Атамбаев: Темир Жумакадыров президент боло турган жигиттердин бири эле

Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнатында сөз сүйлөп, аны келечекте президенттике татыктуу жигиттердин бири болгонун билдирди.

“Кыргыз эли бүгүн жылдыздай уулу менен коштошуп жатат. «Темир, президент боло турган жигит сенсиң» деп айткам. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. Коррупция менен күрөшүүдө, армияны, күч түзүмдөрүн, коопсуздукту камсыз кылууда мага чоң жардам берген. Темир таза коом, Кыргызстанда таза шайлоо болсун деп өмүрүн берди”, — деди президент Алмазбек Атамбаев.

Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты бүгүн Бишкекте өттү.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдыбар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо түйүндөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.

Жумакадыровдун артында үч кызы, Жамгырчиев менен Мукановдун артында бирден жаш балдары калды.

Добавить комментарий