Конокко келсем, баягы ууру маңдайымда турат… (болгон окуя)

Убакыт күзгө таяп, бактын жалбырактары саргайып, жашоодогу сапарыбыз карыды дегенсип жерге акырын түшүп, айлана чөрөгө тоскоолун тийгизип бутка илээшет.

Алыскы айылдан шаарга келген Бектен карыя жаңы автобекеттен 114 — маршуруткага олтуруп, курдашы Саткындын үйүн көздөй жөнөдү.

Ооба, канча жыл болду шаарга келбегенине. Кеминде эле он беш, жыйырма жыл болсо керек. «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?» дегендей, зарыл иши деле жок, шаарга келе тургандай. Бул жолу деле келмек эмес, Саткын досу чакырткандан улам, кемпирин таштап өзү жалгыз келген. Анткен менен алыс жолдон кыйналып, кызынын үйүнө барып мурунку күнү конуп, такси менен алып барам десе, курган карыя болбой, атайын маршуруткага олтурду.

Айткандай тээ бала кезинен көзү курч жана бир көргөн адамдыбы же малдыбы дароо карегине сактап калган өзгөчө адаты бар. Кыскасы көргөн нерсени дароо таанып, көзү курч.

Маршуруткада адаттагыдай эле эл көп. Эмнегедир эле муршурутканын ооз жагында турган орто бойлуу, жашы жыйырманын ары жак, бери жагындагы кара тору бала дароо көзүнө дароо илинди. Ал бала эч нерсени байкабай турган орто жаштагы аялдын сумкасына колун салып, капчыгын алганы жатканын көзү чалды да, тиги аялга айтты:

— Ай, келиним, сенин сумкаңдан акчаңды алиги бала алганы жатат, деги байкачы — деди. Ушул сөз айтылары менен тиги бала маршуруткадан түшүп калды. Келин сумкасын аңтарып, акчасы бар экенине көзү жеткенде карыяга ыраазычылык билдирди:

— Ыракмат, ата — деп, эми сумкасына сак болуп, бекем кучактап кармап алды. Ооба, сумкада жердин салыгын төгө турган акча бар болучу.

Карыянын көз алдына эмнегедир эле алиги чөнтөк оодарган баланын элеси кадимкидей сакталып калды. Ушул жашка келгени биринчи жолу көрдү бирөөнүн чөнтөгүн оодарган кишини. Мындай окуяга биринчи жолу күбө болуп, таң калгандан жакасын карманды. Кулагы чалган бирок, чөнтөкчүнү биринчи жолу көрдү. Качан маршуруткадан түшкөндө кызы:

— Ата, андайларды андай жерде жарыя кылып айтпаңыз, чөнтөкчүлөр кайра келип кол салгандан кайра тартышпайт. Шаардын тургундары деле сиз көргөндү көрүшөт, бирок айтышпайт. Анткени алар бирде-болбосо, бирде кол салып кетишет, алар жалгыз болушпайт, экиден-үчтөн топтошуп жүрүшөт. Бул сөздү укканда Бектендин оозу ачылып эле калды.

Мына бул элеттик жүрөгү таза адамдын жаман нерсе ойлобогондогу абалы. Кызынын жанында катар басып келе жатып, ар нерсени ойлоду. Оюнда «ушул кантип болсун, кантип бирөөнүн чөнтөгүнө кол салганга дит барат?» деген ой мээсине кыттай уюп, санаа басты. Ал турсун алиги чөнтөк оодарган бала «кандай ата менен эненин баласы болду экен?» — деп да ойлогонго үлгүндү. Ойдон күлүк эмне бар. Аңгыча курдашынын үйүнө да келип калды. Эки курдаш кучак жайып, көкүрөк тийиштирип учурашкан соң, ичкери кирип тасмал четинен орун алып олтурушту.

Сөз арасында Саткын:

— Бектен, баягы сен бир ажалдан алып калган уулума колукту алып бергени жатам. «Ошонун тоюна катышсын» деп атайын чакырттым. Канча болду шаарга дагы келе элексиң — деди сөз улап.

Аңгыча бир чынындан чай алдыга келди. Саткын дагы сөздү алды:

— Эгер сен ошондо уулумду сактап калбаган болсоң, азыр минтип чайлашып олтурбайт элек. Бектен күлө карап:

— Ошондо уулуң беш жашта беле?

— Ооба, карачы канча убакыт сызып өттү, билинбей. Мен сага өмүрүм өткөнгө чейин ыраазымын. Дагы жакшы, ошондо уулум менен бирге сен дагы кырсыкка кабылсаң эмне болмок эле. Эр жүрөк экенсиң. Бул сөздү укканда Бектен болуп өткөн окуяны эстеди.

Катуу бара жаткан машинанын дөңгөлөгү жарылып, машина жыгылганда ичиндегилердин баары сыртка чыгып, Саткындын беш жашар уулу машинанын ичинде калган. Бектен ушунчалык ыкчам кыймылы менен машинанын терезесин сындырып жиберип, баланы сууруп чыгып, бери беш кадамдай басканда, машина жарылып, күйүп кеткен. Эгер эки гана секунд убакыт кечиккенде бала эмне болмок, аны айтып болбойт.

Сөз- сөзгө уланып, эки сааттай убакыт өткөндө сырттан Саткындын уулу кирип келип салам берди. Бектен баланы ушундай бир башкача көз караш менен карады. Анткени алиги көз карегине сакталып калган чөнтөкчү бала алдында турган эле. Бала дагы карыяны таанып, көзүн тартып алды. Саткын эч нерсени байкаган жок. Ал кайра минтип айтты:

— Ушул уулум, кемпир экөөбүздү багып жатат. Сен жөнүндө көп жолу айткам «Бектен аяш атаң болбосо, сен азыр арабызда болбойт элең» деп. Карыя аста гана:

— Ошондо бекер кылган экенмин — деди. Анткени өзү ажалдан алып калган бала минтип атасы менен апасын бирөөлөрдүн көз жашын агызып, уурдап тапкан акча менен багып жатканына ичинен эзилип олтурду. Ал эми чөнтөкчү бала уялганынан дароо сыртка чыга качты.

Мына бул ыпыластык бирде болбосо бирде билинип калгандан белги бергени. Бектен карыя олтурган ордунан күтүүсүз туруп эле:

— Мен кеттим, мындай жерде олтура албайм деп, сөзүн туюк бүтүрүп, кетүүгө камынганда Саткын менен кемпири эмне болуп кеткенине таң калып, элейип эле туруп калышты да:

— Ой, деги сага эмне болду? — дешти бир ооздон.

— Аны силерди багып жаткан уулуңардан сурап билип алгыла да, мени кармабагыла деп, каарын төгө үйдөн чыгып кетти. Сыртка чыкканда кызы Саткындын кемпирине акырын гана болуп өткөн окуяны айтты эле, курган Сания уккан кулагына ишене бербей туруп калды.

Ал эми Куланбек эмне болуп кеткенине таң калып, эки күн үйгө келе албай көчөдө калды. Толгондон өзүн аман алып калган карыянын алдында күнөөсү ачылып калганына өкүнүп, эмне айла амал кылууну билбей турду. Болуп өткөн окуя көз алдына тартылды.

Карыя сумкага кол салып жатканын көрүп, ушундай бир башкача көз караш менен караганын эстегиси келбей, баягы кичине кезимде «мени машинадан аман алып калбай эле койсо эмне?» деп да ойлоду. Эми атасы менен апасынын, алиги карыянын жүзүн кантип карайт, маселе мына ушунда болду.

Саткын кемпиринен болуп өткөн окуяны укканда денесин таштап, шалдырап эле олтуруп калды. Уулунун жоругуна ичи ачышты, көрсө ал ыплас акча менен бизди багып жаткан турбайбы деп, бул жерден курдашын күнөөлөмөк турсун, кайра анын алдында шагы сынып, көзү караңгылашып кетти.

Бул жаман уулдун ата менен энени жер караткандагы бир гана окуя.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий