Чүйдө жүк ташуучу унаа 6 жаштагы кызды сүзүп кетип, кыз ошол жерден каза тапты

Чүйдө жүк ташыган унаа 6 жаштагы кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 5-декабрда саат 12:00 чамасында Ленин айылында болгон.

«Жүк ташыган унаанын айдоочусу Казакстандын жараны болгон. Ал мектептин жанындагы жолдо турган окуучу кызды сүзүп, кыз окуя болгон жерден каза болгон. Териштирүүнүн натыйжасында каза болгон кыз 1-класстын окуучусу экени аныкталды. Учурда айдоочу камакка алынып, анын унаасы айып короосуна токтотулган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деди басма сөз кызматкери.

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий