Тибеттиктер балдарын кантип тарбиялашат?

Баланы уруп жана кемсинткен болбойт. Тибеттиктердин философиясына ылайык, балаңызга кол көтөрүүңөрдүн бир гана себеби бар – алар сизге кайра жооп кайтара албайт.

Күчкө салып тарбиялоо баланын дүйнөнү таанууга болгон кызыгуусун жоготот. Бала суу жүрөк, жалтак, өз оюн эркин билдире албаган адам болуп чоңоет. Же болбосо, бардык көйгөйлөрдү күч менен чечүүгө аракет кылат.  

Сиз балага бере турган жана үйрөтө турган негизги сапат бул – мээрим. Балаңызга канчалык көп мээримиңерди төксөңөр, ал өзүн ошончолук бактылуу сезип, ишенимдүү жүрөт. Өзөгү күчтүү инсан болот.  

Биринчи этап

Бала 5 жашка чыкканча “ханга” мамиле кылгандай мамиле жасоо керек. Бир нерсени тыйып эмес, көңүлүн башкага буруп алаксытуу зарыл. Бир нерседен чочугандай түр көрсөтүп: “Бул эмне?”, “Ким келди?”, “Жүр, карап келебиз!” десеңер болот. Бала эмоциялардын тилин абдан жакшы түшүнөт.

Бул мезгил анын активдүүлүгү жана жашоого болгон кызыгуусу күч алып турган чак. Бардык нерсени изилдеп, жасап көргүсү келет.  

Эгер 5 жашка чейинки баланы басынтып, урсаңар, анын тапандыгын, интеллектисин жок кылып саласыңар. Өз эркин билдире албаган, өтүмү жок, кара күчү бар адамдарга баш ийген адам болуп калат.

Экинчи этап

5тен 10 жашка чейин бала сиздин “малайыңыз” болсун. Балага тапшырма берип аны кынтыксыз аткаруусун талап кылыңыз.

Бул учурда баланын интеллектиси тез өнүгүп жаткан болот. Ошондуктан билим алуусуна басым кылгыла.

Эгер бештен кийин деле баланы, эркелетүүнү уланта берсеңер, келечекте мындай бала өзүнө жоопкерчилик алып бир ишти бүтүрө албайт. Даяр оокатка көнүп калгандыктан, максатына жетүү үчүн аракет жасоо керек экенин түшүнбөйт.  

Үчүнчү этап

10дон 15 жашка чейинки балага “досуңа” жасаган мамилени көрсөтүңүз. Досуңдай эмес, “досуңа” жасагандай. Бардык олуттуу маселелер боюнча аны менен кеңешип, өз алдынча чечим чыгаруусуна шарт түзүп, колдоп туруңуз.

10 жаштан өтүп калган балага кичинесиндегидей мамиле кылып, бардык кыйынчылыктардан коргоп, камын көрсөңөр, бала өз алдынчалыкка үйрөнө албайт. Аны курчап турган адамдардан өмүр бою көз каранды болот.

Ал эми 15 жаштан кийин балага тарбия берүү мүмкүн эмес. Ага сый мамиле гана жасоо керек, болбосо, ал сизден кетип калууга шашылат.

 

bilesinbi.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий