Киберкылмышкерлер Инстаграм аркылуу кыздарды кемсинтүүдө

Инстаграмдагы «Тажикстан сойкулары» деп аталган баракчага жайгаштырылган ондон ашык кыз өлкөнүн Ички иштер министрлигине даттанышты.
Кыздардын айтымдарында, белгисиз адамдар алардын Фейсбук, Инстаграм жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү сүрөттөрүн көчүрүп алып, аталган баракчага жайгаштырып, андан соң төмөн жагына кемсинткен билдирүүлөрдү жазышкан. «Алар бизди телефон аркылуу опузалап, сүрөттөрдү өчүрүү үчүн акча сурап жатышат», — деп билдиришти кыздар.

Буга чейин бир нече кыз ушуга окшогон баракча боюнча Инстаграмдын администрациясына кайрылып, аны өчүртүүгө жетишкен. Бирок көп өтпөй башкача аталыш менен ошол эле мазмундагы жаңы баракча пайда болгон.

Киберкылмышкерлердин курмандыгы болгон Душанбенин Фарангис аттуу 22 жаштагы тургуну билдиргендей, буга чейин «Тажикстан сойкулары» деп аталган баракчага сүрөт жайгаштыруу менен алектенген 16 жаштагы жергиликтүү кыз кармалган. Ал сурак маалында сулуу кыздардын сүрөттөрүн алардын абройун түшүрүп, кемсинтүү үчүн жайгаштырып жүргөнүн мойнуна алган.

Өлкө ИИМинин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали мекемеге мындай маселе менен кыздар буга чейин дагы кайрылганын айтты. «Биз бул социалдык түйүндөгү баракчаларга сүрөттөрү чыгып калган кыздардан кеминде он чакты даттануу алдык. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал баракчалардын модераторлору чет өлкөлөрдө катталып, ошол жакта жашап жүргөндүктөрү аныкталды», — деп билдирди ал.

Добавить комментарий