Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыгууда

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыкчылыгы бар. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов баштаган делегациянын Ташкенттеги жумушчу сапарында айтылды. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин болгон сапардын алкагында 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда жетишилген өкмөт аралык макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды. Мындан сырткары, ишкерлик байланыштарды түзүү, соода, транспорт, өнөр-жай тармагында кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болду.

Жолугушууда айыл чарба жабдууларын, жеңил автоунаалар менен автобустарды кураштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагына машина-техника станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жанданган. 2017-жылы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде эки мамлекетке тең бир катар иш сапарлар болуп, макулдашуулар түзүлгөн.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий