Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үй курулат

Жалал-Абад шаарынын Спутник аймагынан көп кабаттуу үй курууга жер бөлүп берүүгө шаардык кеңештин депутаттары 4-декабрда өткөн сессияда макулдук беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибинде 11 маселе каралды. Анын ичинде Мамлекеттик ипотека компаниясынын көп кабаттуу үй куруу үчүн жер бөлүү тууралуу сунушу бар. Анда шаар мэри Мураталы Тагаев элди турак жай менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат каралып жатканын түшүндүрдү.

«Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер да үйлүү болуп калышат», — деди ал.

Шаардык кеңештин депутаттары дароо эле макул болушкан жок. Талаш-тартыштар орун алды. Түрдүү пикирлерден соң 18 депутат жер бөлүп берүү маселесин колдоого алды.

Маалым болгондой, үй 60 батирлүү, 5 кабаттуу болуп курулат. Ал 15 жылдык мөөнөткө 7 пайыз менен берилет.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий