Ата-энесинен эрте ажырап, 5 жашында базарда коробка чогултуп иштеген Бакыт учурда Америкада психолог

26 жаштагы Бакыт Бактияров учурда Американын Нью-Йорк шаарында психолог болуп эмгектенип жатат. Ал ата-энесинен эрте ажырап, балалыгы жокчулук, азап менен өткөн. Мекендешибиз Бакыт көпчүлүккө үлгү болуучу жашоосу, басып өткөн жолу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Бакыттын айтымында, ата-энеси 3 жашында көз жумуп, 5 жашынан тартып базарда коробка чогултуп иштеген. Ал ата-энесинин жалгыз баласы болчу. Ал эми ачка калганда кошуналарынан тамак сурап жеген күндөрү болгон.

«Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөм. Ата-энемден 3 жашымда айрылдым. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй конокко бара жатканда автокырсыктан каза болушту. Ал эми ата-энемдин бир туугандары “бага албайбыз” деп, менден баш тартып коюшкан. Ошондо апамдын бир тууган сиңдиси багып алган экен. Бирок эч ким ата-энемдин ордун баскан жок.

Бала кезимде бир күн ток болсом, бир күн ачка калчумун. Ачка калган күндөрү кошуналардан нан сурап жечү элем. Таежемдин балдарынан таяк жеп жүрүп чоңойдум. 5 жашымдан баштап кыштын чилдесинде да базарда коробка чогултуп сатчумун.

Таежемди жаман дебейм. Мени чоңойтуп, үйүнөн орун бергени үчүн ага ыраазымын. 2016-жылы таежеме Бишкектин борборунан үй сатып бердим. Учурунда менден баш тарткан туугандарым “катташалы, биз тууганың болобуз” деп чыгышты. Бирок азыр мен алардан баш тартып койдум, эмнегедир кечире албайм», — деди Бакыт.

Бакыт 9 жашында Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги ошол кездеги депутат менен кокустан жолугуп, анын чоң жардамын алган.

«Кайрымдуу, жакшы инсандар арабызда көп экен. 9 жашымда белгилүү депутат мага чоң жардам берген. Анын атын атабай эле коёюн. Ал менин базарда жүргөнүм, жетим экенимден кабардар экен. Бир күнү “менден сага жардам болсун” деп, Казакстандагы мамлекеттик гимназияга окууга жиберген. Ал жакта анын тааныштары көп экен. Ошол тааныштарына мени дайындап, жакшы окугандыктан үлгүлүү окуучулардын катарында болдум. Гимназияны кызыл аттестат менен бүтүрүп, мамлекеттик тестирлөөдөн жогорку балл топтодум. Ошол учурда бир жакшы инсан өзүнүн балдарына мени да кошуп, Нью-Йорк шаарына билим алуу үчүн алып келди. Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү десем болот.

Нью-Йорк өтө кооз шаар. Бийик имараттарды көргөндө жомокко түшүп калгандай болдум. Бир ай Нью-Йоркто жашап жүрүп, жогорку окуу жайга өтүп кетсем экен деп тиленип жаттым. Англис тилин жакшы билгендиктен тилден кыйналган жокмун. Биз менен кошо келген директорубуз деканга менин үй-бүлөлүк абалымды, шартымды түшүндүрүптүр. Декан дароо эле макулдугун берип, өзүм менен жеке сүйлөштү. Мени жылуу тосуп алган. Бирок ал окуу жайдын сынагынан өтпөй калдым. Акыры ошол декандын жардамы менен кабыл алышты.

Декан боорукер экенимди айтып, психолог адистигин тандоону сунуштады. Жашоом кыйынчылык менен өткөнүнө байланыштуу кыйналган адамдарды жакшы түшүнсөм керек деп, макул болдум.

Ал эми студенттердин жатаканасына 2-3 айда көнүп калдым. 1-курсту бүткөндөн кийин декандын дачасын карап, 3 ай иштедим. Анын оюндагыдай иштегениме ыраазы болуп, 3 айга 4 миң 800 доллар төлөп берди. Ага телефон, кийим сатып алып, жаңы окуу жылына даярдангам. Ошондой эле стипедияга жетишип, 2-курсумдан баштап бош убагымда иштейин деп чечкем. Күндүз сабактарымды даярдап, 4-5 саат уктап алып, түнкүсүн көчө шыпырып иштеп баштадым. Айлыгым 1 миң 800 доллар болчу. Андан башка жакшы жумуштарда да иштеп жүрдүм.

Ал эми 2016-жылы психотерепия академиясын аяктап, ошол эле жылы жеке ооруканада психолог болуп иштеп баштадым. 1 жыл 2 ай аралыгында 523 адам менен иштешиптирмин. Депрессияга түшкөн ар кандай адамдарды көрсөм, алардын 80 пайызы аялдар болчу. Андай адамдар кадимкидей энергияңды жутуп алышат. Себеби мен аларга депрессиядан чыгуунун жолдорун үйрөтүп отуруп, өзүм чарчап калам.

Ал эми азыркы учурда жеке фирмада, кошумча такси кызматында иштейм. Бул жумушумдан айына өзүмө жетиштүү каражат табам», — деди Бакыт Бактияров.

Ал сөзүнүн аягында кыргыз элине кайрылуу жасап, аялзатын сыйлап, энелердин кадырлап жүрүүгө чакырды.

«Урматтуу кыргыз жигиттери, аялзатына аяр мамиле жасап, энелерди көзүнүн тирүүсүндө сыйлап жүрөлү. Кыргыз кыздарын кор кылбай, коргоп алалы. Кыргыз жигиттери намыскөй болобуз. Ата-энелерибизди кадырлап, алардын жүзүн жер каратпагандай бололу», — деп кошумчалады.

Бакыт жеке жашоосун толук ачыкка чыгарууну каалабагандыктан сүрөттөрүн жарыялаган жок.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий