Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу менен жараштыбы?

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат менен элдешкенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал  үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ага:  «Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 жыл мурда ушакчылардын, акыл үйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз ураган! Бирок биз ал күндөрдү Кудайдын сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы ал эки баламдын атасы! Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир! Урматтуу айымдар, эч кабатыр болбоңуздар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун! Күч бирдикте!» — деген пикирин калтырды. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий