Акылдуу аял алгысы келген эркектерге 10 кеңеш

Акылдуу айым — эркекти келбетине эмес, акылына карап тандайт. Улуту маанилүү эмес, эң негизгиси чечкиндүү, чынчыл, адептүү болушу керек! Мындай айымды оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, маданиятсыз мырзалар кызыктырбайт.

Акылдуу жубай издеп жатсаңыз же таап, кантип жагуунун амалын билбей турсаңыз бул кеңештерге кулак салыңыз. 

1. Акылдуу айым өз көйгөйүн өзү чечет, оор басырыктуу болот. Көйгөйлөрүңүздү кайра- кайра айтып тажатып албаңыз. 

2. Акылдуу айымга бирөөнүн жашоосу кызык эмес, ушактан алыс. Эч кимдин артынан сүйлөбөңүз.  

3. Калп айтпаңыз, кыңыр иш кырк жылда билинет. Ачык болуңуз, бирок аша чаап кетпеңиз. 

4. Акылдуу айым позитивдүү жашаганга аракеттенет. Негативдүү ой жүгүртүп, бир нерселерди айтып сарсанаа боло берсеңиз сизден дароо качат. 

5. Акыл үйрөтүп, башкарбаңыз. Акылдуу айым күчтүү эркек издейт, сиз аныкы экенин билгенде өзү баш ийип берет жана сизди колдоп мактап турат, өзүнөн өйдө көрөт.

6. Ата- энеңизди жана бир туугандарыңызды сыйлаңыз. Акылдуу айым «жакындарына кандай мамиле кылса мага да ошондой мамиле жасайт»,- деп ойлойт. 

7. Акылдуу айымдар «бакыт тынчтыкты сүйөт» деген түшүнүк менен жашайт. Ортодо пайда болгон түшүнбөстүктөргө эч кимди аралаштырбаңыз, бирөөнө айтып даттанбаңыз. 

8. Акылдуу айымдар — чогуу түшкөн сүрөттөрдү социалдык баракчаларга жарыялабайт, жаман сөздөн, көздөн коргойт. Өзү да маанисиз жеке сүрөттөрүн жүктөбөйт. 

9. Мактанбаңыз, баары бир кыйын экениңизди билет.

10. Акылдуу айым эмгекчил эркектерди баалайт. Жөндөмдүү болуңуз, жумуш ылгабаңыз. Жумуш тапкыча бош жүрө бербей, эшик шыпырып болсо да иштеңиз.  

https://bilesinbi.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий