170 миң доллар пара: Бишкекте министрдин орун басары кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кечээ, 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашты. Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон.

Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник А.Ж. анын ичинен алгач 120 миң долларды буга чейин чет элдик компаниянын өкүлүнөн тууганы болуп эсептелген ортомчу аркылуу алган. Ал эми калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.

Tazabek басылмасынын маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп Азимкан Жусубалиев эмгектенип жаткан.
Ал 2016-жылдын 28-апрелинде премьер-министрдин буйругу менен Өкмөт аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2017-жылдын февраль айынан тарта транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп эмгектенип баштаган.

Учурда шектүү УКМКнын абагына убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий