Алыкул Осмоновдун бир тууган жээни Жумагүл Тыналиева кылым карытты

Чүй облусундагы Чүй районунун 103 жаштагы тургуну Жумагүл Тыналиева Улуу Ата Мекендик согуш маалында Шамшы совхозунда ат, өгүздөрдүн жардамында чөп, буудай, арпа чаап эмгектенген. Ал залкар акын Алыкул Осмоновдун бир тууган жээни экенин айтты.

Кылым карыткан Жумагүл апа менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышкан.

«Алыкул Осмоновдун эжесинин кызы болом. Эсимде, жаш кезимде аны (А.Осмонов) көргөндө ачылбаган, бир мүнөз, түнт экенин байкачумун.

Биз жайлоодо турган кезде бизге келип, өзүнчө табиятты суктанып карап, колотко жатып алып ыр жазчу. Жанында дайым калем, дептер көтөрүп жүрчү эле. Өзү эрте жетим калган. Бишкектин интернатында, кийин Токмоктогу интернатта, кийин кайра Бишкекте окуп, жашап калды. 1941-жылга чейин үйгө келип-кетип жүрдү. Андан кийин ооруп, Москвага кетти деп уктук. Ал ортодо согуш чыгып, бири-бирибиз менен катыша албай калдык. Кийин менин туугандарым учурашалы деп барышса Ысык-Көлгө кетиптир. Катуу ооруп жатат деп уктук эле, ошондон кийин эле каза болду», — деди Ж.Тентиева.

Жумагүл апанын алты бир тууганы теӊ каза болгон.

«Согуш учурунда тылда комбайнер (лабарейка) болуп иштедим. 1938-жылдан 1982-жылга чейин Кегети совхозунда саанчы болуп иштегем. Турмуш шартка байланыштуу билим албай калдым. Бирок боз үйдүн сыртына саман төшөп, мугалимдер колубузга китеп карматып, сабатыбызды жоюу үчүн бир аз окутушкан.

Айылда эркек аттуунун көбү аскерге кетип, кара жумуш мага окшогон өспүрүмдөргө, аялдарга, карыяларга калган эле. Чөп чаап, суу сугарып, көрбөгөн кордукту көрдүк. Азыр мен курактуулардан жалгыз калдым. Менден кичүү 6 бир тууганым бар эле, алтоо теӊ каза болду. Адам көп эмгек кылса тыӊыраак болуп, ден соолук да жакшы болот», — деп кошумчалады.

Жумагүл Тыналиева документи боюнча 1915-жылы 15-июнда Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн.

«2 жолу райондук жана айылдык кеңештин депутаты болдум. 44 жыл саанчы болуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккам.

Кыргыз ССРинин Жогорку советинин ардак баракчасы менен бир нече жолу сыйлангам», — деди кылым карыткан Жумагүл апа.

Ал учурда 6 бала, 25 небере, 21 чөбөрө жана 2 кыбыранын чоӊ энеси.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий