Майрамда окуучуларынан арзан белек алганына ыйлаган мугалим иштен айдалды

Россия жергесинин Краснодар аймагындагы мектептердин биринде эмгектенген 36 жаштагы окутуучу, «Мугалимдер күнү» майрамына карата окуучулары тарабынан даярдалган белекке нааразы болуп, ыйлаган. Бул тууралуу 6-октябрь күнү  жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Маалыматта камтылгандай, башталгыч класстын окуучулары мугалимине гүлдесте жана ичинде акчасы бар конверт белекке беришкен. Акчаны санаган окутуучу, анын аз суммада экенин айтып, нааразы болгон. Бул окуя массалык маалымат каражаттарына тараган соң, мугалим эртеси жумушка келбей койгон. Бирок, бул иш тыкыр иликтөгө алынып, териштирүү иштери жүрүп, окутуучу жумушунан айдалган. 

Добавить комментарий