортодо күйүп жанган балаты, ыр-бий, обон-күлкү, тамаша, тосттор, каалоолор… Бирок, көңүлүмдү кирдеткен бир нерсе болду. Арабызда Айдарлар менен келген Чубак деген бала отурган. Ак куба келген сулуусымак бул бала чөйрөбүзгө бат эле аралашып кетти. Бир аз кызыганда ачыла сүйлөп, гитараны боздотуп, кыздардын көңүлүн биротоло өзүнө буруп алды. Мен байкуш четте эле калдым. Бара-бара шоктугуна сала Батмага ыктай баштады. Муну баарыбыз эле байкап турдук. Айрыкча, мен жиним кашайып, араң карманып отурдум. А вальс бийлеп жатышканда, чынын айтайын кызганычтан өлүп кете жаздадым. Тигини эшикке чыгарып, «тийишпе ага» деп айтайын дейм, бирок, кандай акым бар эле! Ошентип, чап кенедей жабышты да калды. Тиякка басса тиякка, биякка басса биякка. Акыры Батма тажады окшойт, ачуулана акырын кулагына бирдеме деди да, нары басып кетти. Билбейм эмне деди, уккан жокмун, айтор тиги неме шалдайып эле отуруп калды. Бир маалда жок болуп да кетти. Ошондо гана эс алдым. Группалаш досум Адистин: «Жигити деле кайдан болсун. Мына, үч жылдан бери бир жатаканада турабыз, бир бала менен жүргөнүн көргөн жокмун», — деп айтканына эми ишендим. Батмага ыраазы болдум, бир чети баа бердим. Өзү тээ алыскы Жалалабаддын Казарманынан. А бу Караколдо жада калса туугандары да жок экен. Көп эле кыздарды көрүп жүрөм, шаарга окуганы кетишип, ай-уй деген эч кими болбой, бузулуп кетип атышканын. Несин айтайын, деги мен сүйгөн кыз ушундай ыймандуу болуп калганы мен үчүн зор сыймык! Жанагы жаман короздун кылыктарын эске албаганда, негизинен баары ойдогудай эле өттү – ырдадык, бийледик. А бирок, Батма менен вальс бийлегенге такыр ыңгайы келбей койду. Өзү да  жанагыдан кийин эмнегедир маанайы пас болуп, капалуудай жүрдү. Жанына даап баралбадым. Кыналыша бийлегенибизде балким, сөздөн сөз чыгат беле. Ичим ачышкансып калды. Мейли, кумдан көп күндөр дале алдыда…

 Качан гана жылдыздар суюлуп, таң жарыла бергенде, уйкубуз келип, үй-үйлөргө тарадык. Үйгө келип, көзүм илинип кетиптир. Ойгонуп кетип саатты карасам – он жарым. Ыргып туруп кийиндим да, жуунуп-тазаланып, айылга жөнөдүм…

 

            …Мына! Ошентип, дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, жер бетин шаңга бөлөп, жүрөктөрдү толкундатып, жаңы жыл да кирип келди. Ар бир үй ыр менен күлкүгө толду, бокалдар кагышты, бийик сезимдер менен сөздөр айтылды, тосттор айтылды, салюттар жер дүңгүрөттү… Ошондо гана жер жүзүнө көз ирмемдик тынчтык орноду. Дүйнө тымтырс! Тек гана сааттын жебеси он экини көздөй жай гана чыкылдап келатты… Чык…чык…чык… Мен да ошондо ыйык тилектеримди Жараткандан суранып, ичимен күбүрөндүм. Тынччылыкта, ден соолукта аман-эсен бололу, дедим. Ылайым сүйгөнүмө жеткизе гөр деп, Кудайдан тиледим. Анан дагы «Жаңы жылың менен, Батмам» деп, акыры-ын шыбырадым…

 

            …Убакыт шамалдай сызды. Күн түнгө алмашып, ай артына ай чубады. Жашоомдо эч деле өзгөрүү болгон жок – баягы эле окшош күндөр. Эмнегедир, февралдын суук күндөрү супсак өтүүдө. Батмага деген сүйүүм купуя бойдон кала берди…

Баса, акыркы күндөрү Батманын группадагы эң жакын дос кыздары – Гүлзат, Венералар менен ымалаш болуп кеттим. Алар эмнегедир жүрөгүмө, жан дүйнөмө эң жакын адамдардай сезилип, сырдаш — муңдаш, ысык достордон болуп кеттик. Алардын сөзүнөн байкасам, Чубагы бүтүп, эми Нурдин деген бала жабышып аткан имиш. Аны Гүлзат өзү тааныштырыптыр. «Атасы Кумтөрдө иштейт. Бай десең бай, сулуу десең сулуу. Жан дүйнөсүн айтпай эле кой – аябай жакшы бала! Андай жигитти дүйнөнү түрө кыдырсаң да таппайсың!», — деп күйүп — бышып аткан Гүлзаттын сөздөрүн кулакка чалып калып, ойлонуп калдым. Эгер Гүлзат айткандай баланы чанса, анда Батманын кыялындагы жигит кандай болду экен. Чын эле мени теңине албайттыр деп көңүлүм түштү. Ушуларды ойлоп санаа менен күндөр өттү…

 

            Акыры жаз да келди зарыктырган…

            Ошол күнү кураторубуз Чолпон эжей менен чогулуш кылып, жайма-жай сүйлөшүп отурганбыз.

Кеп кылганыбыз – мамлекеттик экзамен, келечек, жумуш. Айрыкча, эжейдин «Аз калды бүтөөргө, чыдагыла! Акыркы кечүүдөн бар күчүңөрдү жыйнап, аркы өйүзгө өтүп алсаңар, төрт тарабыңар кыбыла…»- деген сөздөрү жүрөгүмдү көзөп кеткенсиди. Баары эле бүтөрүнө сүйүнүп отурушат. Сүйүнбөгөн эле мен болдум. Анан эмне Батмадан ажырап калаарыма сүйүнөмбү? Мейли бүткөн соң өз жерине кетсин дейли. Анан албетте башкага турмушка чыгат да. Балким, анысы зөөкүр, чалагайым, кыйкымчыл неме болуп калсачы? Мейли, жакшы адамга жолукканыңда деле, кантип ага ыраа көрөм сени. Боор этимден бүткөнсүгөн жан биргем! Менин жарым болуп калсаң гана! Кандай гана бактылуу кылар элем билбейсиң да. Сага дайым камкор болуп, кирпигиңе чаң жугузбай ардактап карап, бактылуу жашайт болчубуз анда. Күнүгө жумуштан шашып келсем, тамагыңды белендеп коюп, чыдамың кетип күтүп отурсаң сен. Анда мен гүлдүн кызылынан ала келип, «сен үчүн гана» деп арнап турар элем…

Кыялым гана экендигине өкүнүп, үшкүргөнчө терезени карайм…

Көчөдө көнөктөп жамгыр төгүп жатат. Эң алгачкы жаз жамгыры. Кандай керемет!

Эх, көпкө күттүрдүң го, мен сагынган көктөм! Мен сагынган жазгы нөшөр!…

Алгач терезени «дыбыр-дыбыр» черткилей, биздин табигат менен, биз менен саламдашып алат да, ансайын катуулайт. Эртеден бери буулугуп, араң турган коюу булуттар токтоно албай шолоктоп, сагынычын жашыра албай, бугу чыгып, жер боорун сабап, буркан-шаркан төгөт жамгыр. Бак-дарактар шөмтүрөшүп, тулку боюн жаанга тосо, магдырай термелишет. Аз убакта көчөлөргө толуп кеткен көлчүктөрдүн апай бети көбүктөнө бапырап, ансайын жамгыр шатырап, жердин бети булоолонуп, күчөнүп жаайт долу жамгыр. Ансайын жамгырга шапшынган шаарды карай берип, кандайдыр бир айтып болгус, белгисиз кусалык көөдөнүмдү мыжыгып, «Сагындым сени көктөмүм, сагындым сени жаз жамгырым. Кош келипсиң жергеме», — дейм шыбырап. «Шау…шау…» этип ансайын экилене нөшөрлөнөт жаз жамгыры. Чалынган тарс-тарс! Күн күркүрөп, жер силкинди. Баары селт этти! Батма «жалт» карады мени! Ал карагандагы ошол көз ирмемдер түбөлүккө эсиме батып кала берди. Бир гана ой от жебедей жан дүйнөмдү аралай чапты. «Ажырабайм сенден эч качан!!!…» Ооба, сүйөөрүмдү ачык айтам эми. Болгондо да токтоосуз барып билдирем. Убакыт да аз калбадыбы. Болгону эки эле ай. Катуу уйкудан селт этип ойгонгондой, эми эсиме келип, алдастай кеч эмеспи деп, өзүмөн өзүм сурайм. «Кечиккен жокмунбу?» — дейм жамгырга. А сен неге кечиктиң мынча, жамгырым? Зарыктырдың го көпкө. Эми токтобостон жаай берчи! Табигатта, жер энеде, жан дүйнөмдө тамчы кир калбай калганча нөшөрлө жамгырым, нөшөрлө! Сендегидей аруулукту көргөнүм да, укканым да жок. Чагылган чартылдачы! Сүйүүм ого бетер жалындасын. Чанагын жарып ачылбай турган көлөкөдө гүл сымал жан билбеген сүйүүмдү биринчи жолу силерге айтып отурам билсеңер. Махабатка, айтылбас сырга, букка толгон жан дүйнөм менен окшошсуңар. Ичиңде бук калбасын, көнөктө, жамгырым көнөктө! А мен болсо эртең эле билдирем. Мейли, мени сүйбөсө койсунчу, жок дегенде сүйөрүмдү билип жүрсүнчү. Деги ушундай кызды сүйүп калганыма арманым жок. Моймолжуган татынакайым, мөлтүр булагым, сүйгөнүм…

Ошол күнү түн бир оокумга чейин кат жазып отурдум. Кайра чийип, кайра оңдоп, сөз каймагын калпып жаздым. «Айтпай арманда калганча, айтып арманда калайын», -деп да кошумчалап койдум. Бирок, катты өз колуна бере албай жүдөдүм. Үчүнчү күнү сабактан тарап баратканда, Батманын колунан адабий сын китеп көрүп сүйүнүп кеттим. Дипломдук ишиме абдан керек эле да. Жанына учуп жеттим.

-Батма, алдагы китебиңди бересиңби, бир чыгарма карап алайын. Кайра берем, — дедим. Батма китебин сунду. Ары карап, шапылдатып баракташым болуп, катты ичине салдым да, аздан соң кайра өзүнө берип, нары басып кеттим. Оңой бергениме сүйүнүп, артымды карабай үйгө жөнөдүм. Болор иш болду, эми эмне болсо ошол болсун!

Ошондон кийин Батманын жүзүнө тик багып карай албай жүрдүм. Батма болсо, эч нерсе билбегендей, эч нерсе көрбөгөндөй. Деги эле ал катты окубагандай. Окуса, эмдигиче жооп берет эле го. Андан бери бир жумадан ашты. Же кат жолдо ката түшүп калганбы? Ушуну ойлоп, кайгыра баштадым. Жерде калган катты бирөө-жарым таап алып, көрүнгөнү  окуп жүргөнүн элестетип, бетим ысып чыкты. Бирок, чын бышыгын билбей туруп, ар нерсеге жоруй бериш деле болбойт. Балким, катты алгандыр? Ушинтип өзүмдү сооротуп, сабыр кылып жүрдүм…

Ал күнү сабактан кечигип калып, экинчи парага келсем, кыздардын күлкүсү чыгып эле шаңыраңдап калышыптыр. Дароо эле түшүндүм стипендия тийгенин. Шылтоо табылганына ичимен кымыңдап аттым. Сабактан кийин адаттагыдай эле группанын жарым – жартылайы болуп, «Анар» кафесине отурдук. Андан чыгып Адис, Гүлзат, Венера болуп майрамды уланталы деп, өзүбүзчө кеттик. А Батма болсо, зарыл жумушум бар эле деп, кете берди. Ал күнү маанайы пас болчу эмнегедир. Кетпей эле койсо болмок, жүрөгүм ооруп калды. Кыздардын «кал» дегенине болбой, умсунтуп коюп мени, артына кылчайып да койбой кете берди Батма. «Мерез десе, мени жактырбайсың ээ?..» — деп ичимен туталанып кала бердим. Андан ары төртөөбүз бакылдашкан тейден паркка жөнөдүк. Ал жерден «бирди» эрмектеп, тамашалашып, чын жүрөгүбүздөн сүйлөшүп отурдук. Мына ошондо ичиме каткан сырымды, ичимде толгон бугумду, арманымды «тарс» жарыла айтып бердим. Болгонун болгондой айтып салдым! Досторумдун эстери ооп эле отуруп калышты. Ушунчалык сүйөрүмө, ошол сүйүүмдү ошондон бери ичиме бекем катып жүргөн бектигиме таң калышты.  Боору оорушту. Батманын тамырын тартып, оюн билип берели дешти.

Арадан күндөр өттү…

Жума аяктап, алтынчы күн эле. Акыркы парада лекция жазып отурганбыз. Группанын чыдамы түгөнүп баратты. Бир убакта менин алдыма төрт чарчы кагаз түштү. Ача салсам: «Сүйүн! Батма катты алыптыр. Бирок, качан жооп берерин унчуккан жок. Г…» — деген жазуу бар экен. Бетим ысып чыкты. Кайран гана катым, акыры жеткен экенсиң!

Убакыт өтүп атты…

Батма болсо тымпыйып унчукпайт. Мен тарапка карап койбойт. Убайым жеп, куурап кеттим. Ойлосом оюмда, уктасам түшүмдө. Кээде катуу ойлонуп кетип, кимдир бирөө суроо берсе, аны биринчи көрүп аткансып, таң калып тура берем. Суроосуна түшүнбөй калам. Оюм чакчелекей. Жаздагы тумандай жан дүйнөм киргилт. Акыркы күндөрү ушунчалык азап чегип, мындан ары чыдай албай кеттим. Эмне мынча кыйнады билбейм? Мейли, мени жек көрсүн, ошонусун деле ачык айтып жооп берип койбойбу? Же убактысын аядыбы? Ушунчалык теңсинбегендей, акыры келип мал эмесмин го. Мындай кордукка чыдай албайм! Же эмне чуркатайын деп жүрөбү? Ха! Өмүрүмдө чуркап көргөн эмесмин кыздардын артынан. Жана да чуркабайм! Кудайга шүгүр, кыздарым көп эле. Эртеңки күнү мен да мени сүйөт деген бийкечтердин биринин колун кармайм. Тиги Наргизагабы же Аидагабы, бирөөнө барам эртең эле. Жолугууга чакырып, дал ошол Батма өткөн «1–май» көчөсүнөн ээрчишип баспасам элеби. Шеринеге алып барып, аяшкаңар деп тааныштырып, дал ошол Батманын маңдайына кучактап олтуруп албасам элеби, атым өчсүн анда. Муну кылам мен! Айтмакчы, Наргиза деле далай жигиттин көзүн кызарткан татынакай кыз. Болгону эртең Батмага бетме-бет эле барам да, бир жаңсыл кылам баарын. Чын эле эмнеден корком. Андан соң төрт тарабым кыбыла…

Бүткүл күчүмдү жыйнап, жулуна басып кокустан эле жатаканага кирип бардым. Бирок, Батманы таппай чыктым. Китепканадан келе элек экен. Далдаарак жерден алдын тосуп, акмалап күтүп туруп калдым. Көпкө күттүм. Эки колду чөнтөккө салып, нары – бери басып турдум. Өчүрө-өчүрө сүйлөйүн деп, айтар сөздү кенен белендедим. Тигине! Батманын да карааны көрүндү. Өзүмдү өзүм карманып, болушунча өзүмдү эркин сезгенге аракеттендим. Ал жай басып, ойлуу келатты. Качан гана жакын келгенде, айлананы кандайдыр бир нурга бөлөп салды. Сүрдөп кеттим. Болгон жыйган кайратым, курчтугум ошол нурларга тийип, сынып жок болуп атты. Ой-санаам чалды-куйду түштү. Мына! Маңдайымда өтүп баратат. Жазгы желге саамай чачы желбиреп, жүзү эмнегедир капалуудай. Басайын дедим, бутум тушалып баспайт, «Батма!» — дедим, үнүм буулуп чыкпайт.

-Батма!- деп кыйкырып жибердим. Батма чочуп кетип, токтой калды да, мени көрүп таң калып, көздөрү бакырая түштү.

-Батма, мен са…сага келдим эле. Жаман көрбөсөң, немеге… концертке барып келбейлиби?… «Туңгучтун» концерти, бүгүн акыркы күнү экен. Кайра узатып коөм… — деп мукактана быдылдай баштадым.

-Бара албайм. Бүгүн үйдөн телефон чалышмак.

 -Батма, анда бир азга тура турасыңбы? Сөздөр бар эле. Өзүң деле билесиң го? Баягыда…

-Бүгүн эмес, башка күнү, макулбу, мен кеттим, — деп кетмекчи болуп, бурула берди. Ошондо эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым: же өзүмдү жоготуп ийдимби, же чабар бармакты биротоло чабайын дедимби, айтор колунан шап кармаптырмын.

-Батма, деги жооп бербейсиңби?! Эмне деген оюң…

-Тарт колуңду! Жинди десе… Уяты жок! – деп, колумду силкип салды.

-Жок дебейсиңби, анда. Ушундайбы?…

-Албетте, жок! Эми түшүндүңбү, анда жолуңа түш!

Бурулуп алып, чуркап кетти. Туй ата! Башка күнгө деле күтсөм болмок. Баарын буздум өзүм. Эми баары бүттү, баары бүттү…  Бирок, бир аз жеңилдей түштүм. Анткени менен сүйгөнүмөн биротоло айрылганыма өкүнүп аттым. Мейли өзү билсин, өзү өкүнбөсө болду. Бирок, бир гана нерсени, бул дүйнөдө мен сүйгөндөй аны эч ким сүйө албастыгын билбей кетти. Аккан дайра артка акпайт. Поезд өттү. Эми эч качан кайра барбайм, деп өзүмө сөз берип аттым. Бир баш оорудан кутулдум. Биротоло унутууну чечтим. Унуттум. Бүттү. Кош!

 

            Агылып күндөр өтө берди…

            Ансайын жаз табигатты миң бир кулпуртуп барат… Дарактардын жашыл бүчүрү жайыла берип, бирине бири бой салыша көрк алып, жаркырап чыга келген жашыл дүйнө көктөмдүн «бур-р» эткен кермек-ачкыл жытына магдырап, эңги-деңги мас болуп, талаалардын, белестердин бетин бербей кызгалдактар  жайнай берип, тукабадай кызгылт башчалары бажырая ачылган жоогазындар нукура көркүнө менменсип, атыр жытын обого сээп, тентек желден селкинчек токуп, жай гана термелгенде…

            Тумчуккан суу башаты жер жылымтык тарткан кезде, тоо боорун жарып чыгып, булак болуп таштан-ташка секиртмек ата оюн салып, күмүштөй көбүктөрүн чимирилтип, күндүн саргылт нуруна миң бир кубулуп, «шылдыр-шулдур» эте бүтпөгөн махабат күүсүн чалып, обонун созуп, жомогун айтып, бото көздөнүп, мөлмүлдөп аккан кезде…

            Алмазарда алма гүлүн жаап, өрүкзарда өрүк гүлүн эбелектеп чачкылап, асел аарынын зыңылдаган үндөрү ободо обон болуп калкып, чымчыктардын «чири-чиси» тынчтыкты бузуп, көгүлтүр тунук асман бетинде алтын кебез булуттар оюн куруп турган кезде…

 Жашыл жаздын ушул сулуулугу, ушул касиети, ушул керемети акыры мени жеңди. Сүйүүмдүн алдында алсыз болуп турдум бүгүн…

            Баары бир сүйөм Батма сени! Кантип унутам ушундай жазда сендей перизааданы. Мүмкүн эмес! Мейли сынсын көңүлүм. Мейли, башка кармасын колуңду, башка өпсүн бал татыган эрдиңди. Бирок, менин сүйүүм өлбөс-өчпөс! Учу – кыйыры түгөнбөгөн асмандай чексиз, түпсүз менин сүйүүм. Ошол асманды челип аска – зоолор кылымдар бою былк этпей турган жана тура берет. Менин сүйүүм дал ошондой бекем жана түбөлүктүү. Ошол тоолордон булак көзүн ачып, жылжый агып, миң булганса да тунуктугунан жазбай, сапарын бузбай келген. Дал ошол булактай менин сүйүүм таза жана мөлтүр. Түн киргенде ошол булактын күзгүдөй тунук бетине каухардай жалтылдап, жылдыздар быжалактап чагылышат. Дал ошол жылдыздардай менин сүйүүм жарык жана кол жеткис. Менин сүйүүм ушундай Батма! Биз өтөөрбүз бул дүйнөдөн, а менин сүйүүм китеп болуп кылымдарга жашай берет…

            Паркта басам жалгыздап…

Эки-экиден ээрчишкен кыз-жигиттер. Жадырашып кандай бактылуу, карасаң! Ушундай жазда эки жүрөк…

Батмага таарынгым келет. Кусалыкка, букка толгон жан-дүйнөмдүн арманын укчу жан жоктой жалгыздыкта томсором.

            Аттиң! Студенттик эң акыркы жазым да өтүп барат. Ушул жазды, ушул көктөмдү өмүрүмдө далай-далай зарыгып күтөрмүн…. Сагынаар көктөмүм менин!…

Жакында бүтөбүз да, чилдей тарайбыз. Батма болсо өз жерине кетет. Батмадан кантип ажырайм түбөлүккө — мени кыйнаган ушул болду. Ооба, бул дүйнөдө сүйгөнүнөн тирүүлөй ажырагандан өткөн тозок болбойт экен. Бул турмушта ар кандай окуялар болот, бирок, бир гана айныгыс чындык бар – «экинчи Батманы» эми эч качан жолуктурбайм. Эң кур дегенде жүзүнөн бир өөп калсам арманым жок эле. Жо-ок, жок! Жараткан мени такыр эле кур калтырбаптыр! Жаратканыма миң мертебе ыракмат! Убактылуу болсо дагы ушунчалык зор бакыт тартуулаптыр. Ал сүйгөнүмдүн сулуулугун суктанып кароо бактысы эле. Суктанууга акым бар го жок дегенде. Ошого да шүгүр. Азыр да көргүм келип сагынып турам. Сагындым күлкүңдү жаным…

            Үчүнчү күн. Экинчи пара бүтүп тыныгууга чыктык. Балдар тамеки чеккени тышка кетишти. Кыздар бака-шака. Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Эч нерсеге көңүлүм чаппайт. Чарчадым жашоодон. Эптеп өзүмдү алаксытып, сыртка көз чаптыра терезенин жанында мелтейип, көчөдөгү ары-бери өткөн элдерди, машиналарды максатсыз тиктейм…

            Сыртта күкүк үн салып, жаз жадырап жайнап турат, а менин жан дүйнөмдө кар тозоңу ургулаган бурганак. «Акыркы күндөрү эмне мынча түнт болуп кеттиң, качан көрбөйлүк ойлуу жүргөнүң жүргөн», — дешет кыздар. Эх, кыздар ай, түшүнбөйсүңөр да! Эгер менин жан дүйнөмдү кандай гана ачуу арман, кайгы-санаа, үмүтсүздүк кара курттай кемирип жеп баратканын түшүнчү болсоңор — анда отуруп алып, өңгүрөп ыйламаксыңар. Билбейм, балким, ошол бойдон көрбөй калсам мынчалык азапка кабылбай унуткарат белем. Ар дайым маңдайымда кылыктанып, күлкүсү кашкайып күндүн нурундай. Айрыкча, ушул жазда, ушул күндөрү таанылгыстай өзгөрүлүп чыга келди. Анын сулуулугуна ченем жок эле! Ар бир кыймылында кынтык жок, тамаша айтса жарашат, кашкая күлсө жүрөк тилинет, анан да бир туруп жылмая калса ууртундагы уюлчалары тереңдей түшөт да, жанында турган адамдын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрөт. Эх, Батма! Батма! Жада калса, сыртта да элеси күлүп жайнап турат. Жаздан жаралган перизаттын өзү эмеспи!

            Терезеде ойго батып тура бериптирмин. Капыстан эле, ийнимен бирөө тартты. Карасам Гүлзат. «Анан кезикчи, сөзсүз. Сөздөр бар…» — деп сырдуу жылмайып басып кетти. Жалдырап эле артынан карап калыптырмын…

            Ошол күн майдын он жетиси эле. Эң акыркы сессиябыз жүрүп жаткан. Эң акыркы экзаменден бирибиз да калбай ийгиликтүү тапшырып чыкканыбызда, группа ызы-чуу түшүп калды. Ооба, эми алдыда болгону мамлекеттик экзамендер эле калды. Майрамдамай болуптурбуз. Ананчы, беш жылдан бери жүрөккө тийген лекциялардан, сессиялардан түбөлүккө кутулуп жатсак, ким батынат кетип калганга.

            -Кетпегилечи эй!

            -Бүтүп кетебиз мына!

            -Ий-эй ыйлагым келип атат!

            -Өлө ичем бүгүн!

            -Ээ-эй качмай жок!.. — дешип, бири-бирибизди сүрөп дуулдап, шамал айдаган жөө тумандай агылып шаар четине алма бакка келдик. Чынында эле аянган жокпуз, дасторконду кенен жайып, айда бир отурдук.

            Кеч да кирди… Күмүштөнгөн кызгылт-сары булуттарды миң бир кубултуп, күн да батты. Көрүнбөй калган күндүн нурлары эми тээ адырларды, боорлорду, тоонун этектерин, мөңгүлүү чокуларды сыйпап баратты. Ошондо ичкилик дагы бир сыйра тегеретилди. Ар бирибиз тост көтөрүп, сезим козгогон сөздөр айтылып, баарыбыз толкунданып отурдук. Көп өтпөй кыздарыбыздын күйөөлөрү, жигиттери, дагы бир чоочун балдар келишти. Арак-вино деген эме арты-артынан бузулду. Анан да баарыбыз калмай болдук, алма бактан кадыр түн тосмой болдук. Ооба, мындай түндө ойноп күлүп, таң атырса сонун да! Мындай күн бир эле, бир эле күн бул өмүрдө! Айтор, бака-шака түшүп, өткөн окуяларды эстешип, таарынычтар бетке-бетке айтылып, тамашалашып жыргап отурдук.

            Түн да кирди теребелге. Асман бетин бербей жылдыздар жайнап чыкты. Түн тамаша, каткырык, обон-күлкү, ызы-чууга толуп, өзгөчө шаңга бөлөндү. Эмнегедир «мени сыйлайсыңбы, сени сыйлаймын!..» деген сөздөр айтыла баштады. Биринен бири сөз талашат. Кээси кубанганынанбы, айтор, түшүнүксүз бирдемелерди айкырып жатышты. Акыры чар-жайыт башталып, балдардын эки-үчөө шибер жазданды.

Качан гана ай аркан бою көтөрүлгөндө, Гүлзат жакын келип кулагыма шыбырап: «Батма сени менен сүйлөшөм дебатат, жүрсөң бол», — деп, шаштырды. Э-эй, эмне дейт! Уккан кулагыма ишенбедим. Эмне кылаарымды билбей, алдастап калдым. Бирок, көп деле ишене албай кеттим. Гүлзат мени ээрчитип келип, ары жакта чоң алманын далдаасына тургузуп койду да, «Батма азыр келет, күтүп тур», — деп шыбырап,  нары басып кетти. Демим кыстыгып, муундарым калчылдап, чыдамым түгөнүп, өлүп-тирилип аттым. Бир маалда шыртылдаган дабыш чыкты – Батма го! Башым тегеренип, дүйнө айлан-көчөк болуп кетти. Алманын бутагын бир колум менен кармай калдым. Ичкен деле эмес элем, бул эмнеси!

Батма акырын басып келип, аярлап жаныма туруп калды да, күтүүсүздөн жылмайып ийди. Ошондо гана эсимди жыйдым. Саамга унчугушпай турдук да, акыры ал тиш жарып үн салды:

            -Сүйлөбөйсүңбү, эмне унчукпайсың?

            -Эмнени сүйлөйүн, бая күнү өзүң баарына чекит койгончо шаштың го, — үнүм титиреп кетти.

            -Кызыксың да сен! Кеп деле анда эмес го. Кептин баары алдыбыздагы тоскоолдуктарда болуп жатат. Балким, сенин ата-энеңдин каалоосун, же менин ата-энемдин каалоосун, же оюн биз билбейбиз да? Жакшылап ойлонолучу! А балким биздин бирге болбогонубуз эле дурус болуп жүрбөсүн?

            -Жок-жок, Батма, андай эмес! – деп, шашып кеттим, — Мен ойлонуп бүткөм. Бир күн эмес, бир ай эмес, бир жыл ойлондум. Жети өлчөп бир кестим. Баарына көзүм жетип турат, ишенчи! Бул жашоого бир келип, өз каалаганыбызга жетпесек, кайсы касиетибизге адамбыз анан? Буюрса, баары жакшы болот! Көрөсүң го, сүйүү гана баарын жеңет. Биз бактылуу болсок, кармашкан колубуз бекем болсо, ата –энебиз кайда барат. Ар бир ата-эне баласынын бактылуу жүзүн көргүсү келет. Чынбы, Батма?…

            Аз убакта көнө түшкөнүбүзгө ичимен сүйүнүп, келечектеги максаттарымды айтып бердим. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнөт экенбиз – оюбуз бир жерден чыгып атты. Көпкө сүйлөштүк. Акыры көзүнө карап: «Макулсуңбу?» — дедим күлүмсүрөп. Ал жооп бергендин ордуна кокустан эле шап колуман алды да, «кеттик» деп калды. Түшүнбөй калдым. Көрсө, балдар жакын келип калышкан экен. «Батма кайда кеткен? Сүйүн да жок эй?…» — деген кобур-собур үндөр кулакка чалынды. Арасында Нурдин да бар. Батманы баары бир алакачып алам дебатыптыр. Угушумча, бүгүн сүйлөшмөк экен. Батма аны көргүсү жок.

            Биз артыбызды карабай, баш оогон жакка чуркап жөнөдүк. Ушул эбегейсиз чоң алма бактан эми бизди кайдан табышмак. Токтойлу деген оюбуз да жок, кандайдыр бир зор күчкө багынгандай, чуркай бердик, чуркай бердик… Качан гана  күйүгүп, шайыбыз ооп калганда, экөөбүз тең тып токтодук. Демибизди баса албай көпкө турдук. Тээ алыстан «Батма-аа!.. Сүйүүн!..» деген кыйкырган үндөр түнкү аба тынчтыгында үзүл-кесил угулуп, жаңырыктап турду. Бирибизди карап күлүп ийиптирбиз. Ал да күлүп атты, мен да токтоно алган жокмун…

Асманда жылдыздар быжалактап, жымың-жымың этишип көз ымдашат…

 Мен куураган чырпык, дүмүрлөрдөн терип келдим да, чырпыкка от тутантып, быкшыган түтүндү үйлөп жаттым. Бир убакта жалбырттап күйө баштады. От жалыны караңгы түнгө тилин соймоңдотуп атты. Батма чырпыкты бычыратып, үстөккө — босток ыргыта берди. Оттун бүлбүл эткен жарыгынан анын ого бетер ажарлана түшкөн сулуу жүзүнө кайра-кайра тигилип карай бердим. Көзүм тойбоду…

 Кайдадыр тээ алыскы тоолордогу көчкүнүн күркүрөгөн доошубу, айтор, табышмактуу, сырдуу түн өзүнчө күңгүрөнүп коркунучтуу…

            Дүмүрдөн ыргытып отура кеттим. Батма жаныма көчүк басты. Тизесин кучактап, отту тиктеп ойлуу отурду. Мен костюмумду чечип, Батманын жонуна жаптым. Ыраазы болуп күлүп койду.

            -Жана эмне дедиң эле?

            -«Макулсуңбу», дебедим беле?

            -Макулмун, — деди жан дили менен.

            -Ушул күндү кыйналып канча күн күттүм эле билесиңби?-дедим имере карап.

            -Мени эмне кыйналган жок деп атасыңбы? Мен деле азап тартып аттым. Ишенсең кээде, Кудай экөөбүздү жолуктурбай эле койсо болмок деп да өкүнүп жүрдүм, — деп ойлонуп калды да, мени карап койду, — а сен сүйөрүмдү сезген жок белең? Ооба, сен сезген жоксуң. А мага башынан эле жакчусуң. Бирок, жолубуз жок го деп ойлогом. Эми мага баары бир! Эмне десең макулмун. Мен да  экөөбүздүн бактыбыз үчүн бардык аракетимди кылам.  Билесиңби, мен мектепти бүтүп жатканда эмнегедир көлгө эле тартып туруп алды. Көрсө, бул жакта бирөө мени күтүп жатканын ошондо эле сезиптирмин да. Бирок, ата – энем жалгыз бир шарт менен жиберген.  Эмне шарт дебейсиңби? Көлгө күйөөгө чыкпайсың дешкен. А мен ал шартты аткарууга сөз бергем. Эми мен аны бузганга аргасызмын. Көрөсүң го алар мени жашоолорунан чийип салат. Балким, бир убактарда кечиришээр,ээ? Мейли, эмне болсо ошо болсунчу, мейли…- деп назик, коңур үнү менен бир калыпта дем албай сүйлөп берди, сүйлөй берди…

            Эх, ошондогу жаз түнүнүн ажайып сулуулугун айт! Асман бетине алтын тыйындарды коюураак төгүп койгонсуп, тим эле «жалт-жулт» этип, миң бир кубулат жылдыздар. Ал гана эмес көздөрүн жымыңдатышып, бирин-бири кытыгылашып, биз жөнүндө шыбырашып турушту…

Үлбүрөгөн нурларына жамынып ай баратты. Аппак гүлдөрүнө чөмүлгөн алмазарга ай нурунан агыш-көгүлтүр көшөгө тартылды. Каяктандыр каракучкач мукамдуу үн салып, жаздын сулуу коңур түнүн ого бетер магдыратып салды…

Эски жалбырактардын өрттөнгөндөгү күйүк — ачуу жыты көктөм жытына «бур» эте аралаша — жуурулушуп, жел болуп согуп, шамалдап, дене бойду сергитип, эңги-деңги мас кылат..

Түн чүрөгүнүн наздана шыбыраган сөздөрүнөбү, не азгырган жытынабы, не ысык деминенби, иши кылып көшүлүп ансайын коргошундай эрип бартам…

Качан гана боз чаңгыл булут суйкайган айдын жүзүнө үлпүнчөк болуп тартылганда, агыш түн караңгылай түштү. Ошондо Батманын колун эрксизден кысып жибердим. Токтоно албай, кучагыма алып, жүзүнөн, эрдинен, мойнунан аймалап өпкүлөй бердим. Моокумум канбай, кайра-кайра өпкүлөй бердим…

            -Ырысым, татынакайым десе! Сени кудайым мен үчүн гана жараткан, түшүндүңбү? Менин гана гүлүмсүң! Болду эми,  сени эч кимге бербейм…

            Ай алсыз нурларына оронуп азга турду да, тоонун артына жашынып кетти. Биротоло караңгыда калган түнкү теребелде жаңы эле өчкөн оттун кыпкызыл чоктору акырын желден бүлбүл этет…

 

            …Ошол түндөн баштап капысынан башка дүйнөгө келе калгандай, жашоом түп-тамырынан бери өзгөрүлдү. Кандайдыр бир чындыкка коошпогон жомок дүйнөсүнүн каалгасын ачып киргенсидим. Чачымдын учунан бутумдун учуна чейин жалындаган сүйүү! Жараткандын ушунчалык берешендигине ыраазымын. Кудайыма башым жерге тийгенче таазим кылам. Болгону тагдыр тартуулаган ушундай зор белекке татыктуу гана болушум керек. Болгону мына бүгүндөн баштап, сүйгөнүмө жетүү үчүн күрөшүүм керек. Шашылыш керек. Убакыт эң эле аз.

            Эртеси айылга келдим.  Эзелтен пейили кенен, ырыскы шерик берекелүү сүйгөн айылым кучагын жайып, жылуу тосуп алды мени. Келе электигиме анча деле көп убакыт боло элек. Ошентсе да өз айылымды ушул жазда тааный албай турдум. Укмуштай жашарып, жашылданып, өзгөчө көрккө бөлүнүп турган экен. Көлөкөлөр көбөйүп, күкүктөр үн салып, сирендин гүлү төгүлө ачылып, жыпар жыты буруксуйт. Кимдир бирөө боорсок жасап атканбы, айтор, сызгырылган майдын ачуу жыты жел менен абага тарап, сирендин жытына аралашып, каңылжарды жарып, эңги-деңги мас кылат…

            Үйдөгүлөр жаңыдан чайга отурушуптур. Жайма-жай сүйлөшүп олтуруп чай ичтик. Эмнегедир баарынын көзүнчө айталган жокмун. Коомайландым, тартындым. Кийимимди алмаштырып, оокат кылайын деп сыртка чыктым. Көчөдөгү арыкчаны кырып-тазалап бүтүп коюп, огородго чыксам, апам менен кичүү иним чамгыр себүү үчүн казылган жердин чымын алып атышыптыр.

            — Сен бара бер, Элтай. Ат откозом дебаттың беле?- деп кетменди өз колума алдым. Мен кетмен менен чымдарын жанчып бердим. Апам топурагын күбүп четке ыргытып атты. «Окууң жакшыбы?»- деп апам аркы-теркини сурап коөт анда-санда. Сөздү кантип баштарымды билбей кыйналдым. Мына бүтүп да калдык. Качан гана акыркы чымды көтөрө берерде,  «апа» деп жибердим.

            — Апа, үйлөнсөмбү деп атам? — деп суроолуу карадым толкундана. Апам чымды колунан түшүрүп ийди.

            — Ий, көлөкөм десе! Эмне дейт? Үйлөн, үйлөн! Кудай жалгасын, тегеренейин! Бүлөбүзгө бүлө кошулган жаманбы? Баса, көшөгөңдү даярдап койгом. Кудайга шүгүр дейличи, баары эле бар. Элдин арты эмеспиз го. Куданыкын Кудай камдайт дейт. Бат эле камына коөбуз. Анда эртең эле эжең, тайэжеңдерге кабар бердиртейин, — деп айланып-тегеренип, жаналы калбай сүйлөп атты апам. Ооба, апамдан ушуну күткөм. Анткени, мени батыраак эле үйлөнсө экен деп көптөн бери тилеп жүргөн. Өткөн жылы үйлөн дешкенинен баш тартып койгом.

            — Ырас, сүйлөшүп  да жүргөн турбайсыңбы. Ыя, чогуу окуйм дейсиңби? Ырас болгон турбайбы анда, Кичине көрүп – билип. Баса, ал кызыңдын жердиги кайсы экен, ыя?

            -Тиги Жалалабаддын Казарманынан экен, апа!, — дедим бейкапар. Ошондо эмнегедир маанайы өзгөрүлө түштү апамдын. Чымды колуна алып, ары ыргытып жиберди. Андан кийин лам деп ооз ачкан жок. Тек гана тырмоок менен жумшаган жерди тегиздеп атып, ойго батты. Мен чымдарды эки колдоп арабага ыргыта баштадым. Чаң буруксуп кетти. Ошондо гана апам чарчагандай үн менен:

            -Балам, бул жерге суу чачып койчу, кагырап кетиптир. Тоборсутуп эртең себейин, — деп тырмоок, кетменди көтөрүп үйгө басты. Мен апамдын маанайы эмнеге мындай кескин өзгөрүлүп кеткенин аңдай албай нес болуп туруп калдым.

Жаздын бир күнү жылга тете болуп атса, шаарда жатып алганым болбос эле. Андыктан, бул күндөрү көбүнчө айылда жүрдүм. Урушта туруш жок деп, өзүмө энчилүү жерге толугу менен картошка эгип алыштын аракетин кылып, жетпеген үрөндөрдү чогултуп, күнү-түнү чапкылап, тыным алган жокмун. Анын үстүндө сээп үлгүрүп калбаса, убактысы да өтүп баратат.

  Картошка демекчи, бизде көлдө, айрыкча биздин Жети-өгүз аймагында эң кирешелүү айыл чарба өсүмдүгү. Ар бир жети өгүздүктөрдү картошкасыз элестетүү – өзү эле жаңылыштык! Эмгекти көп талап кылат. Жакшы баксаң – эмгегиңдин акыбети кайтат. Анын үстүндө мындан төрт жыл мурда Дыйшындан Айса аттуу дунган досуман алты мүшөк «пикассо» сортундагы үрөндүк картошканы бир койго алмашып келген элем. Ошондон бери көбөйтүп отуруп, мына быйыл бир гектарга жакын айдаганы турам. Албетте, жетпегенин сурамжылап чогултуп жүрдүм. «Катын алсаң, отун ал», — деп бекер айтпаса керек. Бул баштаган ишим Батма экөөбүздүн бактыбыз үчүн деп, купуя жоруп койдум…

            Ал күнү талаадан кечки үрүл-бүрүлдө үйгө кайттым. Тырп этерге алым жок. Бутумду араң сүйрөп үйгө келдим.  Короодогу тапчанга көчүк басып, отура кеттим. Карындашым тамак куюп келип, ысуулай алдыма койду. Жакшы эле жейин дедим эле, тамагыман ары өтпөй, какап калдым да, нары барып түкүрүп салдым. Сарайга кирип, атты жетелеп чыктым да, ээр токубастан жайдак минип жөнөй бердим…

Ал-ло-оо-ох-ху ак-бар..! Акшамдагы азан чакырган баланын созолонгон мукам үнүнө мемиреген айыл артта калды. Ал-ло-оо-ох-ху ак-бар!…

            Желе – жорто зыпылдап, уялаш эжем жашаган Жонбулакка кирип бардым. Түз эле эжемдикине келип токтоп, атты аса байладым да, үйгө кирдим. Жездем жок экен. Эжем кыздарына жаңыдан төшөк салыбатыптыр. Мени көрүп таң калган деле жок.

            -Кел. Бутту чечип кирбейсиңби, босогодо турбай?- деп боору ооруп карап койду. Босогодон өтүп, тапчанга көчүк бастым да үшкүрүп жибердим.

-Эже! Батманы айылына кетирбей эле алып калсам болмок, баары каршы болуп атат. Бирөө да жакшы сөз айта элек.

-Билем.

-Алыстан куда  күтпөйбүз, шарт жок дешти.

-Уккам.

-Сенден жардам керек, ал жакшылыгыңды өмүр бою унутпайт элем.

-Билип атам, сага керек жардамды. Макул, мен бир жуманын ичинде барып калам. Ошондо апам менен акылдашып көрөйүн. Апам менин суранычымды ушул убакка чейин аткарбай койгон эмес эле. Кыйынчылыктар качандыр бир өтүп кетер эми, — деди эжем, өзүнчө улутунуп. — Кам санаба мен көндүрүп берем, андан көрө келчи отуруп чай иччи, жаңы каймак менен.

— Чын элеби?…

 

            …Ошентип, ал күндөрү торгой көзүндөй бүлбүл жанган акыркы үмүтүм менен жашабаттым. Кайгырбайынчы, эжемдики туура чыгар балким, үйлөнүп калгыбыз бардыр деп, өзүмдү сооротуп жүрдүм. Бирок, Казармандык кызга үйлөнөм дегеним айылга кайдан жайылып кеткен билбейм – баарынан таңкалганым ушул болду. Кокусунан Керимбек абаныкына жумуштап кирип барсам, үйүндө толтура катын – калачтар бака-шака түшүп отурушуптур. Куран окутушуп келишкендер го — баягыда туугандарынын бири каза болду дебатышты эле. Баласы ар жакка барып келип: «Азыр чыгам дейт. Огороддо бошобой жатыптыр» — деп үйгө кирип кетти. Аңгыча, ичкери жактан апасынын  үнү чыкты:

            — Ким экен ал?

            — Сүйүн байке эле.

            Ары жактан бир катын эбирей кетти.

            — А тиги абамдын Казармандан катын алам дебаткан баласыбы?

            — Ооба, ооба. Окуусун бүтүбатат го.

            — Кудай сакта-аа! Казармандан дейби?

            -Алына чактап иш кылса болмок экен. Көлдөн кыз табылбай калгансып…

            -Ошону айтсаң! Ал кызы алтын чычып берем десе дагы.

            -Аны айтасың, аякта калыңды керек болсо өзүлөрү бычышат дейт. Жок дегенде үч кара айдап барбасаң, өлүп кетейин теңине алышпайт. Ишенсеңер, ал жакка короткон  акчага бияктан төрт катын алса болот экен. Эмне ишенбей атасыңбы, Мария?!

            -Аа-ий, ата-энесинин эле шору турбайбы! Өзүлөрү мугалим болушса, сегиз баланы багыш деле оңойбу.

            -Ай мейли, мейли жөн койгула! Банкрот боло беришсин.

            -Алып бербесеңер, жашап алам деп жеңемдерди кыйнабаткан имиш.

            -Андайлар болуп эле атпайбы! Ыйык салтты тебелешип.

            -Кыздар да өз каа-алганыбызга барабыз дешип, отурбай коюшат экен. Кудай, Кудай!

            — Ой, бизди демократия деген эме жинди кылабы, ыя?!

            -Ой тобоо! Биздин убакта келген жерибизге ай караган текедей болуп эле отуруп калчу элек.

            -Түй ата, азыркы жаштардын мээлери такыр эле тескери айланып калганбы?

            -Илгеркидей кылып таш бараңга алса ошондойлорду!

            Анда аркы сөздөрүн уккум келбей, жүрөгүм айланып, короодон атып чыктым…

            Баарынан да таягына асылып, дүкөндүн алдына туруп алып ушак дегенде эт-бетинен кетип, ар дайым айылдагы кырдаалды курчутуп турчу Мыскал кемпирдин сөздөрү чучукка жетти.

            -Уулум, — дейт ал, көчөдөгү кудукка ат сугарып турсам жаныма келип, акшырайып туруп алып, сөздү алыстан баштап, — окууң түзүкпү? Бая күнү сүт төккөн жерден катындар кеп кылып атканын кулагым чалып калды эле. Көлөкөм десе, чоң атаңды көрүп калгам. Бапыраңдап кыйын киши эле. Согуштан кайтпай калбадыбы, кургурдуку. Карачы эми минтип небереси аял алчумун деп калыптыр, астыңа кетейин. Ай, бери карачы! Бирок, жанагы түштүктүк кызыңды ала көрбө көлөкөм. Калжаңдаган энеңдин сөзүн ук. Мына мен кузгун жашына келдим. Аяктын жайын менден сура. Эки жолу бардым. Эми итим да барбайт ошояка! Өлүк-тиригиңди… Жанагы сиңдимдин бейбашы Пишпекте окуп жүрүп, түштүктөн катын ала коюп, шорду кайнатпадыбы! Оо – ой жүзү каралар! Келиндин туугандары өлүп, бир жылда эки өлүккө барып келдик, эмнесин айтасың, уулум. Сиңдимдин өмүр бою тапкан ташыгына бүт кетпедиби! Алыстыкы оңойбу анан! Аягында эмне болду – карыздан башы чыкпай жүрүп, жүрөк оорулуу болуп сиңдим өлдү. Өлгөнгө көмгөн болуп, арак ичкенден башканы билбейсиңер деп, бизди басынтып жүрүшүп, кызын чиедей үч баласы менен алып кетип калышпадыбы! Ой Алла! Ой Алла! Соттошуп атышып, акыры үйүн  берип кутулду окшойт, арам шайтан өлүгүңдү көрөйүн. Эми жүрөт телтейип, көчөдө басып, арактан башы чыкпай…

            -Эне эми бешенеге жазганын көрөбүз да,  нике кайып буюруп койсо…

            -Ок! Бежиребей кал! Айтып атса кайра! Ой, жаман ай, жетишип калган го. Атаңгөрү, чоң атаң акылгөй киши эле. Кайдан чыккан эмесиң? Уу, майланган карападай болгон! Алагой, ал! Эл арты менен күлөт. Азыртан эле күлүп атышат. Маа демектен Ошту көчүрүп ал. Анда эле мага «эне» деп салам бербе. Өлүп калсам, чоң атаңа сени жамандап барам,- деп этегин кагынып, бөкчөңдөп артын карабай кетип баратты. Кантип болсун ушул!

            Баарынан да шаардагы кошунам, эки көзү көрбөгөн Садык абышкага ыракмат. Батма экөөбүзгө чын дилинен жан тарткан эжем жана ушул киши болду. Кемпиринен башка эч кимиси жок. Жарыкчылыкка абдан эле курсант болуп, байкуш эптеп устачылык, зергерчилик кылып, жанын багып жүрөт. Мен да колдон келген жардамымды аябайм. Кээде ун, картошка жеткирип барып, ал-жайын сурап, сүйлөшүп калсак, чери жазылып, күлкүсү чыгып калат жарыктык кишинин. Анан калса жан дүйнөсү таза, акылга дыйкан – айткандарын угуп отурсаң оозуң ачылат! Жашоого такыр эле шыктандырып салат. Мен да сырымды жашырбай сүйлөп берем. Айрыкча, Батма экөөбүздүн тагдырыбызга абдан кызыгып калыптыр. Акыркы жаңылыктарды айтып бергенимде:

            — Түшүнүп атам, балам. Алар деле жокчулуктун айынан ошентип атышат да. Бирок, балам, эсиңе түйүп ал, бул жашоодо арманда калган эң жаман. Ошол арман жүрөгүңдүн бир коңулунда калып, өмүр бою сени кара курттай кемирип жеп отурат. Мына, мен окшоп карайлап, өкүнүп калбагыдай бол! Азыр силер эркинсиңер, каалаганыңарды жасай аласыңар. Иштесеңер, изденсеңер баары болот. Карындагы баланын кан болорун ким билет дейт. Эртеңки күнү жылдызың жанып, чар тарабың «чарк» болуп кетсе, бөөдө бармагыңды тиштейсиң. Болгону чыдашыңар керек, болгону шертешкен сөзүңөргө бекем турушуңар керек. Ошондо баары силер каалаганыңардай болот. А бирөөнүн сөзүнө теригип, капаланбай эле кой. Эл оозунда элек жок эмеспи, — деди Байзак  абышка жаңы жасаган үбөлүгүн наждак кагазы менен жылмалап сүрүп отуруп.

            Эл оозунда элек жок дечи, бирок, шаардагы эң жакын санаалаш досторумдун бири Сагындын айткандары көңүлүмдү такыр чөгөрүп салды. Университеттен кеч тарап, үйгө келсем, мени күтүп отуруптур. Маанайы пас эмнегедир. Аялы менен дагы чатакташкан окшойт. Койнунан бир бөтөлкөнү сууруп чыгып, үстөлдүн үстүнө коюп койду. Эсим ооп калды. Арак менен ысык-суугу жок эле, жин тийгенби буга. Ошентип, экөөбүз дасторкон үстүндө көпкө сүйлөшүп отуруп калдык. 

            -Жашоо ушундай Суке! – деп өзүнүн ички сырын төгүп, арманын айтып отурду. – Сен да Батма менен үйлөнөрдө жакшылап ойлончу. Кыздар толуп атпайбы, эй! Кыз саман. Ишенсең, Суке убагында Айгүл экөөбүздүн деле сүйүүбүздөн күчтүү нерсе жок болчу. Ошондо үйдөгүлөрдүн «аның байдын кызы экен, калыңды чоң алып барыш керек, теңине алышабы…»,  дегендерине кулак какпай коюп, болбой алып келип алгам.  Анан эми өзү байдын кызы болсо, кой басынып калбасын деп, өзүң деле көрдүң го, үйлөнүү үлпөтүн кандай дүңгүрөтүп бердик. Мен да аркамда эчтеке жок жөн эле дардаңдаптырмын ошондо! Көрсө ошондо жаш экенбиз да. Көрсө, жанагы сүйүү дегениң азгырма, алдамчы деген эле кеп экен да. Эми азыр ал баягы Айгүл эмес. Тили узарган, бир нерсеге терең түшүнгүсү да келбейт. Күнүгө уруш, күнүгө талаш. Бүгүн да каңкылдап киргенинен ачуума чыдабай, жаактан ары чаап жибериптирмин. Ошо боюнча төркүнүнө кеткен. Мына, эми  эртең кайра ызы-чуу! Концертке билет ала бер.  Суке, эми өзүң деле көрүп атасың – күнү-түнү тытынып эле иштеп атам го! Же эмгек акың эчтекеге жетпейт. Акча жок, акча жок деп эле мээмди чагып салды. Бир жагынан кайын журтум да кыйнады. «Эне сүт акысын беришпейби, эл көзү үчүн, дос – душмандын алдында шылдың болуп бүттүк» деп, айтырып ийишиптир кызынан. Өзүлөрүн карасаң чириген бай — дүкөнү бар, комбайн, трактору бар. Мындайда аялыңдын да сөзү чоң болуп калат экен. Энеңдурайын, тажадым жашоодон. Ортодо бала… чайналдым аябай…- деп башын жерге салып, муңканып отурду.

            — Жок, Сагын! Силер азыр жетишпестиктин, акча жоктун айынан эле урушуп атасыңар ээ? Мен да ушунун айынан Батмага үйлөнгөнгө чамам жетпей отурбаймынбы. Эгер баары жетишип турса, экөөң өлө бактылуу болмоксуңар. А ошол акчаңар кайда кетти дейсиң? Тойго, тартуусуна, үлпөт өткөргөнгө, төркүлөтүп барганга, эшик-төр көргөзгөнгө, малга, кийитке, аракка кетпедиби, туурабы? А сен биякта үй жайың жок, эчтекең жок, жарыбаган эмгек акыны карап отурасың. Эгер кудалар кеңешип, той-топурду, кийит-пийитти, ашыкча чыгымдарды бүт кыскартып, андан көрө эки жаштын келечегин ойлоп, иштеткиле, соода кылгыла, же мал курагыла  деп, акча берип коюшса жаман беле? Балдары бутка тез туруп кетишсе, кантип эле уруш-талаш көп болсун, кантип эле кийин ата-энесине жардам беришпесин. Демек, сүйүүнү күнөөлөштүн кереги жок. Күнөөнүн баары ошол ашыкча чыгым алып келген биздин салттарда, ошол салттардан баш тарталбаган, куру намыс деген чийинден аттай албаган биздин улуу муундарыбызда. Вай-вай. Кыскасы, көптөгөн жаштардын убалына калып атышат да, — деп мен да эртеңкиме сар-санаа болуп аттым.

            -Канткени менен ошондой салттарды жоюш экөөбүздүн колубуздан келбейт да.

            -Албетте, экөөбүздүн колубуздан келбейт, — деп эмнегедир бир нерсеге акылым жетпей, ойго батып, акылым айла таппай, анын акыркы сөздөрүн кайталай бердим. — Экөөбүздүн колубуздан келбе-ейт… Бирок…

            Аңгыча, телефон шыңгырап калды. Сүйүнүп кеттим. Батма чалмак эле. Учуп жетип, трубканы колума ала калдым:

            -Алло! Батма сенсиңби?

            -Батма эмесмин, мен тайэжеңмин! Кандай турасыңар? Оюңдун баары эле Батма болуп калган го, ээ?

            Мындай соккуга алдастап, шашып калдым.

            -Мындай да тайэже…

            -Түшүндүм, коө тур, баарын уккам. Ай, сен Сүйүн, ансыз деле силердин азабыңарды тартып жүрүп чачы агарган апаңарды кеп-сөзгө калтырып, кайгыга ууктуруп өлтүрөйүн дебатасыңбы, ыя? Байкуш апаң тогуз ай омурткасы сыздап жүрүп төрөсө, түн уйкусунан калып, ак сүтүн берип чоңойтсо, куурап иштеп, акча таап эптеп окутса, эмне ошол кызың апаңан жогору болуп кетиптирби? Же чоңоюп калып, өзүңдү-өзүң биле баштадыңбы?? Байкуш эжемди аяп койбойсуңарбы?…

            Андан аркысын укпай калдым, трубканы колума кармаган бойдон селейип катып калыптырмын…

            Бирок, мындай жүрөк титиреткен кеп – келечтер менин оюмду өзгөртө алган жок. Тескерисинче, менин сүйүүм ого бетер күч алды. Каршылык менен тоскоолдук Улуу Сүйүүнү гана жаратаарын алар кайдан билишсин. Балким, сүйүү  бат эле чечип коө турган жөнөкөй иш эмес экенин кийин түшүнүшөр.

             Ошентип, бакыт менен азапты бир башыма салып коюп, жаз да өтүп баратты…

Бул күндөрү биз мамлекеттик экзамендерге катуу даярданып жаттык. Студенттик күндөрүбүздүн барактары шарт-шарт ачылып, ансайын түгөнүп барат. Кайсы бирин айтайын эми. Бир көргөн жакшы түшкө окшоп, аз убакта Батма экөөбүз эң эле таттуу күндөрдү баштан кечирдик. Бүгүнкүдөн эртеңкибиз ырахаттуу, күндүзгүдөн кечкибиз кумарлуу. Деги койчу, бири-бирибизди көрмөйүнчө туралбайбыз, күндөн-күнгө ушунчалык кымбат, кыйбас, ысык болуп кеттик. Күндөрүбүз кудум жомоктогудай…

            Акыры менин тагдырым да чечилди. Үйдөгүлөр менен талашып-тартышканыман эч майнап чыккан жок. «Мен Батманы баары бир алам!» — деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен боюнча шаарга кетип калдым. Бирок, эми эмне кыларымды, Батмага эмне деп айтарымды билбей башым маң болду…

            Бул күнү кайда барып урунарымды билбей, жинди болгон эмече, кечке дейре далдырап басып жүрдүм көчөдө…

 

           

            Бүгүн студенттик эң акыркы күнүбүз…

            Ушул дипломдук иштерибизди ийгиликтүү жактасак эле болду, университет менен кош айтышабыз. Бирок, мен үчүн абдан өкүнүчтүү болду. Качан гана фамилиямды укканда, трибунага чыктым. Дипломдук ишиме түштүктүн чыгаан кызы Уркуянын образын тандап алган элем. Мына азыр ушуну жактаганы турам. Азга Батманы карап алдым да, терең дем алып сүйлөй баштадым. Уркуянын таптык кездеги баатырлыгын, чечкиндүүлүгүн, тайманбастыгын жеткиликтүү айттым. Азыркы мезгилде да аялдардын укугу тебеленип жаткандыгын сөз кылып, Уркуянын образы аларга эң жакшы үлгү болорун баса белгиледим. Багынбас, эр жүрөк аялды басмачылар мууздап кеткендеги эпизодду жазуучу кандай деңгээлде сүрөттөп жазгандыгын да талдап, анын чыгармачылык аракетине баа бердим. Чекемден тер кетип, толкундана Уркуяны жактап жатым. Ичимен түштүктүн сулуу кызы Батманы да жактадым. Талаш-тартыш болуп, суроолор берилди. Оппоненттер сүйлөдү. Батма экөөбүздү бириктирип турчу студенттик күндөрүмдүн бат эле бүтүп баратканына ичим ачышып жатты…

            Студенттик акыркы секундалар…

            -Акыркы суроом болсун, — деди комиссия төрагасы Абдылдажан Акматалиев. –Келечекте өмүрлүк жубайыңда кандай сапаттардын болушун каалайсың?

            Ойлонбостон:

            -Албетте, Уркуядай эр жүрөк болсо! — деп шарт жооп бердим. Аудитория кыраан-каткырыкка толуп чыкты.

            Кайран гана студенттик күндөрүм ай, кош эми…

 

            Мына, ошентип ажырашууга саналуу гана сааттар калды. Дал ушул күнү жаан кутургансып куйду. Түш оой басылганда, экөөбүз  көлдү көздөй жөнөдүк.   Кечке дейре көл жээгинде жай басып, сейил куруп жүрдүк.

            Күн түнөрүп ачылбады. Жаандан кийин көл үстү шамалдап, буурул толкун түрүлө келип, маржан көбүк чача күрпүлдөп жээкке «шарп» урунуп жатты. Көлдүн онтогон үнү бүт ааламды каптап кеткендей…

            Биз ошондо ырыскылуу, касиеттүү Ысыккөлгө каалоо-тилектерибизди айтып, Жараткан Кудайдан сурандык. Колубузду колубузга коюп, антташып жаттык. «Экөөбүздүн колубузду түбөлүккө кармаштыра көр!» — деп башыбызды ийип сурандык. Куттуу көл ансайын пейилин төгүп, жаналы калбай күрпүлдөп бизди кубаттагандай… Ак жалдуу тармал толкундары менен жээкти шапшып, күбүрөнө дуба кылып, бизге нике кыйгандай…

            Кеч да кирди. Бирок, биз Ысыккөлдү таштап кете албай, бул түндү көл жээкте өткөрүп, таңды тосмой болдук. Эх, арман күн ай! Таң атканда, вокзалдан узатмай болдум…

            Экөөбүз келечекке кылдат ой жүгүртө баштадык. Алгач Батма кубанычтуу кабарын сүйүнчүлөдү. Көрсө, кечөө атасы телефон чалып, аспирантурадан окуганга макулдугун бериптир. Муну угуп аябай сүйүндүм. Ары тартып, бери тартып акыры октябрдын он экисинде үйлөнөлү деген бир бүтүмгө келдик. Ооба, бизге күз болобу, кыш болобу эми айырмасы жок эле. Кандай да болсо ажырашпайбыз деп, антташпадыкпы. Чындыгында, корко турган деле эч нерсе жок экен. Батма Караколго октябрдын алгачкы жумасында келмей болду. Болбой баратса, ал күтмөй болду, мен бармай болдум. Ооба, такыр эле жибербей баратса, барып ала качып келе берем. Анын эч кыйынчылыгы жок. Кенедей Кыргызстандан кантип эле адашып калалы. А күзгө дейре мен үчүн кенен убакыт бар. Буюрса, күнү-түнү иштесем да, жерден чукуп тапсам да, баарын өзүм камдайм. Алты саным аман, көчө шыпырсам да акча таппаймынбы. Бизди убактылуу ажыраткан жокчулукту мен жеңем, буюрса! Э-ээй досум сен күлбө, чын айтып жатам! Ошондо бирөө-жарым каршы болуп көрсүнчү — ойлонбой туруп эле бетине түкүрүп таштайм.

            Болгону Батмадан бир гана өтүнүчүмдү аткарышын талап кылдым.

            -Батма! – дедим көзүнө тике карап, — Ала качып кетсе отурбагын ээ.  Керек болсо ала качуу мыйзамда да кылмыш болуп эсептелет! Мен сага ишенип жиберип жатам, же болбосо…

            -Андан кам санабай эле койчу, ала качса эле отуруп калгыдай оңой экенминби аларга. Менин кандай көк бет, чатак экенимди сен да али биле элексиң,- деп Батма тамашага чала жооп берди.

            Ак жаан майдалап жаап турду…

            -Буюрса, баары эле жакшы болот. Келечекте экөөбүз зор иштерди жасашыбыз  керек. Кыргыз эли сыймыктана турган чоң адамдар болобуз, көрөсүң го! Бир гана мага ишен. Сени ата-энең, дос-душмандарыңдын алдында уят кылбайм. Алардан жаман сөз угуздурбайм. Ишене бер жаным!, – деп жаркын келечегиме мен да терең ишенип, чечкиндүүлүк, зор ишенем менен убада кылдым.

            Аскалар кулагыбыздын түбүнө урап түшкөнсүп, күн катуу күркүрөп, чагылгандын оту теребелди көз ирмемге жарык кылып, чатырчада отурган экөөбүздү карап алгансыды. Жаан дыбырай баштады…

            Ошону менен алдыбыздагы тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жүрөгүбүздөн туюк сезип, экөөбүз кайрадан  көрүшкөн күнгө, баш кошкон күнгө чейинки мезгилибизди, басып өтчү жолубузду «Улуу сапар» деп атап алдык. Биз  Улуу сапарга аттандык! Ошол сапарыбыздагы мээ кайнаткан ысык чөлүнөн, кар тозоңу ургулаган борошосунан, алай-дүлөй шамалынан татыктуу өтөлүк дедик. Махабат гүлдөрүнө жык толгон, сүйүү обондору обосунда калкыган кереметтүү «Үй бүлө» аралчасынан көрүшөлү дедик. Бири-бирибизге болгон бийик сезимибизди айтыштык. Деги койчу, ушул көз ирмемдердеги чеги жок сүйүүбүздү, бактыбызды дүйнөдөгү сөз берметтерин чогултсам да айталбасмын, китеп бетине батыра албасмын…  Экөөбүздү азга болсо да ажыратып жаткан тагдырыбызга ичибиз күйдү…

            Таң аруу атты… Биз вокзалга келгенде, автобус жылып жатыптыр. Шашып калдык. Ары-бери караганча үлгүргөн жокпуз. Батманы айдоочу шаштырып, түртүп киргизип кетти.

            -Көрүшкөнчө, Батма!…

             Автобус ордунан козголду. Карасам Батманын жүзү жашка жуулуптур. «Неге мынча муңкандың экен, же келечекке көзүң жетпедиби?» — деп, каңырыгым түтөп, заманам куурулуп кетти. Тим эле эмне болсо ошол болсун деп, азыр эле автобустун жолун тууралай тосуп, «Түшкүн Батма! Сен кетпей эле койчу, неси болсо да башка түшкөн азапты да, жыргалды да чогуу тарталычы!… Болгону ажырашпайлычы. Же көз көрбөгөн алыс жактарга качып кетелиби?…» — дегим келди. Бирок, автобус менден узай берди. Жада калса, ушул автобус да Батманы мага ыраа көрбөй, алыска –аа, алыска алып кетип бараткандай…  Мына, автобус да көрүнбөй калды…

            Эх, курган дүйнөң ай! Жалгыз каламбы ушинтип. Эми менде кандай жашоо болот. Ушундай азапта калганча, төрөлбөй калсам жакшы болмок…

 

            Батманы узаткандан бери араң дегенде үч күн өттү. Заматта бактылуу күндөрүмдүн дайынын таппай калдым. Болгону сүрөтү калды, анан дагы кийимге сиңген жыты калды. Өзү жок. Жалгызсырап жаман эзилдим. Кусалыктан көкүрөгүм ооруп чыкты. Бүткүл жан-азабымды жумуш менен басам. Кара жанды карч уруп, күнү-түнү талаада жүрмөй…

            Бүгүн июлдун ону…

            Алманын шактарында жалбыракка жашынган топчудай-топчудай көк алмалар пайда болду. Капыстан пайда болгон тентек жел үрпөк баш каакымдардын үлпүлдөкчөлөрүн туш-тушка сапырат. Бак ичинде көлөкөлөп  азга отурам да, талаага жөнөйм…

            Июлдун он бири…

            Бала болуп башыма жүн чыккандан бери ушундай азаптуу жайды, ушундай ысык жайды биринчи жолу көрүшүм. Туура бир ай болду — жер бети жамгыр көрө элек. Кечиктиң го көпкө менин жамгырың! Жок дегенде мени аяп, бир нөшөрлөп жаасаң жакшы болмок!… Сагынычтан, кусалыктан жабыркап турган, суусап турган жан дүйнөмдү аруулап жууп, сергитип кетсең жакшы болмок… Аңкап турган, чаңкап турган жер энени сугарсаң болмок нөшөрлөп…

Таң атпай канал башына келип, бүгүн да суу жок деген жоопту уктум. Жаным кашайып, мурап менен кер-мур айтышканга чейин бардым. Ансыз да көңүлү чөгүп турган неме көзү чанагынан чыга өкүрүп ийди:

            -Эмне! Эмне!  Мен суу болоюнбу? Мени жейсиңерби эми!?…

            -Кезек менен бербейсизби анан!? Касым абадан кийин мен эмес белем? Кана анан? Күнүгө эле эртең! — деп мен да тилимди тартпай кайым айтыштым. Аңгыча ортого Үмөт абышка түшө калды.

            -Айланайын уулум, — деп жалынып – жалбарып кирди, — мына мен сурадым эле сууну, айланайын! Жүрчү, жаздык буудайымды өз көзүң менен көрүп келчи. Өрттөнүп атат! Ыйлайсың тим эле! Элчилеп  гектарларлап жерим болсочу. Балам, эми мендей абышканы аяп койчу…

            Ары жактан кишилер күңкүлдөп атышты.

            -Көп эле аңкылдай бербей, суунун кейпин карабайбы. Араң үч кулак суу болот, вай-вай…

            -Тиякта буудай өрттөнүп атса, картошка сугарат элем дегени кандай?

            -Ошону айтсаң, баарыбыздыкы эле күйүп атпайбы азыр…

            Ал күнү талаада тынбай иштедим. Аба үп тартып, күндүн ысык аптабы канды кактап турду. Асманда төө көзүндөй булут жок. Тек гана обологон бир торгой жайдын жай, талаанын талаа болуп жаралганына ыраазы боло, ошол бактысын даңазалап, аны жүз бир кайрыкка салып, үнүн миң бир кубултуп, жаналы калбай тил безеп сайрабатат… Чиүү… чичи… чиррүүйт… чүүүү… иийт чүү… үч… чирүүт читчит…чүү…

            Бир да жолу суу ичпегендиктен, жаңыдан туман гүл каптап турган картошканын жалбырактары карарып, так төбөдөн тийген күнгө ансайын куйкаланып барат. Карап туруп ыйлагың келет. Тез аранын ичинде сугарбаса болбой калыптыр. Жаздан бери тытынган эмгегимдин баары бөөдө текке кеткени турат. Анда эле Батмага үйлөнөрүмдү элестетиштин эле өзү чекилик. Болгону бүгүндөн калбай түнкүсүн болсо да сугарып бүтүш керек. Ушуну ойлогондо, оозум кургап, дарманым жок чарчап турганыма карабай ордуман ыргып турдум да, болгон күчүмдү жыйнап кетмен шилтеп аттым. Ушунчалык кагырап, катып кеткен жер күүлөнүп келип тийген кетменди кайра өйдө серпийт. Чаң эле буруксуй түшөт. Ага боломбу. Көгөрүп атып, түнкүсүн кыйналбайын деп, арыктарды бийик кырдап, кулактарды мол байладым. Кеч кирип, ымырт жабылганда гана бутумду араң сүйрөп үйгө жөнөдүм.

            Тырп этпей туура эки саат уктаптырмын. Көзүмдү ачсам иним жулкулдатып атыптыр. Дене-боюм жанчылып калгандай, ар кайсы жерим зыркырап ооруп, ансыз деле чарчап турган жанымды магдыраткан таттуу уйкунун кучагынан бошоно албай, ыңгырана араң козголдум ордуман. Ушундай жыргал мүнөттөрдү тагдыр бешенеме ушунча эле кыска жазганындай, айлам жок турдум да, кийинип алып сыртка чыктым.

Ай небак батып кетиптир. Капкараңгы коюу түндү жиреп отуруп, талаага келдим. Алыма чактап суу жыгып алып, сугара баштадым. Коркунучтуу мындай түндө жалгыз гана жан жолдошум жылдыздар болду. Алардын үлбүрөгөн алсыз шоолалары айлананы билинер-билинбес жарык кылып, ошону эш тутуп жүрдүм. Жайпап кеткен сууга ансайын чаңкоосу канбаган жер эне магдырап, оор-оор дем ала онтоп алгансыйт.

Бир маалда батыш жактан муздак шамал жорто баштады. Заматта калдайган кара булуттар пайда болду да, жер бетин караңгылыкка биротоло тумчуктуруп салды. Суу бетине алтындын күкүмдөрүндөй жылтылдап чагылышкан жылдыздар дайынсыз жоголду. Эми көзүңдү жумуп аласыңбы, же таңып аласыңбы, баары бир болуп калды. Картошканын жөөктөрүн эмес, эми өзүмдү көрө албай аттым. Жарыкчылыктын баркын эми түшүнүп, Садык абышка өңдөнгөн көзү азиздерге боорум аябай ачып, ыйлагым келип кетти. «Атаны байкуштар ай-э! Дүйнөдө эң шордуулар ошолор турбайбы!» — деп аларды аяп, ичимен тобо кылдым. Карайлап атып, жыртык шоола жок караңгылыкка да көнө түштүм. Белгисиз туңгуюкту үңүлө тиктеп, кулак түрө тыңшап калам. Суунун шылдырт эткенинен жырып кеткенин аңдап, далбалактап чуркап барам. Кокус бүтөлбөй калбасын деп, топуракты мол ыргытам. Байкалбай калып чоң жырылып кеткен жерлерди бүтөгөнгө чамам жетпей, тампаңдап чуркап барып, жал жактан чым казып келем. Мына ушинтип өмүрүмдө көрбөгөн запкыны тартыбаттым. Көйнөгүм чылгый терге чыланып, өтүгүмө былчылдап суу толуп кетти. Аны чечип ыргытып, багалектеримди жоон санга дейре түрүп алып, кечип жүрдүм. Муздак суу адегенде бутумду какшатып, анан мээме чыкты…

            Коюуланган караңгы түн ичине сыр ката үңкүйүп, баягысындай эле уюп турду. Тээ мүрзө тараптан ач күсөндүн мыөлогон ачуу чаңырыгы бейпил түндү чочутуп жиберди…

            Жаан тамчылай түштү. Сүйүнүп кеттим. Шаштым кетип жанталаша иштебаттым. Жааса экен деп тилеп аттым.  Чарчаганымды да сезбей калдым. Бара-бара кетменим чылк темирден уютулгансып салмактана баштады. Дарманым кетип, баш айланды. Ошондо жакын эле жерден ач күсөн мыөлоду. Жүрөгүм шуу дей түштү. Бу жырткычтын адамга чап жабышып чыкпайт, канын сорот деген сөздөрдү эстеп кетип, жаным оозума тыгылды. Азыр эле караңгылыктан суурулуп чыга келип, шарт жабышып, курч азууларын кекиртекке матырчудай болуп дене-боюм жыйрылып, кетмендин сабына бекем жабышып, сактана кулак түрүп тыңшап калдым.

Мына! «Шырп» этти!  Чочуп кетип, так секирип, бакырып-өкүрүп, кетменди караңгы түнгө чалды-куйду шилтей баштадым. Мышш!… Мы-ышш!… Энеңдурайын, кет дебатам!…

            Бирок, алиги жырткыч жакындай алган жок окшойт. Бактыга жараша ошондо чыгыш тарапта таң жээк сала баштаган эле. Ух, деп ошондо гана эс алып, арыктын суу жүрө элек кургак жерине жыгылдым. Эптеп июлдун он бири да өттү…

            Эртеси айыл башчысы билип калып, алкылдап үйгө чейин келиптир. Көрсө сууну түнкүсүн ортонун буудайына салып атышкан экен. А мен өжөрлөнүп, тыйылып калганым жок; түнкүсүн кечирээк барып, азыраак суу менен сугара бердим. Күндүзү бузулган арыктарды оңдоп-түзөп даярдайм, түнкүсүн кайра эле суу…

Ошентип, отуруп бир жума дегенде бүттүм. Бүткөн күнү түшкө чейин уктадым. Ойгонсом Жонбулактан эжем келиптир. Мени көрө салып, буркурап ыйлап жиберди.

            -Алда кудайым ай! Эмне болуп калгансың, Сүйүн! Деги өзүңдү аябайсыңбы? Ушунча да арыктайсыңбы? Кейпиңди карачы, сенейип эле сөөгүң калыптыр! Болбодубу эми…,- деп көз жашын сүртүнүп, аркы бөлмөгө кирип барып, апам менен кобурашып калды, — Апа, мунуңарды тезирээк догдурга көрсөтсөңөрчү, өңүнөн аябай эле азып кетиптир…

 

            Жай болсо, кудум агымы токтоп калган дайрадай жай гана жылжыйт. Күн дагы ордунан козголушту мүлдө унутуп койгондой. Ал гана эмес сааттын жебеси да так эле акчасын бирден эсептебаткан битир соодагердей болуп, бирден санап ыңгырана чыкылдайт…

 Эх, аптаптуу жай, азаптуу жай өтсөң боло тезирээк!…

***

…Акыры көп күттүргөн алтын күз да эшик какпай, салам айтпай, уурданып гана  кирип келди… Кистисин элпек шилтеген чебер сүрөтчүдөй, табигатты саргыч, күрөң, кызгылт, күмүш түскө боөп, күндүн ысыгы кайтып, алманын шактары ийилип, ашкабактар былчыйып,   сар талаада алтын дандуу арпа буудайлар жорткон желден ыргала термелип, жер эне берекесин аянбай чачып, теребел бышыкчылык – токчулукка магдырап, нан жытына мас болуп турду…           

            Жер эне ошол берекеден мени да кур калтырбаптыр. Жаздан берки эмгегимдин акыбети кайтып, болуп көрбөгөндөй түшүм алып, жыйнай албай эсим ооду. Баба дыйкандын чычып койгону ушул эмеспи! Аны айтасың, картошканын баасы күн сайын өскөнүчү. Эртең менен төрт сомдон алып жүрүшсө, түштөн кийин төрт жарым сомдон таппай жүрүшөт. Ошентип отуруп, октябрдын башында алты сомду чапчыды. Кудай акы! Мындайды күткөн эмесмин. Кудайдын кош колдоп бергени ушул эмеспи. Ошондо мен болгон картошкамды соодалап бүтүп, бир чоң капчык толо акчаны колума алып салмактап көрүп атып, деги эле башыман өткөн бардык, бардык азап-тозокторду көз алдыма бир сыйра чуурутуп, толкундана эскерип алганымда, көзүмдүн кычыктарына жаш келип, ыйлап ийбей араң карманып калдым. Жараткан мени бул жолу эмнегедир аяган экен…

            А Батма менен көрүшөөр күнүмдүн жакындап калганын ойлогондо, жүрөгүмдө уялаган болгон кусалык, кайгы-касирет кубаныч менен шаттыкка биротоло орун бошотуп берди. Соолоюн деген гүлүмө суу куюлду. Мына! Кайра баштан сүйүү! Бүткөн боюм жалындаган сүйүүдөн өрттөнүп барат, кубанычтан жанымды коөрго жер таппайм. Мен эми алдыдагы тоскоолдуктарды көрө албай турдум. Эми ким каршы болот, кана айтчы, достум!

Оо, касиетиңден айланайын Улуу Сүйүү! Өлбөстүктүн, түбөлүктүүлүктүн миң сыры катылган сенде! Чыныгы бактылуулуктун миң сыры катылган сенде! Ылайым бар бол, Сүйүү! Гүл болуп ачыл, нур болуп чачыл, китеп болуп жазыл, миң-миң жылга жаша!…

            Ошентип, күтүнгөн күндөр да жакындап келди…

            Бир жума калды, буюрса.  Мал-салын алып, тойдун камын көрүп, тынымсыз чапкылап жүрдүм. Уйку жок.

            Болгону үч эле күн калды. Короо-жайды тазалап, үйлөрдү акташып, отун-сотун камдадым. Жүрөгүм оопколжуп, шексиз келер бактылуу күндөрүмөн сүрдөй баштадым.

            Мына эртең келет! Чачымды тегиздетип, жуунуп-тазаландым. Батманы тосуп чыкканга кийчү костюм-шымымды үтүктөп, чыкыйта илип койдум.

            Кудайым жол берсе, мына бүгүн кеч менен келип калат го. Зыңкыя кийинип, галстук байландым. Чачымды суулап тарап, саатты карадым. Терең дем алып, үйдөн чыктым да такси кармап алып, шаарды көздөй бет алдым. Жолдон гүлдүкөнгө аялдап, кыпкызыл тукабадай бажырайган розаларга күлгүн түстөгүсүнөн коштуруп бир букет жасатып алдым да, вокзалга жөнөдүм. Кызыл роза — түбөлүктүү сүйүүнүн символу, а күлгүнү болсо зарыгып күтүүнүн белгиси эмеспи.

            Келип токтогон автобустарды агылгалап, вокзалда жүрдүм. Көп киши эле түшөт, эмнегедир мен күткөн киши көрүнбөйт. Жок, ал келиши керек эле сөссүз! Сентябрдын аягында телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө: «Азыр Казармандагы Макмал мектебинде мугалим болуп убактылуу иштеп атам. Буюрса, октябрдын онунда жолго чыгам. Он экисинде тосуп ал», — дебеди беле. Эмне болгон, же жолдо ката автобусу бузулуп, кармалып атышабы, деп ар нерсени жоромолдоп, санаам санга бөлүндү.

Күтө бердим… күтө бердим… Түн бир оокум болду. Мына, акыркы автобус да келип токтоду. Ишенбей ичине кирип карап чыктым. Жок. Жүрөгүм зырп эле дей түштү. Шашылыш телеграфка келдим. Батманын дайынын билейин деп тайэжесиникине телефон чалып, такыр ала албай койдум. Кайра-кайра чалып атып, бир саат да болуп кетти. Кокустан трубканы бирөө көтөрдү. Оо, Кудай чын эле  Батманын үнүбү!?

            -Алло! Алло! Батма сенсиңби!?

            -Алло! Сүйүнсүңбү!? Кандайсың, ырас чалбадыңбы! Алло! Сүйүн, тезирээк келбесең…

            -Алло! Батма, алтыным! Тынччылыкпы!? Батма, угуп атасыңбы!? Алло!

-…

            -Алло! Алло! Алло!…

            Эмнегедир түшүнүксүз болуп калды; трубканы кимдир бирөө жулуп алгандай, тарса-турс боло түштү; ары жактан аялдардын жаң-жуң үндөрү угула калды; ошо бойдон байланыш үзүлүп кетти. Телефондун кулагын кайра-кайра жан талашып бурай бердим. Оператор кыздын: «Алардын телефону байланыштан өчүрүлгөн, кийинчерээк чалыңыз!» — деген эскертүүсүнөн гана эсиме келип, эмне кыларымды билбей элейип туруп калдым. Демек, каршы болуп атышкан экен да ээ! Ушуну ойлоп, оор үшкүрүп алдым да, шашылыш түрдө жөнөш керек деген чечимге келдим.

            Түнү бою кирпик какпай, эми эмне кылышты, эмне коюшту ийне — жибине чейин ойлонуп чыктым. Жылдыз суюлуп, жерге жарык түшкөндө, жаздыктан баш көтөрдүм. Менчик машинасы бар Алибек деген досумдукуна таң атпай сүзө кирип бардым. Уйкудан араң ачылган көзүн ушалап, менин сөздөрүмдү угуп атты, бирок, сөздөрүмө жөндөп түшүнө албаса деле, «макул» деп башын ийкегилей берди. Анткени, менин суранычымды аткарбай койгон эмес эле ушуга чейин.  Баса, Алибек да андай алыс жолдордо ишенимдүү жолдош. Көптүн ичинен аны тандаганым да бекеринен эмес. Күч десе күчү бар, табиятында токтоо, жөнөкөй. Чыныгы жигиттин өзү! Өлсө өлүп берет, бирок, досун талаага таштабайт.

            Кем-карчыбызды толуктап, машинанын аз-маз жерлерин жасатып, ал күнү түш оой шаардан чыктык. Мүрзөгө аялдап, ата-бабалардын арбагына куран окуттук. Ошентип, алыс сапарга жөнөп калдык. Бирок, кеч болуп калгандыктын Чолпонатадагы абамдыкына конуп алып, таң эрте сапарыбызды уладык. Күүгүм талаш Нарынга келип, мейманканадан орун алдык. Таң каракчысында  Казарманды көздөй бет алдык. Чайыр жолдор бат эле түгөнүп эки дөңгөлөктүн изи араң билинген таштак, кумдак жолдор башталды. Жол деп айтышка да ооз барбайт — ит өткүс тим эле! Жүз жылдан бери каралбай калгандай. Дөңсөөлөрдү буйтап, бирде кыр ашып, бирде боорду бойлоп, куш жетпеген сар-талаада, какыраган эрме чөлдө чаң сапырып, араң кыбырап, тыным жок жүрүп отурдук. Айтор, аябай кыйналдык. Бир убакта, Жергетал деген бак-шагы көрүнбөгөн жылаңач  айылдан эки чакырымдай өтө бергенде, чукул бурулуштан арткы дөңгөлөктөрдү кум тартып кетип, чайпалып барып, артыбыз менен аңга түшүп калдык.  Аз жерден ала салып кетпегенибизге сүйүнүп кеттик.

 Буруксуй түшкөн чаңды акырын жүргөн сыдырым жел кайдадыр ээрчитип баратты…

 Эсибизди жыйып, машинадан түшө калып, асты-үстүн карасак баары эле бүтүн. Кудай сактайт деген ушул эмеспи! Бирок, азаптын баары эми башталды. Машинабыз тыгылды да калды. Газды болушунча аңылдатып атты. Дөңгөлөктөр бир орунда айланып атып, кумга ого бетер чөгө берди. Же ары-бери өткөн унаа жок, айлабыз кетип, экөөбүз тиктешкен бойдон отуруп калдык. Жолду карап атып көз тешилди. Болгону эки машина өттү. Тозсок токтобой өтүп кетти. Бир маалда дагы бир машина көрүндү. Экөөбүз тең жарыша кол көтөрдүк. Ит турабы, куш турабы – кылчайып да койгон жок.

            Шагыбыз сынып, адамдардын мындай кайдигерлигине ичибиз күйүп, умсунган боюнча кала бердик. Эх, ушунчалык да таш боордук болобу, ыя?…

            Адыр-дөңсөөлөргө ала көлөкө түшүрүп кеч да кирди. Убакыт өткөрө албай зарыгып машинада отурдук. Түндүн сууктугун айт! Таңга маал тиш-тишибизге тийбей калчылдап чыктык. Аз-аздап күн жылып, өзөк жалгап отурсак, батыш жактан чаң сапырган бир машина көрүндү. Чаң ызгытып катуу келатты. Эмнегедир, ошондо токтобой өтүп кетчүдөй болдубу, не өмүрүмдө бир келчү таалай-бактымдын акыркы үмүт кушун колдон биротоло учуруп ийип, карайлап олтуруп калчудай сезилдиби, айтор, билбейм, мына жакын келгенде, өзүмдү кармай албай бакырып-өкүрүп, ошол машиненин алдын тосо чуркап чыктым.

.           -Токтоо-оо! Токтоо дебатам!- деп кыйкыра бердим. Бирок, токтоду эй! Ичинен ак чачтуу кары адам чыга келип:

-Эй, алдагы башыңдын ичинде мээ барбы? Тебелеп кетсем эмне болот эле, ыя? Көрүп атам, өзүм деле токтоюн дегем,- деп ал кайра кекете кыйкырып жатты. Анан баарын түшүнүшүп, жардамга киришти. Алибек тросс менен байлап жиберди. Бир күүлөнүп тартып чыгарышты. Кубанганымдан жетип барып, колунан бекем кармап:

            -Рахмат байке! Рахмат жардамыңызга! Чоң рахмат сизге!.. – деп кайра-кайра алкай бердим. Кандай ыраазы кыларымды билбей, чөнтөгүмөн беш жүз сом сууруп чыгып колуна карматтым. Таң калганынан жаактары узара түштү. Албай койду.  Унчукпастан машинасына түштү да жөнөп кетишти.

            -Рахмат! Жакшылыгыңызды унутпайм!… Жакшы жетиңиз байке-е!  Кудай буюрса, кезигип калаарбыз!…– деп артынан кыйкырып калды.

            Акыры кар шиленген, аяз ышкырган, тик, бийик Акмойнок ашуусун да аман-эсен ашып, өйдөдөн  ылдый күү менен жүрүп отуруп Казарманга жакындап келдик. Кеч да кирип баратты. Аңгыча, Алибектин жүзү жадырай түшүп:

            -Сүйүн! – деп кыйкырып жиберди. – Буюрса, Батманы алып кетип баратканда, тынбай ырдап барайын дебатам, кандай дейсиң?

            -Сонун болот эле? – деп кубаттап күлүп аттым.

            -Нарындан машинага шар байлап, болушунча кооздойлу, макулбу?

            -Буюрса, буюрса!

            Кубанычыбыз койнубузга сыйбай, бакылдашып толкундана Казарманга кирип бараттык.

            Кайда барарыбызды билбей, түз эле мейманканасын издеп жөнөдүк. Анысына барсак, иштебейт экен. Ошентип, чоочун шаарда , эки жакты карап элеңдеп турсак бир жигит келатыптыр. Аны менен учурашып, жеке батирлерден орун тапсак болобу, акчасын төлөп беребиз деп, аркы-беркини сурап сүйлөшүп калдык. Жылдызыбыз келишип, тааныша кеттик. Аты Улан экен. Райондук сотто сот-аткаруучу болуп иштейт экен. Алыскы көлдөн келсеңер, меникине конок болгула, таякелерим турбайсыңарбы деп, үйүнө чакырды. Аялы жаркылдап тосуп алып, чай берип отурду. Бул дүйнөдө ушундай адамгерчиликтүү адамдар бар экенин сүйүнүп отурдум. Анан эмнеге келгенибизди жашырбай айтып бердим. Улан эмнегедир таң калган деле жок. «Сени биринчи көргөндө сезгем, көздөрүң айтып турбайбы баарын», — деп таң калтырды. Ошентип, Батма экөөбүздүн үйлөнүп калышыбызга чын дилинен тилектеш экендигин, колдон келген жардамын аябарын билдирди. Берекелүү дасторкон үстүндө тосттор көтөрүлүп, жакшы сөздөр айтылды. Чын жүрөгүбүздөн маек курушуп, черибиз жазылып, түн бир оокумунда жаздыкка баш койдук.

            Эртеси Батма иштеген Макмал мектебине келип карайлап калдык. Төрт күндөн бери жумушка чыга элек, кабар да жок деп, алакан жайды завуч. Жашаган жерин сурасак, ал жакта иштегендер эч ким билбейт экен. Телеграфка барып, тайэжесине кайра чала баштадым, бирок, телефону баягы боюнча өчүк. Бир жаманчылыкты сезгендей жүрөгүм шуулдап кетти. Улан да дайынын сурап ары-бери чапкылап жүрдү.

Тапкан жокпуз, убакыт болсо шамалдай сызып өтүп атты.

 Эми кайдан издейбиз, оо Кудай!

Ии, баса! Эстедим! Батманын оозунан «Казармандын Ленин көчөсүндө таежемдикинде жатып эки жыл окуп кеткем»,  дегенин уккандай болдум эле. Ооба, менин батирим да Каракол шаарындагы Ленин көчөсүндө эмес беле! Ошондон улам сөз чыкса керек окшоштуруп. Ошентип, башынан аягын карай таяэжесинин үйүн көчөмө-көчөлөп сураштырып издей баштадык.

-Кечиресиз эже, Батма деген кызды тааныбайсызбы?

-Жок-жок…

-Ассалом алейкум, байке! Тегерегиңерде, Макмал мектебине жаңы мугалим болуп келген Батма аттуу кыз жашабайбы? Фамилиясы – Сулайманова?

— Жок, укпаптырмын.

Дагы бир күн текке кетти…

Акыры таптык. Кошунасы айтты, «ушул эле болуш керек, сулуусымак кыз пайда боло калчу, атын билбейт экенбиз» деди. Ал ошентип айтып жатса, Батманын жадыраган сулуу элеси көз алдыма тартыла түштү бир саамга. Эх, сагындым сени аябай, татынакайым менин, деп ичимен бир азга толкунданып алдым.

Эшикти каккылай баштадык. Эшик ачылып, кара тору кырк беш чамаларындагы киши чыкты. Дароо Батманы сурадык.

-Ооба, Батманын жездеси болом, –  деп таң калып карап туруп калды. Бирок, өтө суук кабарды угузду.

            -Сүйүн белең сен, сабыр кыл эми. Буйрук экен, отуруп калды. Өз айылындагы эле балага. Баш аман болсо…

            — Отурду дейсизби? Мүмкүн эмес! Кандайча? Качан?

            -Ооба, отурду, сени күттү го көп эле… 

            «Коө турчу! Канча күн өтүп кетти, Батма менен сүйлөшүп жатып, байланыш үзүлүп кеткенине. Бешинчи күнбү!..» Оюм бир заматта чакчелекей түштү.

Көзүм караңгылап, дүйнөм айлан-көчөк болуп кетти. Кызганычтан ичим өрттөнүп бараткансыды…

«Ошондо ары жактан  колунан трубканы жулуп алып, түшүнүксүз болуп кетти эле. Демек, ошондо эле ала качкан турбайбы! Оо, Кудайым, бул эмне деген шумдук!»

            Бирок, ишеналбай  кеттим кайра. Жок, жок! Кантип эле!. Колдорум калтырап-титиреп чыкты.

-Кечиресиз, байке. Мен… мен Батманын жигити болом, билесиз да. Батма экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албайбыз…

— Билем. Бирок, баарына эми кеч болуп калды, Сүйүн! Эркекче айтып жатам. Биз жактан барышпадыбы. Оокат жасап жүрөт дейт, ак жоолук салынып алып жакшынакай эле.

Жездесинин бул сөздөрү өзөгүмдү өрттөп баратты. Бирок, эртерээк  кайгыга алдырбайын деп, өзүмдү токтоо кармаганга аракет кылдым:

-Макул анда,  силердин сөзүңөргө ишенейин. Бирок, мен Батмага жок дегенде кезигип кетишим керек. Акыркы сөздөрүмдү айтып, ага бакыт каалап кетейин. Сизден сураныч, аны менен кезиккенге жардам бериңизчи?..

— Сен кезиге албайсың го, ал айылдын балдары жаман.  Алар соо калтырбайт силерди.

— Байке, ошол айылдын эле атын айтып коюңузчу! Сураныч! Башка тынчыңызды албайм.

Ал саамга ойлонуп калды да, акыркы сөзүн кайра кайталады:

-Алар соо калтырбайт силерди…

— Байке?…

Сурообуз жоопсуз калды. Ал эшигин тарс жаап кирип кетти.

            Тунжурап туруп калдык. Бирок, акылыма чагылгандай бир ой келе калды!

            -Баса! Алибек кеттик! Өз айылына дебедиби! Өз айылы Атай да. Кеттик ошоякка! Тездейли эми…

            — Сүйүн, Уланга тийе кетели, анын кеп-кеңеши керек болуп жүрбөсүн. Чечкиндүү да экен өзү!

            -Макул! – дедим. Бирок, кабинетине келсек ордунда жок экен. Күтүп отурган жокпуз; анын үстүндө чыдамым түгөнүп жатты. Алакандай кагазга: «Атайга кеттик», деп жазып, столунун үстүнө коюп, жөнөп кеттик. 

            «Атай» айылы…

            Заңгыраган үйдүн маңдайында турдук. Сыягы ушул эле үй окшойт. Тойдун шаңы болуп жаткандай. Короодо «жаң-жүң» үндөр угулат… Нары короодон арыраак жакта казан асылган тулгалар көрүнөт, жанында самоордун биринен түтүн бурулдап турат. Кыязы, той ортолоп калгандай… Жүрөгүм ооруп чыкты. Тагдырыбыз небак чечилген го? Жан дүйнөм эңшерилип баратты…

 Оо, Кудай, бул эмне сенин катаал жазаңбы?!..

Бирок, өзүмдү акыркы күчүмдү жыйнап колго алдым. Кайраттандым. Машинадан түштүк.

Короодон үн угулду.

— Ай, киши келди, чыкчы!

— Келин көргөнү келишти го, дасторконду даярда дечи, — деп бир келин жылмая күлүп чыгып келаткан, бир маалда бизди көрүп тык токтоп калды. Мостойгон кейпибизди көрүп, жылмаюсу жүзүнөн жоголуп, өңү бузула түштү да чуркап кирип кетти. Короодо чуруу — чуу түшүп калышты.

-Ии, бетим! Батманын жигити келиптир!

-Эмне дейт, ботом! Ушуякка чейинби?

-Ай, эркектерибиз кайда кеткен!

— Улак тартышка кетишкен дейсиңби, жиберчи баланы чакырсын, кокуй!

— Батманы чыгарбагыла, ай!

Бир маалда аялдар, келиндер, кемпирлер жабалактап көчөгө чыга башташты. Бизди үрөйлөрү учуп карап калышты. Саамга тиктешип туруп калдык. Эстерин жыйып, арасынан бир сары буржуйган катын алдыга суурулуп чыгып, бөйрөгүн таянып, бизди азга сынай тиктеп турду да, мыскылдай сүйлөй, сөз баштап калды:

— Ии, эмне жоготтуңар, жигиттин гүлдөрү?

            -Батмага келгенбиз, алып кетели деп,- деп токтоо гана сөздүн ток этер жерин айттым.

            -Ии-ий, бетим!!!  Эмне дейт?! Ай, эмне дебатасың? Ал бирөөнүн катыны болгону качан!..

            -Батманы чыгарып  бергиле, жакшылыкча! — дедим кайра ого бетер отко май куюп.

            -Ай бала! Башың иштейби, сыйың менен жоголуп кет бияктан азыр!

            -Эжеке, мыйзам деген бар! Ала качканыңар үчүн жооп бересиңер!

            Аңгыча, атты жайдак минген кичинерээк бала огород жактан атырылтып чыгып, көчө менен батыш тарапты көздөй чаап кетти. Катындар эбиреп-жебиреп, биринен аша бири кыйкырып киришти.

            -Ай бала! Бизге мыйзамды үйрөткөндү коюп, андай эле эр экенсиң, көлдөн эле алып калбайсыңбы!

            -Ошону айтсаң, жоо кеткенден кийин кылычын ташка чаап!

            -Ай, ушул көлдөн бери самсаалап эмне издеп келдиң? Көлдө кыз кырылып калыптырбы?…
            -Жашап атышкандарына бир жума болду, эмне бузгуң келип атабы бир үй бүлөнү? Ага чейин кайда жүрдүң, моло?!

            -Мыйзам деп коөт дагы, ала качуу деген ата бабабыздан калган ыйык салт керек болсо, ал салт  мыйзамың жазыла электе эле бар болчу!

            -Ай кетип кал деп атам! Кетип кал, азыр эркектерибиз келип калса талпагыңарды ташка жаят!

            Бизди сүйлөтпөй, тынбай чурулдап кыйкыра беришти.

            — Тынчтангылачы!, –деп кыйкырып жибердим,- Эжекелер эми мени уккулачы!

 Айлам кетип, токтоолукка өтө баштадым.

            -Макул, макул силердики чын. Макул, Батма силердики. Мен өз жолума түшөйүн. Силердин тоюңарга бүлүк түшүрбөйүн.

            — Ии, бала анан ошентпейсиңби, эми тез жолуңа түш!

            — Мени болгону Батмага бир кезиктиргиле, акыркы сөзүмдү айтып, бакыт каалап коөюн  да анан өз жолума түшөйүн?

            -Эмне дейт, арам тамак!

            -Апе-ей, дымагы күчтүү го, бул кутумдун!

            Кайра чуруу-чуу түшүп калышты. Бир катын жакаман жулкулдатып  кирди.

-Жогол деп атам, азыр жогол!

            -Батманын караанынан айлан! Көрбөйсүң аны!

            — Көлдүктөргө кайсы жинди кызын берет азыр. Калыңды кичинекей балага кампетке акча бергенсип бересиңер!    

            -Ай, бала, бери кара! Биз Батмага жүз миң сом, эки бодо, бир кыл куйрук алып барып берип койгонбуз! А сенин колуңан эмне келет эле! Анча акча жок да сенде! Силердин ачуу басар он миң! Мен билем да!

            -Он миңди бизде кичинекей балага «момпосуй  алып же» деп берет!…

-Ха-ха!…

            -Хе-хе!…

            Шылдыңдап күлө башташты бизге.

            Бир маалда эмне болуп жатканы, иши кылып түш сыяктуу өтүбатты…

Көчөнүн батыш  тарабынан аттардын дүбүртү угулду. Жерди дүңгүрөтүп, жети-сегиз атчан чаап келатты… Айкырып-кыйкырып, сөгүнүп келатышты. Демек, бул жерде эмне болуп жатканы алар үчүн белгилүү экен да!

— Уу-уу!!! Энеңди… Кана кайсы… Ким!..

— Өлтүрөм азыр!..

— Чап!.. Сүйрөп са-аал!..

— Кана кармачы!.. Жанын чыгарайын!..

            Көз ачып жумганча будуң-чаң болуп, ызы-чуу түшүп калдык!           Катын — калачтар чаңырып — кыйкырышып короону көздөй качышты!

Ана! Сармерден бүтүп, улак тартыш башталды!

— Алибе-еек! Сакта-ан! Кач!.. – деп кыйкырганча үлгүргөн жок; көз алдымда Алибекти бир атчан жети-сегиз метрге сүйрөп барып, коө берип жибергенде, ал көмөлөнүп түштү.

            -Тийбе-ее ага!..

            Мен Алибекти көздөй жүткүнгөндө, билбейм камчы менен соктубу, айтор, каракуш жакка катуу нерсе тийгенде, көзүмөн от чагылышып, жыгылып баратып өзүмдү жоготтум… Андан ары эмне болду билбейм, бир маалда адегенде үндөр алыстан угулуп атты; аздан эсиме келе баштадым. Бирөө жөлөп-таяп тургузуп атканын баамдадым. Жакшылап карасам, Улан экен! Денемдин баары зыркырайт – жакшы эле тепкилешкен окшойт. Буттарым, сандарым, кабыргаларым жанчылыптыр. Араң түзөлүп:

            -Улан…  Улан дейм!  Алибек кана? Ал тирүүбү деги?… – дедим онтогон үнүм менен.

            — Тирүү эле,  тигине ал…  баары жакшы, Суйун! Өзүң жакшы элесиңби? Жүр кеттик… —  деп атты Улан. Жакшылап баамдасам Алибектин бети-башы кан жалаптыр; кийимдеринен тамтык жок; аны кимдир бирөөлөр колдон тартып жетелеп атышат, ал болсо кимгедир ызырынып жулунуп кыйкырып атат.

            — Бери келчи! Кана түшчү аттан!.. Эркексиңби, жекеме жеке чыгасыңбы!?.  Кана түшпөйсүңбү?!.. Өлтүрөм азыр! Катынсың сен! Каты-ын!!!

            Короо жактан катындардын жаң — жүң үндөрү, каргап- шилегендери угулуп турду. Ар жакта жанагы атчандар топтолушуп, аттарын теминишип, ары-бери бастырышып, биз жакка көз сала жарданып турушту. Кыязы Уландан айбыгышкандай.

            Улан менен келген балдар Алибекти машинага түртүп салып атты.

            Мен да машинага отуруп аттып, болгон күчүм менен кыйкырып калганга үлгүрдүм.

            — Батма баары бир меники! Түшүндүңөрбү, маңкурттар! Өкүнөсүңөр ошондо!!!…

            Казарманды көздөй бет алдык…

            Улан түз эле үйүнө алып келди. Кан жалаган бети — башыбызды жууп, тытылган кийимдерибизди алмаштырдык. Уландын келинчеги дасторкон жайды. Улан ар жактан бир бөтөлкө арак алып келип,  дасторконго койду.

-Келгиле, балдар! Ачууну ачуу басат дейт. Анын үстүндө дене боюңар жакшы эле жанчылыптыр. Дарылык үчүн деле… — деп стакандарга куя баштады. Мейличи эми деп бир экиден бастырып ийдик. Алгач  ич ысып, ооруган жерлер басылып, аз-аздан эсибизге келип, кобурашып отуруп калдык. Алибек ватаны спиртке малып алып, чекесине улам баскылап отуруп, сүйлөнө берди:

            — Мен баары бир табам,  жанагы жээрде айгыр минген майкеченди!  Үйү жакын болсо, кандек ит деле кабанаак болот турбайбы.  Жок дегенде аттан бир жолу түшүп бергенде, колума эле илинип бергенде, ох ата, төрөлгөнүнө өкүнмөк! Ошолор катындан да жаман экен. Туура айтамбы, Улан!

            -Туура да!

            -Эркектик болбой калды, ээ, алардыкы?.. – деп Алибек ич күйдүлүгүн жашыра албай ызалана берди. – Улан кантип тартып чыгабыз ошол баланы четкерээк. Жекеме жеке айда бир былчылдашсак сонун болмок!

            — Ал айылдын балдары жекеме – жеке дегенди билишпейт, билгиси да келбейт, алдынан чыккандарды тебелеп кете беришет. Аркы кошуна айылдар менен канча жолу ызы-чуу болушту.  Кудай сактады дагы! Элестет, Баку! — деп нары жакта мостоюп отурган инисин карап койду. — Кабинетке келсем, «Атайга  кеттик» деп, жазып кетишиптир, тим эле аларды аякта табак тартып күтүп атышкансып. Катты окуп эле жүрөгүм шуу деди.  Дароо Атайга чуу койдук. Келип эле ызы-чуунун үстүнөн чыкпадыкпы!

            — Рахмат, Улан! Сен болбогондочу, тирүү калат белек, билбейм?… — деп ыраазычылыгымды билдирдим. Башым эңги-деңги болуп чыкты.    Андан кийин башымды жерге салып, лам деп ооз ачпай отура бердим. Бүгүнкү окуяларды эстегим келбей, ичим туз куйгандай ачышып, Батма экөөбүздүн туңгуюкка кабылган тагдырыбызга эми чекит коюлганын астыртан туюп, жан дүйнөмдү не бир азап, не бир кызганыч кара курттай кемирип жеп, жүрөгүм ооруп чыкты… Жанагы катындын «Колуңан эмне келет, анча акчаң жок да!» деген сөздөрү кулагыма жаңырыктап турду…

            Эх. Батмам! Жок дегенде карааныңды бир көрүп алсам гана! Ушунчалык карааныңа зар боломбу! Эмне ушуну менен көрүшпөй калабызбы! Эми мен айылыма кантип барам?…

            Жок, жок, андай эмес! Бул ойлоруман уялып кеттим кайра. Мындай  ойду бирөө укса эмне дейт!  Башымды бийик көтөрдүм бул жолу. Ордуман капыстан эле тура калдым.

            — Улан! Алибек!  Эми кайгырбагыла! Мен да кайгырбайм. Бир аз чыдасак, биздин көчөгө да майрам келет! Түшүнүп жатасыңарбы!?  Аз калды… Аз калды…

Экөө таң калып, мени карап калышты.  Буга эмне жин даарып кеттиби дешти го.

-Батма  мени келбейт деп ойлосо керек. Анткени, ага баарылап ишендиришти да, Сүйүн келбейт деп. Туурабы? Биз да көпкө кечикпедикпи. Биз кечиккен сайын, чырактарына май тамып, Батманы бузушту да. Кана!.. Кана эми жигитиң! Сүйсө келет эле да эмдигиче дешти да. Туура айтамбы , балдар!

-Туура, биз беш күн кечиктик!

            -Эми ал баарын билди бүгүн. Эми ал бүгүн чечим чыгарат. Көрөсүң, ошондо кызыкты! Баары бир аны менен жашай албастыгын айтып эле кете берет. Жок, жок, бирок антип айтса эле тигилер оңой эле коө бере беришпейт да. Анда эле  Батма качып чыгат. Болгондо да бүгүн түнү качып чыгат! Жок, жок,  бүгүнкү түн ал үчүн ыңгайсыз. Ал эртең качып чыгат! Бүрсүгүнү качат! Болбосо аркы күнү качат! Болбосо бир жумадан, бир айдан кийин качат!  Эмнеси бар экен анын! Ылайыгын күтөт да ал деле. Убакытты мерчемдейт да! Ээ-эй, силер Батманы  ойлобогула андай деп. Ал жөн эле отуруп калбайт! Ал акыл калчап, эмнелерди гана ойлонуп атканын  керек болсо экөөбүз да билбейбиз. Акылы жетпесе айласы башталат аныкы! Ал мага тагдыр кандай күндө калтырбасын, баары бир бирге болобуз деген… Ал күт деген мени…  Ал жөн жерден эле айта бербейт, ал айттыбы жасайт. Ал ушундай кыз, ал таптакыр башкача кыз! Андай кызды кезиктире элекмин бул жашоодон… – деп толкундана сүйлөй бердим, сүйлөй бердим…

            Ымырт жабылып, кеч да кирди. Аябай чарчаптырбыз, уйку келип, жаздыкка баш койдук. Эртеңки күндөрүмдөгү боло турган эң жакшы окуялардан курап алган кыялдарыма магдырап,  уйкуга кеттим.

            Таң атты… Үмүтсүз дагы бир таң аткан эле…

            Кечээки эле кыялдарым ыдырап, бир туруп үмүтсүздүккө орун бошотуп бере салса, кайрадан кайгы  — азаптын токоюнда жол таппай, карайлайм…

            Ал күнү бир чечимге келе албай зарыгып үйдө жаттык. Анын үстүндө бети-башыбыздын көгаласы тарабай, Алибектин бир колу шишип чыкты. Мен үчүн эми эң маанилүүсү – бүгүн- эртең Батма кандай чечим кабыл алат, кандай аракеттерге барат. А биз эми кандай аракеттерди кылабыз. Айылына кайра баруудан эми майнап чыкпасы айдан ачык болуп калды. Эми Батманы сегиз эмес сексен атчан кайтарып турган чыгар. Ал балким мен ойлогондой качып чыгалбайттыр. Милицияга арыздансачы. Мени ала качты деп деле арыздангандай деле  мүмкүнчүлүк жок да анда. Катуу кайтарып жатышат аны. Же мен арызданып көрсөмбү! Жок, менин арызымды кабыл алмак беле! Сен кимсиң дебейби! А балким «никем кыйылып калды, эми  Сүйүн кечирбейт», деп ойлоп калдыбы?..

Ушундай ойлор менен дагы бир кеч кирип, дагы бир күн артка шилтенди…

Эртеси таң атпай Уландын кабинетинде эми мындан ары эмне кылышты кеңешип, ой бөлүшүп отурдук.

-Улан, Макмал мектебинде таанышың барбы?

-Бар, бар! Болгондо да ал профсоюздун жетекчиси, кудагый болот бизге. Аты – Нуркамал Исаевна.

— Ишенимдүүбү?

— Мага ишенгендей ишене бер!

 -Анда эмесе, менде бир ой жаралды. Эми биз Батма менен тынч жол менен жашыруун гана байланыш түзбөсөк болбой калды. Анан ошондо Батма менен кайсы убакта, кайсы жерден кандай кезигебиз, кантип алып кетебиз – ушулар жөнүндө жашыруун байланышып, иш кылышыбыз керек болуп жатат.

— Кантип байланышабыз, Батманы аялдардын, атчандардын «жоон топ армиясы» курчап турса?… – деп Улан суроолуу карады.

— Армияны жарып өтөбүз! Эмесе, тактика мындай. Нуркамал эжеден суранабыз, Атай айылына барып, Батмага кезигип келүүсүн. Ал барганда ал жактагыларга эмне максат менен келгенин мындайча түшүндүрүп бериши керек: «Макмал мектебине жаш мугалимдер үчүн Эл Аралык уюмдан долбоор жарыяланыптыр. Шашылыш түрдө Батманын анкетасы керек болуп жатат. Азыр анкетаны толтуруп жөнөтүш керек экен. Кийин Батма жумушка чыкса, долбоорго катышып, грант, башкача айтканда, акча утканга мүмкүнчүлүк аларын», жумшак тил менен айтып ынандырышы керек. А анкетада болсо менин Батмага деген суроолорум жазылган болот.

-А анкетадагы сөздөрдү окушат да ал жактагылар, өздөрү эле сак турган эмелер?

-Алибек, эми бери кара! Анын да жообу бар. Мен суроолорду латын тилинде жазам, Батма латын тилинде жооп жазат.

-Ээ-эй, чын эле! Ким шек санайт мындайда, туура да, — деп Алибектин жүзү жадырай түштү.

            Биз бат эле Макмал мектебине бардык. Улан Нуркамал эже менен тааныштырып, иштин жайын шашпай түшүндүрүп бердик. Ал эже менин абалымды угуп, аябай  боору ооруп турду мага.

            — Силердин окуяңарды угуп, менин да тээ бир жаш кездеги арзуум эске түшсө болобу. Мени да ала качып кетишкен. Ойлосом менин жигит сөрөйүм сенчилеп аракет кылбаптыр ай!  Азаматсың, Сүйүн! Батмага татыктуу экенсиң. Батманы аз убакыт болсо да, жакшы билип калбадымбы. Татынакай жан, анан да жароокерлигин айт! Эгерде экөөңөрдүн бирге болушуңарга мен чындап себепчи болуп калсам, анда мен бул дүйнөдө эң бактылуу адам болор элем, — деп муңайып туруп калды. Көздөрүндө төгүлбөгөн жаш бар эле. Бир саамга ойлуу турду да:

            — Менин колуман келчи эле иш экен. Артисттик да жайым бар эле, бүгүн сынап көрөйүнчү өзүмдү, — деп тамашага чала сүйлөп макулдугун берди. Мен болсо, суроолорум латын тамгасында жазылган анкета дей турган баракчаны эженин колуна карматтым…

            Дагы бир күн өттү. Ал күнү зарыгып күтүп отурдук…

            Жан дүйнөм менен акыл эсимдин, жүрөгүм менен мээмдин ортосундагы айыгышкан күрөштүн аяктаар мезгили келип калгандай, эки жолдун тоомунда калган жолоочудай эки жакты элеңдей карап, тагдырдын табышмактатылган мага берчү жообун чыдамсыздык менен күтүп отура бердим…

            Бир маалда Улан да келди. Колума төрт чарчы кагазды карматып, сумсая туруп калды. Ал катта мен латынча жазган суроолорума  Батма жообун жазып, өз колун коюптур. Чын эле өз колу!

            «Batma, men senu kechirem! Senu alyp ketem, kachyp chyk, kutup jatam! Baktyluu bolobuz! –dep Suyun…»

            «Suyun, menu kechir! Tort kun alyshup, akyry esimdi jogotupturmun. Andan ary…»

             Батманын латынча жазылган жообунун мазмуну мындай эле:

            « Сүйүн, мени кечир! Төрт күн алышып, акыры эсимди жоготуптурмун. Андан ары эмне болгонун билбейм. Мен сага татыктуу жар боло албай калдым.  Бактым үчүн күрөшүүгө дараметим да, аракетим да жетпей калды. Качып чыгууга да мүмкүн эмес. Тагдырдын катуу соккусуна туруштук бере алган жокмун. Кеп — келечтердин уусуна малындым, эскичилик салт-санаалардын жөргөмүштүн желесиндей торуна чалындым. Бул дүйнөгө жараткан да ата-энем болду, азапка салып, бактысыз жашоого түрткөн да ата-энем болду. Аларга ошол эле керек болсо макул дедим.  Мейли, мен бактылуу болбосом да, сенин бактылуу болушуңду каалайм! Сага абдан ыраазымын.  Сенин  алдыңда күнөөлүүмүн. Кечирим сурайм. Кош бол, түбөлүккө…»

            Жарты ооз жылуу сөзү жок алакандай кагазды тиктеп, дендароо болуп эле отуруп калдым. Бул менин тагдырымдын катуу соккусу эле… Кудайымдын катаал сыноосу эле…

 

…Улан машинасы менен бизди шаардын чыга беришине чейин узатып келди. Токтоп машинадан түштүк.

            Азга ойго чөмүлүп туруп калдык да:

            -Улан! – дедим улутунуп, — Эми эмне дейин, сага рахмат! Чыныгы дос экенсиң!  Биз үчүн тикеңден — тике туруп бердиң. Оор мүнөттөрдө зор таяныч болдуң. Эми чынын айтсам сени кандай ыраазы кылаарымды билбей турам, Улан! Биз түбөлүктүү чыныгы достордонбуз. Мен чыныгы сүйүүмдү ушул Казармандан таптым эле, эми чыныгы досумду да ушул жерден таптым! Мен сени эч убакта унутпайм, Улан! Тагдыр буюруп, дагы кезигип каларбыз. Көлгө келчи, сыйлап алам! Кокус келип калсаң Караколдон батыш тарапты көздөй 10 чакырымга жетпей чоң жолдун оң жагында, Кытай айылы. Табасың!

            -Сүйүн, эми сага да ак жол каалайм! Болгону кайгырба! Эч убакта мөңкүрөп калба! Кайратсыздык жигиттин иши эмес. Андыктан, башыңды бийик көтөрүп жүр, Сүйүн! Сенин тарткан азабыңды дагы да тартыша берер элем, эмне кылабыз эми, тагдыр буюрбаса…

            -Жакшы кал, Улан!

            -Аман жеткиле эми, Сүйүн! Жакшы бар, Алибек!

Экөөбүз бекем кучакташып коштошук да, жөнөп калдык.

Түш ооп калган эле. Акмойнуктун белине чыга берип, аялдадык. Алдыбызда катаал жол, бийик ашуу. Казарман артта калды.

 Мотордун майын текшердик. Радиятрга суу куюш керек эле.  Алибек суу алып келгени төмөнүрөөк булакты көздөй кетти.

Мен тээ алыста калган Казарманга көз чаптырып туруп калдым. Ошол дөңсөөдөн алаканга салгандай көрүнүп турду Казарман. Тээ ары мунарыктаган талаалар, бозоргон супсак адырлар кеңирсип созулуп жатат. Суктанып көзүм албай карап турдум…

            Деги көз ачып жумганча эмне болуп кеткенин дааналап түшүнө албай, ой термеп тура бердим…

            Бир гана суроонун жообу жоктой…

            Батманы неге тагдыр мага буюрбады?.. Неге?.. Эмне экөөбүз бирге болсок, тоо кулап кетет беле… Же жер огунан чыгып кетет беле?… Эмнеге баары бизге мынча өчөштү?…

             Өмүрүмдө далай азаптарга чыдагам, ыйлаган эмес элем.  Бирок, ушул мүнөттөрдө кармана алган жокмун. Буркурап ыйлап жибердим…

            Эми бул дүйнөдө Батмасыз калганыма ичим күйдү. Үмүт-кыялдын баары  кум менен курулган сепилдей ыдырап жок болду… Ошон үчүн ыйлап аттым… Бүгүн мен ыйлаганга акым бардай… Эми кимге таарынайын…

            . «Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым,

            Сен айрылсаң, мен да сенден айрылдым», — деген ыр кайрыктары мукам обон болуп дилиме коюлуп турду.

            Оо, кудайым ай! Экөөбүздү жолуктурдуң, сүйүштүрдүң, а неге бизди ажыратып салдың? Кайсы күнөөбүз үчүн!

            Жалгыздыкта томсоруп, Батмасыз кетип баратканыбызга шагым сынып, муңкана солуктап, ыйлай аттым…

            Жүзүмдү жууган көз жашым көптөн бери чогулуп жүргөнүн эми туюп сезип, ыйлап аттым…

            Ошентип, жанымда эч ким жокто жалгыз олтуруп ыйлап алдым. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дечи беле…

            — Кеттикпи, Сүйүн! Булактын суусу шумдук муздак экен го! Жуунуп сергип алдым окшойт, — деп жаныма келип калган Алибек кызарып калган көздөрүмдү байкай салды.

            -Ооба, кетели…

٭٭٭

            …Эки күндө айылыбызга келдик. Келин алып келебиз деп үйдөн чыгып атканыбызда эле, тууган-урук, достор, жакшы саанаалаштарыбыз ызы-чуу түшүшүп, чогулуп, тойго камылга көрө башташкан эле. Ошондон бери бүгүн туптуура он күн болуптур. Санаалары санга, ойлору онго бөлүнүп күтүп атышса керек баары. Жок дегенде аман-эсен экенибизди билишсин  деп үйгө келип токтоп, машинадан түшүп аттык.  Көчөдө ойноп жүргөн эжемдин кызы бизди көрө салып, чымылдаган тейден үйгө чуркап кирип баратты.

-Ураа-аа! Абам кыз апкелди! Той болот… той болот!…

Жабалактап баары чыгышты. Биздин кебетебизди көрө салышып, баарынын жүздөрүндөгү кубаныч суу сепкендей өчтү. Бир заматта кабактары түйүлүп, мелтейишип, жарданып карап калышты. Карасам ары жакта эжемдин жүзү жашка жуулуп, солуктап ыйлап турат. Ал гана эмес баарынын эле көздөрүнүн кычыктары жашка толуп, өздөрүн араң карманып, бизге боорлору ооруп карап турушту…

Бул жолу баары менин алдымда жер караганга аргасыз болушту…

           

Шаарга кетип калдым. Көңүлсүз шаардын көчөлөрүндө максатсыз басып жүрдүм. Кайсы бир көчөнүн кесилишинен машинанын катуу сигналынан чочуп кетип, аялдап калдым. Алдыман  каршы-терши  кызыл-сары ленталар тартылып, шар байланган машиналар сигналдарын тынымсыз пипилдетишип, убап-чубап өтүп атты… Кыязы жаш жубайлар ушул машинада окшойт. Алардын айыпсыз жылмайган бактылуу жүздөрүн карап алганга үлгүрдүм. Кандай бактылуу алар!.. Көчөлөргө шаң чыгарып, убап — чубап ансайын алыстай беришти… «Эмне үчүн биз…»- деп жетимсиреп кала бердим…

            Бул күнү шаар четине томсоргон алма бакка бардым. Баягы биз жүргөн жерлерди кыдырып, жай басып жүрдүм. Баягы биз сүйлөшкөн чоң бактын жанына келдим. Өткөн күндөрдү эстедим. Ошол жазды, ошол көктөмдү, ошол жамгырды,  ошол күндөрүмдү аябай сагынып, жоктоп турдум. Батмамды аябай сагынып турдум. Жан дүйнөм эңшерилип, дагы бир жолу муунум бошоп, буулугуп ыйладым…

            Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?…

٭٭٭

            …Кеч күз… Көчөдө басам жалгыздап… Жолдун эки жагында кыдырата тизилген байтеректин бариктери бутагынан алсыз ажырап, каалгый жерге түшөт. Акырын шамал болсо, атактуу адамды тоскон элдердей болуп, жалбырактарын шуудуратышып алакан чапкылашып, узатышат мени байтеректер…

            Жан дүйнөмдө боштондук, аркыраган шамал…

            Айланада көңүл көтөрчү эч нерсе жок. Бир тутам гүл жок. Алакандай жашыл жок. Саргыч – бозомтук  тарткан теребел ансайын томсоруп, баары муңдуу, баары мерез…

            Тек гана бороон тилеп каркылдаган каргалар бака- шака түшүп кулактын кужурун алат. Өзүмдү күндөн — күнгө жоготуп келем. Келечек туман.  Дүйнөм караңгы… Түбү терең туңгуюкка биротоло сиңип барам. Мунун арты жаманчылык менен бүтөрүн сезип, чочулайм. Акылым айла таппай чабалактайт…

            Тээ асман бийиктикте кыйгуул тарткан турналар сапарынан кечиккенсип, түштүк тарапка ашыгышат. Жебедей тизилишип, коңгуроодой үн сала жада калса жашоомдун акыркы кубанычын, үмүтүн да мага ыраа көрбөй, өздөрү менен ала кетип баратышкансыйт…

            Үшкүргөнчө, алыстап барат ошол турналар…

«Баары бүткөн окшойт…» деп күбүрөнөм.

            Шамал ансайын күчөп, дарактарды кимгедир жүгүндүртүп, желп эте жердеги толгон-токой саргыч-күрөң жалбырактарды ой боюна койбой сапырат. Кайдандыр бир кара булуттар каптап келип, асман түнөрдү…

            Ошол уюлгуган каралжын булуттар таарынчаак бөбөк сымал араң турат жашын төгүп ийбей…

Кайда менин Батмам… Кайда калды мен сагынган көктөм…       

Ноябрь. 2002-жыл.

 

            Султаналиев Сүйүн Алымкулович – 1978-жылы Жети–Өгүз районунда Кытай айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктаган соң, Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетине тапшырып, аны 2002-жылы бүткөн.  2003 ж.- 2005-жылдары Жаштар кыймылынын жетекчиси, ЖКнын депутаты Болот Байкожоевдин жардамчысы болуп иштеген. Учурда  ишкерлик менен алектенет. «Нурдан», «Дан – Короо» дан үрөн соода  борборлорун жетектейт. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий