Кытай кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады

Кытайдын Кыргызстандагы консулдук бөлүмү кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жекече туристтик визаны берүү 2017-жылдын башында токтотулган. Уруксат кагазын беш адамдан турган топ гана ала алчу.

«Учурда элчилик «L» категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу жазылса болот. Ошондой эле интернет ресурска керектүү документтердин тизмеси жарыяланды.

 

https://sputnik.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий